Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

ӨКМ: көчкү жүргөн жер кооптуу аймактардын тизмесинде болгон


Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Өзгөн районунун Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү алдында калган турак жайдын ээлерине буга чейин эскертүү берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул үйдүн ээсине 1996-жылы мамлекет тарабынан курулуш материалдары берилген. 2010-жылы кооптуу тизмеге кирген, бирок мурда үй курууга курулуш материалдарын алгандыгы үчүн ссуда берилген эмес.

Бүгүн саат 14:00 чамасында дагы жер көчкү жүрүп, кооптуу абал жаралгандыктан топурак алдында калган үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү алдында калгандардын тизмесин жарыялады. Алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү:

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);
2. Сулайманова Гүлайым, 1989- жылы туулган (аялы);
3. Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);
4. Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);
5. Амиракулов Жыргал, 2013 - жылы туулган (уулу);
6. Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

Көчкүдө калган жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн. Аймакка куткаруучулар, адистер барышкан. Министр Кубатбек Боронов да Өзгөнгө жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG