Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Түркияда кыргыз кызы кыйноого кабылганы аныкталды


Тасмадан сүрөт.
Тасмадан сүрөт.

Түркияда кыргыз кызы аёосуз кыйноого кабылганы, окуя Измирде болгону, жабыр тарткан кыз ошол жерде экени такталып, 19-январда боштондукка чыгарылды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу жергиликтүү полиция менен териштирүү жүргүзгөн. Жабыркоочуга кыргызстандык башка бир кыз ыдык көрсөтүп кармап турган. Аны кармоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Январдын башында интернетке тараган тасмада кыргызстандык эки кыз дагы бир кыргыз кыздын колун байлап сабап, бычак менен коркутуп жатканы жазылган. Окуяны тактоого Кыргызстандын тышкы жана ички иштер министрликтери киришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG