Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Кеминдин Кара-Булак айылындагы жашоочулар казак чек арачыларынын тоскоолдугунан улам ата-бабасынын сөөгү жаткан көрүстөнгө кире албай калды.

"Азаттыктын" кезектеги тегерек үстөлүндө мына ушул маселе талкууланды.

Талкууга катышкандар:

Саламат Аламанов, чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси
Мелис Сулайманов, “Кутбилим” гезитинин баш редакторунун орун басары
Миргүл Айнидинова, Кемин районундагы Кара-Булак айылынын жашоочусу

"Казак чек арачылары көрүстөнгө киргизбей койду"

“Азаттык”: Бүгүн Курман айт, бул күнү мусулманчылыктын салты боюнча көзү өткөндөргө арналып куран окутулат, эскерилет. Бирок ушундай улуу күнү дагы чек арага чектеш жайгашкан айылдардын жашоочулары чек ара тоскоолдугунан улам ата-бабанын сөөгү жаткан көрүстөнгө бара албай, тирүүлүк парзын аткара албай жаткан кейиштүү көрүнүштөр болуп жатат.
Эми ушул көрүстөндү жөн эле коюшса болмок да. Эжем өлгөндөн кийин казак жараны болуп калабы, анын мүрзөсүнө бара албай калабызбы?

“Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу мына ушул чек арадагы көрүстөндөр маселесине арналды. Казакстан менен чек арага чектеш жайгашкан Кемин районундагы Кара-Булак айылынын жашоочуларын казак чек арачылары ата-бабанын, туугандардын сөөгү жаткан көрүстөнгө киргизбей, өткөрбөй тосуп коюшкан экен. Ошол жакта болуп жаткан кыйынчылыкты жакында бул айылга туугандарга куран окутканы барган Мелис Сулайманов мырза менен Миргүл Айнидинова көрүп келишкен экен. Ошондуктан алгачкы кеп алардын өзүнөн болсун.
Казак аскерлери ШКУ машыгуусунда, 2010-жылдын 24-сентябры.

Мелис Сулайманов: Бир жыл болду бир тууган эжебиздин кайтыш болуп калганына. Эч маселе ойдо жок, эскерип, куран окутуп коёлу деп ошол Кара-Булак айылына бардык. Жолдон Казакстандын эки чек арачысы чыгып, бул көрүстөнгө кирүүгө болбойт дешти. Себеби эмне десек, бул көрүстөн турган жер Казак Республикасынын аймагына өтүп кеткен дешти. Бул Кара-Булак жана СПТ деген эки айылга караштуу көрүстөн болчу. Биз эжебизге, апрель окуяларында курман болгон жээним Айнидинов Адилетке, ал да ушул көрүстөнгө коюлган, куран окутканга уруксат сурап казак чек арачыларына кайрылдык. Алар арыз жазасыңар деди. Биз таң калдык.

Энебиз “атсаңар атып салгыла" деп кыйкырып атып, акыры өттүк. Казак чек арачылары кайра бизге жалдырады, куран окутуп эле дароо элүү метр, жүз метр ары кеткиле деп. Ошол жерге отуруп ырымыңарды кылгыла деди. Эки-үч күндө зым тор менен тордойбуз деди. Эми ушул көрүстөндү жөн эле коюшса болмок да. Бул адамгерчиликке жатпайт да. Эжем өлгөндөн кийин казак жараны болуп калабы, анын мүрзөсүнө бара албай калабызбы? Муну ким кылган билбейм.

“Азаттык”: 7-апрелдеги окуяларды курман болгон балдардын бири Адилет Айнидинов дагы ушул Кара-Булактагы көрүстөнгө коюлган экен. Анын бир тууган эжеси Миргүл сөздү улап, кандай кыйынчылык болуп жатканын айтып берсин.
Миргүл Айнидинова

Миргүл Айнидинова: Айнидинов Адилет 7-апрелде каза болгон. Биз Ата-Бейитке койбой, апамдын жанына койгонбуз. Мурдагы күнү чек арачылар киргизбей, ары барып куран окуткула деди.

“Азаттык”: Кире алдыңыздарбы анан?

Миргүл Айнидинова: Суранып атып эптеп кирдик. Эмкиде киргизбейбиз дешти, зым менен тосулат деди.

Маселени чечсе болобу?

“Азаттык”: Биз сөзүбүзгө азыр чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов мырзаны кошулууга чакырайын. Саламат мырза сиздин эсиңизде барбы, чек ара маселелери каралып атканда ушул Кара-Булактагы көрүстөн маселеси так чечилбей калганбы?

Саламат Аламанов: Ошол жердеги чек ара тилкеси 1930-жылкы документ жана 1960-жылкы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен такталган. Чек арадагы көрүстөн жана чарбалык пайдаланууда турган оош-кыйыш жерлер бар экен. Учурунда бизге ошондой суроо-өтүнүчтөр менен кайрылган жерлерди алмашуу жолу менен чечкен элек. Ошол эле Чүйдөгү Степное айылынын жанындагы көрүстөнү боюнча маселе ушундай чечилген. Сүйлөшүп атып, ал көрүстөндү бизге өткөргөнбүз. Кара-Булак айылынын эли учурунда ушундай маселе койсо, чечилмек, анткени ал анчалык деле оор маселе эмес. Учурунда көз жаздымда калып калган, мындай болуп кетерин эч ким деле ойлогон эмес болуш керек.
Саламат Аламанов

Бул маселенин татаалдашып жатышы биздин чек ара тилкесиндеги нормалдуу жашоого өтө электигибизден болуп жатат. Чек арачылар деле көп түшүнө албай жаткан адамдар болушу мүмкүн. Негизи чек ара такталып, демаркация бүткөндөн кийин эки мамлекеттин ортосунда чек ара тилкесиндеги жашоонун режими жөнүндө келишим түзүлгөн. Чыккан маселелер ошол келишимдин негизинде чечилет. Жанакындай нерселерди ошол жердеги чек аранын эки тараптагы өкүлчүлүктөрү эле өздөрү сүйлөшүп чечип коюшса болот.

“Азаттык”:
Кара-Булак айылындагы бул көрүнүш жалгыз эле мисал болбосо керек. Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында чечилбеген талаш жерлер көп эмеспи. Ошол жактагы дагы ушундай маселелер келип чыгышы мүмкүнбү?

Саламат Аламанов: Мындай маселелер абдан көп. Чек араны тактап келатканда мындай маселелер сөзсүз талкууланат дагы айрым учурда жергиликтүү калктын айткан сунуштарына ылайыкталып чечилет. Айрым учурда мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп макул болбой койгон учурлар да болот. Советтер Союзунун маалында көрүстөндөр, чөп чабык жерлер, огороддор деле бири-бирине киришип кеткен учурлар бар экен. Мындай жерлер такталып анан чечилет. Негизинен алмашуу жолу менен чечилиши керек.
Эми бул маселени зым тарта электе өкмөт сүйлөшүп чечип бербесе болбойт. Кара-Булактын эли билбейт, караңгы да. Бир киши каза болсо, алпарышат да койгонго. Анан киргизбей койсо, ошондо даана чыр чыгат.

Мелис Сулайманов
Мелис Сулайманов:
Чек арачылар айтты эки-үч күндүн ичинде зым тор тартабыз деди. Ушул жерге кириш үчүн алдын ала арыз жазып анан кирет экенбиз. Бул жерде көрүстөн турган жер коңшу өлкөгө өтүп кетти дегендик. Ал жерге карабулактыктар эми сөөк кое албайт. Бул жерде канчалаган ата-бабанын сөөгү жатат. Мен бул маселени көтөрүп жаткан себебим, зым тарта электе өкмөт сүйлөшүп чечип бербесе болбойт. Кара-Булактын эли билбейт, караңгы да. Бир киши каза болсо, алпарышат да койгонго. Анан киргизбей койсо, ошондо даана чыр чыгат.

“Азаттык”: Саламат мырза, сиз карабулактыктарга кандай кеңеш берет элеңиз дагы. Алар эмнеден башташ керек маселени?

Саламат Аламанов: Алар азыр өкмөткө жазыш керек ушул кырдаалды, акыбалды билдирип. Өкмөттө иштеп аткан ушул багыттагы адамдар Казакстандын алдына коюш керек маселени. Ошентип чечиш керек. Элди караңгы деп эсептеген менен элдин арасында адистер бар. Ар бир айыл өкмөттүн жер адиси бар. Ошолор коёт бул маселени.

“Азаттык”: Кыргызда болсун, казакта болсун, арбакты сыйлайт эмеспи. Анан ата-бабанын, туугандардын сөөгү жаткан жерге барып куран окуп, тирүүлүк парзын аткара албай отуруу чынында эле моралдык-социалдык оор маселе экен. Ошон үчүн бүгүн Кудайдын улуу күнүндө Курман айтта ушул маселеге кайрылууга туура келип жатат. Саламат Аламанов мырзанын кеп-кеңешинен кийин Кара-Булактагы көрүстөн турган жерди дагы алмаштыруу жолу менен чечсе болот экен деп түшүнүп калдык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG