Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Алматыда ишкерлик кылган жүздөн ашуун кыргызстандыктар чыгарылышы боюнча Эмгек жана миграция министри А. Рыскуловага кайрылдык.

А. Рыскулова: Мен азыр эле Алматы менен сүйлөштүм, башкы консул менен да, биздин министрликтин өкүлчүлүгү менен да. Ал жерде саясий маселелер жок. 8-октябрга чейин Алматы шаарында мыйзамсыз миграция боюнча атайын операция өтүп жатыптыр. Ошондуктан Алматынын бир катар базарларында иштеп жаткан биздин жарандар текшерүүгө дуушар болушкан. Кармалган убакта алардын бирөөнүн жанында да документтери, миграциялык картасы болгон эмес. Алардын соода-сатыкка уруксаты жок болуп чыккан. Ошол себептүү түндө жүз жыйырма кыргыз атуулун эки автобус менен кыргыз-казак чек арасына алып келип ташташкан.

- Депортация болгон кыргызстандыктар кийин кайра Казакстанга кайтып, өз ишмердүүлүгүн уланта алышабы?

А. Рыскулова: Муну депортация деп эсептегенге болбойт. Анткени өлкөдөн депортация кылуу үчүн соттун чечими чыгыш керек, андай чечим болгон эмес. Же болбосо административдик протокол түзүлүшү керек. Буларды болсо "документтериңер жок, өз өлкөңөргө кеткиле" деп чек арада таштап коюшкан. Азыр эми жүз жыйырма адамдын сексени кайра кайтып кетишти. Алматыда өздөрүнүн иштерин улантып жатышат. Калгандарынын документтерин тактоо иши уланууда.

- Казакстан менен Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосунда ушундай шарттарда мигранттарды колдоп, коргоого ала турчу келишим жок беле?


А. Рыскулова: Мындай шарттарда коргой турган эки келишим бар: бири чек ара аймактарындагы эмгек мигранттары тууралуу, экинчиси жалпы эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча келишим. Бул окуяда эмгек мигранттары жок. Бул окуяда соода-сатык менен алектенип жүргөн жеке ишкерлер тууралуу сөз болуп атат. Казакстандын мыйзамына ылайык, жеке ишкерлер эмгек мигрантынын макамына ээ болбойт, анткени эмгек келишими менен иштешпейт. Алар болгону гана салык комитетинен алынган уруксаттын негизинде иштеш керек болчу. А бирок ошондой жеке ишкерлердин маселесин чечүүчу келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күндө аталган келишим Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө ратификация болгон, ал эми Казакстанда бул келишим ратификация кылынбай жатат. Ошол себептүү биздин жеке ишкерлердин көйгөйлөрү чечилбей атат.

- Ошол эле Казакстан чыгарылууга мажбур болгон кыргыз жарандарынын арасында "парламенттик шайлоого элдин катышуусун арттыруу максатында Кыргызстандын президенти казак өкмөтүнөн кыргыз жарандарды кайтарууну өтүнгөн" деген сыяктуу сөздөр бар. Бул окуянын артында кандайдыр бир саясий боек болушу мүмкүнбү?

А. Рыскулова: Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Анткени Алматынын өзүндө эки участкалык комиссия бар. Эгерде андай болсо аларга ошол жерден эле добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Бул жөн гана болбогон сөз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG