Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Орусия: жүк унаалардын айдоочулары митингге чыгышты


Санкт-Петербургдагы нааразылык, 27-март 2017-жыл.
Санкт-Петербургдагы нааразылык, 27-март 2017-жыл.

Орусияда жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жол салыгын көбөйтүүгө байланыштуу жаңы нааразылык акцияларын башташты. Алар мамлекеттин салык эрежесин "майнапсыз" жана "машакаты көп" деп мүнөздөшүүдө.

Жүк унаа айдагандардын кесиптик кошуунунун башчысы Андрей Бажутин 27-мартта Санкт-Петербургдагы акция маалында кармалды. Ага лицензиясы жок унаа айдаган деген айып коюлууда.

Мындай акциялар Москвада, Татарстанда, Түндүк Кавказ сыяктуу бир катар аймактарда өткөнү кабарланды. Уюштуруучулар 29-мартка чейин өлкө боюнча 10 миңдей айдоочу митингге чыгарын билдиришти.

Айдоочулар биринчи жолу 2015-жылы жаңы салык эрежеси жарыяланган учурда нааразылык билдирип чыгышкан. Анда өкмөт жаңы жобону кийинчерээк ишке киргизүүгө макул болгон. Эми жүк ташуучу унаалардын айдоочулары апрель айынан тарта 25 пайызга көбүрөөк салык төлөшү керек болот.

XS
SM
MD
LG