Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Кезегинде замандаштарынын “Тирүү Гомер”, “Легендарлуу эпик”, “ХХ кылымдын Рапсоду” деген бааларына татыган улуу манасчы, эл артисти Саякбай Каралаевдин туулган күнүнө быйыл 115 жыл толот.

Миң деген жылдар бою көчмөндүү кыргыздардын улуттук китепканасынын, театралдык сахнасынын, экранынын, тарых китебинин милдетин аткарып келген “Манастын”, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, үчиликтигин толук айткан, ал турсун алардын уландысы катары Кенеди, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыкты да айткан “ХХ кылымдын тирүү Гомери” деген баага татыган улуу айтуучу Саякбай Каралаев эле.

Ал “Манас”, “Семетей”, “Сейтектин” беш жүз миң беш жүз элүү үч ыр сабын каалаган мезгилде каалаган жеринен, каалган обондо буркан-шаркан түшө күпүлдөтө айтуучу.

Ошентип Саякбайдын айтуусундагы “Манастын”, “Семетейдин”, “Сейтектин” үзүндүлөрү кыргыздын элдик речитативинин (сабатмалуу обонунун) энциклопедиясы, элдик обондордун хрестоматиясы деп аталган.

Ырды, обонду, ымдоону, жаңдоону, укмуштай аткаруучулук чеберчиликти камтыган бири-бирисиз жашай албаган синтездүү (тутумдашкан) улуу жомокчу Саякбай майын чыгара айткан жана аткарган. Маркум эл жазуучу Чыңгыз Айтматов:

- Сакем “Манасты” айтып жатканда симфониялык оркестр сыяктанып, миң кубултуп, миң өзгөртүп, трагедиядан лирикага өтүп, бир заматтын ортосунда бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде үшкүрүп, бирде кайраттанып, бирде калкылдаган сан колдой дүбүрттөп, бирде мемиреген көлдөй тыптынч тынып, бирде суу, бирде шамал болуп дайрадай ташып турган Саякбай Каралаев акын гана эмес, ал ошону менен бирге артист да, композитор да. Анын ар түркүн пластикасы, кыймыл динамикасы, анын ар бир образга жараша тапкан обондору кара сөзгө канат берип, таасирин алда канча күчөтөт.

Ал эми академик Козин көп элдердин эпос аткарган жомокчу ырчылары, артисттерин көргөнүн, айткандарын укканын айтып келип Саякбай Каралаевдей аткаруучулук көрбөгөнүн, анын азыркы айткан “Манасына” тил билбесе да түшүнгөнүн, өзгөчө катуу таасирленгенин айтса, казак академиги Кажым Жумалиев жарым миллион асыл казнасына жатка айткан Саякбайдай айтуучу дүйнө жүзүндөгү эч жерде эч бир элде жок, жалгыз айтуучу экенин айтып, “Саякбай эзелки Гомерден берки эл ырчысынын тирүү туусу, эң бир улуу өкүлү. Саякбай кыргыз элинин таланттуулугунун айкын далили”, - деп “Советтик Кыргызстан” газетасынын 1964-жылдагы 26-июлундагы санына жазган.

Кыргыздагы мен манасчымын дегендердин туусу болгон Каралаев “Манас”, “Семетей”, “Сейтекти” айтуу менен бирге “Эр Төштүк” дастанын да табын чыгара айткан. Анын айтуусунда ал элге кеңири тарайт.

Дастан бир нече жолу кыргыз тилинде басылып, орус тилинде да которулуп чыгат. Ал турсун Сакемдин айтуусундагы “Эр Төштүк” Парижде француз тилинде басмадан жарык көрөт. Каралаев “Манастын” үчиликтигин, “Эр Төштүктү” айтуу менен бирге “Бүркүттүн жомогу”, “Дилдеш баатыр”, “Томор мерген”, “Кубаттын көргөн азабы”, “Канаттуу куштар”, “Карамолдо”, “Эрик таңында”, “Унутулгус күндөр” аттуу ыр, кара сөз түрүндөгү кол жазмаларын басмалардан чыгарат.

Мына ушундай ар тараптуу алп шайырдын өмүрү менен чыгармачылыгын жакшы билген Сакем менен ата баладай он жылдан ашык бирге жүргөн кара чечекей жээн күйөө баласы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, жогорку класстагы сот, Юстициянын мамлекеттик үчүнчү класстагы кеңешчиси Султангазы Касымовго бүгүнкү угармандар, окурмандар Сакемдин өмүрү менен чыгармачылыгына арналган маалыматтарды айтып берүүсүн өтүнүп, микрофон узатканымда, ал:

- Азыркы күндө угармандар улуу манасчынын кайсы жерде туулуп, кайсы айылда өскөнүн талашып жүрүшөт. Алсак, бирөөлөрү Ак-Өлөң, экинчиси Бостериде туулуп өскөн дешип жүрүшөт. Себеби ал кишинин байбичеси Бостериден эле. Ал менин байбичемдин чоң атасынын карындашы экен. Башкача айтканда уулдун уулу, кыздын кызына үйлөнүптүр. Ошон үчүн менин байбичем жээни болчу.

Сакем Бозтерини байырдап, үч кызы ошо жерге турмушка чыккан. Улуусу Атакан менин кайын энем. Андан кийин Кайнакан, андан кийинки кызы азыр аман-эсен, жашы келип калды. Кичүү кызы Бишкекте Гүлсүн медициналык окуу жайында мугалим. Сайракан деген кызы бала-бакырасы менен Бостериде жашайт. Биздин кайын ата кайын журтуна жакындап эки бөлмөлүү үй салыптыр. Азыр турат. Жээндери пайдаланат. Ал үйдү кайындары Сакеме арнап салыптыр. Мурун ал үйдү балык жон дечүбүз. Азыр болсо жакшынакай кылып салып коюшкан.

Мен ата-баладай болуп он жылдан ашык катышып жүрдүм. Өз оозунан укканым боюнча түпкү ата теги Ак-Суу районунун Маман айылынан. Анан туугандарынын баары Тоңдун Ак-Өлөңүнө көчүп кетет. Кийин Сакемдин атасы алачыгын жүктөп алып Ак-Өлөңгө көчүп барат. Ошондо саяктардын арасында туулгандыктан атын Саякбай коет. Атасынын экинчи жери Ак-Өлөң. Бирок революциядан кийин өзүнүн айтымында жана таржымалында да жазылып жүрөт, Сакем Ак-Суунун Маманына бет алып, ал жерде селсовет да болгон. Акөлөңдүтөр, алыс туугандары менен катышып жүрдү.

Өзүнүн айтымында, иниси Улуу Ата мекендик согушка кетип келбей калыптыр. Эжеси болсо мурда эле өлүптүр. Өзү жалгыз болгондуктан кайын журтуна багыт алып, Бостериге барып кайын атасына боз үй тигип берип, бала чакалары менен эс алчу экен.

"Азаттык": Сакем “Манас” айтуу менен бирге бүркүт, куш, ителги, шумкар салган чоң мүнүшкөрчүдөн болуптур. Эмнегедир ал өнөрчүлүгү жөнүндө эч бир жерде айтылбай, эч бир жерде жазылбай келет. Билсең алар тууралуу маалымат бере кетсең?

- Сакем бүркүт салган аябагандай устат эле. Бостери, Ак-Өлөң, Оттук айылдарында мыкты курбулары болгон. Гастролго чыкканда аты менен бүркүтүн теңтуштарына таштап кетчү экен. Анан келгенде атын минип, колуна бүркүтүн кондуруп Солто-сары, Баскарат, Кара-Кужур, Арчалуу-Туюк деген жайлоолорго барып бүркүт салчу экен. Мен бир издеп, “Советская Киргизия” газетасынын кабарчысы Колосников бүркүт салган сүрөтүн мага алып келип берген эле. Өтө чоң саяпкер болгон.

"Азаттык": Султангазы, Сакемдин канча баласы бар эле?

- Сакемде төрт кыз, эки уул болгон. Улуусу менин кайын энем эле. Рабихан, Каликан деген кыздары өтүп кетти. Сыргак, Чубак деген эки уулу болгон. Экөө тең кайтыш болуп кетти.

"Азаттык": Суке, Сакемдин дүйнөдөн көзү өткөндөн бери 38 жыл болду. Сакемин жаркын элесин алып калыш үчүн көчөгө, мектепке, айылга ысымы берилгенби, музей уюштурулганбы, көрүстөнүнө эстелигин ким тургузду эле?

- Балыкчыда Сакемин атындагы мектеп бар. Бирок эч кандай музей жок. Филармониянын бир бурчун көргөмүн. Бирок анда экспонаттар жок. 1971-жылы майда каза болду. Ошондон 1983-жылга чейин көрүстөнүнө эстелиги коюлбай келди. Кайын энем, байбичем мага колуңдан келип турат, эптеп эстеликти тургузду дешкенинен Курдайга барып өзүмдүн каражатыма бир жарым тонна кызыл таш сатып алдым. Сүрөтчү Тургунбай Сыдыковго Сакемдин арбагы колдосун, айкелине жардам бер десем, Тургунбай сүйүнүп кетти. Менде Сакемин тирүү кезинде башынан турпатын алгамын, бирөө эмес, жетөө бар. Аларды мен сары майдай сактап жүрөм деп чийип берди. Эми мен кантем десем, орус усталарынын адресин берди. Аларга барсам жасап берди. Ошентип Курдайдын бир жарым тонна кызыл ташынан жасалган эстелик көрүстөнүндө турат. Дагы бир айта кетерим байбичеси мурун өлгөн. Сакем болсо анын жанына коюлду.

"Азаттык": Эмне үчүн өкмөткө кайрылган жоксуңар?

- Сакемдин ортончу кызы Калыйкан кыргыз тили сабагынын мугалими өкмөткө кайрылыптыр, эч жооп албаптыр. Сакемдин эстелигин декабрь айында ачтык. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов, жазуучулар союзунун катчысы Жолон Мамытов ж.б. келишти. Жашаган үйүнө мемориалдык такта коюлбай калды. Сакем жашаган үйгө эл артисти Казаковдун тактасы коюлуп калыптыр. Сакем менен Олжобай Орозбаевдин бирөөсү биринчи, экинчиси №2 батирде жашашчу. Такта коюлбаганына ичим жаман күйдү. Бир күнү кыздарын, балдарын чогултуп алып, ошол кездеги мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго кат жаздым. Катымда Манастын миң жылдыгын өткөргөнү атасыңар, Манас үчүн Сакем жанын берсе, жашаган үйүнө Казаковдун тактасын илип койсоңор, деп жазсам, Садабек Ажиев деген скульпторго дайындаптыр. Ал жасап берди. Анан илинди. Тактаны уурдап баратканда Орозбаевдин балдары кармап тактаны алып калышкан. Аны небересине беришсе, ал үйүнө коюп алыптыр. Ага барып, "кой, уят болот" деп айтып кайра илдирдим.

"Азаттык": Эмне үчүн Сакемдин ордо калаада, туулган айылында, ысымы берилген мектепте музейи жок? Бул Манасты Сакемди баалагандыкпы же баалабагандыкпы?

- Өзүңүздөр билесиздер, көпкө чейин Сакеми улуу манасчылардын катарына кошушпай, Сагынбайды уулу манасчы кылабыз дешкендер да болгон. Сакем көп нерсени алып калса болмок. “Манастын” беш бөлүгүн айтуучу. Музей жок, эмне үчүн уюштурулбайт билбейм. Маданият министрлиги эми агенттик болуп калды. Анын алы келеби, келбейби билбейм. Менин оюмча бу кишиге жакшынакай музей курушка мезгил келип жетти. Материалдар көп. Алар эми жоголот. Азыр эми кызы калды. Менин байбичем да өтүп кетти. Байбичем алып жүргөн көп жакшы сүрөттөр бар эле. Алар үйдө турат. Алар менин балдарыма, неберелериме баасы жетеби, жетпейби, балдардын балдары сактайбы, сактабайбы билбейм. Бүгүнкү күндө Сакемин аңчылыкка, мүнүшкөрчүлүгүнө байланышкан көп материалдар бар. Алсак, ээр токумдары, мылтыгы, сүрөттөрү неберелеринде жүрөт. Ошолордун баарын чогултса музейдин экспонаттары өзүнөн-өзү эле чогулуп калат эле. Эми Манастын маанисин өзүңөр көрүп жатасыздар. Кытай болсо “Манас” биздики деп ЮНЕСКОго коюп жатат. Сакем болсо “Манас” кыргыздыкы деп ыйлап жүрүп көзү өткөн эле, - деди Султангазы Касымов.

1988-жылы Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институту чыгарган “Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери”, 1995-жылы Манастын миң жылдыгына карата жарык көргөн “Манасчылар жана изилдөөлөр” аттуу китептеринде Саякбай Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңдүн Семиз-Бел деген жеринде төрөлгөн деп жазышкан. Чындыгында Сакем Бостериде, Семиз-Белде эмес, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган.

Сакемди жакшы билген замандаштарынын бири катары алп манасчынын ысымы аталганда, айтылганда чарчы бойлуу, буудай жүздүү, бурул чачтуу, бурчугу муруттуу, шайыр, шайдот, төгүлүп-чачылып жүргөн пейили кенен, акылы терең, жашка жаштай, карыга карыдай мамиле жасаган баарына теңтуш, ичинде кыпындай кири жок айкөлдүн айкөлү Сакеми элестетем, эстейм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG