Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Мамлекеттик ипотекалык насыя бардык жарандарга берилет


Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мындан ары бардык жарандар насыя алса болот. Март айында Финансы министрлиги Германия өнүктүрүү фонду менен 11 миллион евролук макулдашууга кол коёт. Ал каражаттын 10,5 миллиону ипотекалык насыяга багытталат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Насыя Германия өнүктүрүү фондунан каражат алынган соң берилери айтылды.

Насыя берүүдө негизги көңүл аймактардын тургундарына бөлүнөт.

Учурда насыя бюджеттик мекемелерде иштегендерге гана берилип жатат. 2015-жылдан бери жарандар жалпысынан 991 миллион сом насыя алды.

XS
SM
MD
LG