Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Каракулжалыктар революциялык комитет түздү


Кара-Кулжа райондук акимчилигинин алдында Алайкуу өрөөнүнүн жүзгө чукул тургуну чогулуп, блокадада калган 20 миңдей жердешинен кабар албагандагы үчүн жергиликтүү бийликти айыпташып, тарифтердин көтөрүлүшүнө, мамлекеттик манилүү ишканалардын сатылышына каршы экендиктерин билдиришти.

Алар мындан тышкары мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун акталышын, оппозиция лидерлерине карата куугунтукту токтотууну талап кылышып, 5 жыл мурда берген убадасын аткарган жок деген негиз менен президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү максатында революциялык комитет түзүлдү.

Кара-Кулжа районунун акимчилиги
Мындан беш жыл мурда, 2005-жылдын 1-мартында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов жетектеген нааразычылык акциясынын катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын массалык түрдө бурмалаган бийликтин кетүүсүн талап кылып жапырт көтөрүлгөн эле. Анын акыры 24-мартта ыңкылапчылардын жеңиши менен аяктаган.

Беш жылдан кийин ошол эле ыңкылапчылардын жүзгө чукулу Кара-Кулжа райондук акимчилигинин алдында чогулуп, жергиликтүү бийлик башчылардан алар менен жолугушууну талап кылышты.

- Аким Осмонов элге чыксын!

- Губернатор алдыбызга келсин!

- Алайкуу жолу токтоосуз ачылсын!

- Курчоодо калган өрөөнгө учак жөнөтүлсүн!

Кара-Кулжа районуна караштуу жыйырма миңдей киши жашаган Алайкуу өрөөнү бир жарым айдан бери блокадага кабылды. Мындан тышкары он күн мурда электр жарыгы өчүп, телефон түйүндөрү кыйрап, алар байланышсыз калды. Алайкуу өрөнүнүн тургуну Пашагүл Бердибекова буларды айтты:

- 17-январда кар калың жааган. Ошондон бери жол тосулган. Мындай кыйынчылыкты элибиз эзели көргөн эмес. Мына, КТР, ЭлТР жараталыш кырсыгынан Алайдын жана Кара-Суунун калкы катуу жабыр тартты деп тынбай чагылдырып атат. Тилекке каршы, Алайкуунун акыбалы андан чатак. Учурда күркөлөрдө азык-түлүк түгөнгөн. Угушубузга караганда, өрөөндө ачарчылык башталыптыр.

Чогулгандар менен жолуккан Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров, Кара-Кулжа райоунун акими Айтмамат Осмонов акциянын катышуучуларын сабырдуулукка чакырышты. Губернатор Мамасадык Бакиров акимди ээрчитип Алайкуу өрөөнүн карай аттангандыгын маалымдады:

- Куда кааласа, бүгүн Ой-Талга чейин жол ачылат. Район борборунда төрт жарым миң тонна ун турат. Чай-чамек, башка тиричиликке керектүү шамга дейре алдырттык. Синоптиктердин ырасташынча, өрөөндүн ичин туман каптаган экен. Тик учак учканга болбойт. Күн ачылаары менен сөзсүз учурабыз. Эл ачка калбайт.

Акцияда сөз сүйлөгөн Калыбек Закиров өлкөдө чындыкты бетке айткандарга жана таза иштегендерге карата куугунтук күчөгөндүгүн белгилеп, буларга токтолду:

- Элим-жерим деген аттуу-белдүү инсандарыбызды чекесинен камап атышат. Айрымдары өмүрүнүн коопсуздугун ойлоп чет өлкөлөрдө жан сактап жүрүшөт. Биз, бүгүнкү акциянын катышуучулары, ак жеринен камалган Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов өңдөнгөн азаматтарыбызды соттор актап, бошотуусун талап кылабыз. Ансыз деле азыркы мансаптагылар түбү чирип, Акаевдин кейпин киейин калышты. Беш жыл мурда биз чоң үмүт байлаган Бакиев жана ал жетектеген режим толук бойдон кызматтан кетмейинче, албетте, тынчыбайбыз!

Губернатор М. Бакиров акциянын катышуучулары менен жолугушууда
“Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов алайкуулуктардын атынан аталган саясий уюмдун төрагасынын орун басары, 2005-жылкы март ыңкылабынын Оштогу жол башчысы Дүйшөн Чотоновго кайрылуу жолдошкондугун жарыя кылды.

- Мына, Алайкуу өрөөнүнүн калкы мындан беш жыл мурда көтөрүлүп, ушул Курманбек Салиевичти президент кылганбыз. Бирок бүгүн өз билгенин жасап жаткан өлкө башчысы учурда мекендештери жөнүндө кымындай ойлогон жери жок. Электр энергиясына баалар кымбаттады. Стратегиялык мааниге ээ “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сатылды. Ушундай олуттуу маселелерге кайдыгер караган ажонун кимге кереги бар? Дүйшөн Чотонов 2005-жылы ушул жерден сиздер менен чогуу аттанып, кандай чоң үмүттөр менен революция жасады эле. Тилекке каршы, андагы талаптардын, берилген убадалардын бири да жүзөгө ашкан жок. Биз ишенген Бакиев теңирден тескери жолго түштү. Учурдан пайдаланып, Дүйшөн Чотоновго кайрылат элек, кичи мекениңизге кайтып келип, 2005-жылы чоң үмүт-тилек менен баштаган ишиңизди акырына чыгарыңыз. Биз, жердештериңиз, ушуну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бизде башка арга калган жок.

Акциянын соңунда чогулгандар Кара-Кулжа району боюнча революциялык комитет уюштуруп, 2005-жылкы ыңкылаптын талаптарын жүзөгө ашыруу багытында иш-пландарын бекитип тарашты.

Жергиликтүү бийлик башчылары революциялык комитеттин уюштурулушу мыйзамсыз болгонун, ошол эле учурда азыркы мамлекет башчысы жана анын командасы үзүрлүү иштеп жаткандыгын белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG