Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Астана саммити жана кыргыз президентинин жолугушуулары


Кыргыз президенти Казакстандын жетекчиси Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда, Астана, 5-июль.
Кыргыз президенти Казакстандын жетекчиси Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда, Астана, 5-июль.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Евразия экономикалык шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин алкагында бир катар өлкө башчылары менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз президенти баштаган топтун курамында Астанага барган “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков бул жолугушууларда кандай сөз болгонун “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

- Кыргыз президенти Роза Отунбаева ЕврАзЭШ саммитинин алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан экен. Ушул жолугушуу тууралуу айтып берсеңиз, кандай сөз болду?

- Жогорку деңгээлдеги кеңешменин алдында, 4-июль күнү Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Казакстандын президенти менен жолукту. Бул жолугушуунун өзү да чоң мааниге ээ деп ойлойбуз. Жолугушуунун негизги бөлүгүн эки президенттин эч кимди катыштырбай, жекеме-жеке сүйлөшүүсү түздү. Бирок ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу кыргыз мамлекетинин башчысы Роза Отунбаева бизге кечээ күнү гана кабарлады.

Президентибиздин айтымында, казак президенти Назарбаевдин Кыргызстанга болгон мамилеси, жалпы эле Казакстандын саясаты туура экен. Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы кырдаалга, саясий окуяларга дайыма көз салып турарын, кайдыгер эмес экенин, Кыргызстанга Казакстан качан болсо жардам кыларын баса белгилеп айтыптыр. Эң негизгиси Казакстандын инвестициясын Кыргызстанга мындан да көбөйтүү маселеси да көтөрүлуптүр. Азыркы күндө Казакстандын Кыргызстанга болгон инвестициясы 600 миллион доллардан ашат экен. Жолeгушууда бул сан эки өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө өтө аз экени белгиленип, аны көбөйтүү маселеси тууралуу сөз болуптур.

Андан сырткары чек арага бир топ чектөөлөр киргизилгендиктен биздин тигүүчүлөрдүн колунан чыккан товарлар Казакстанга өтпөй калгандыгы бир топ зыян келтиргени, казак президенти Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү чыгарган товарларга уруксат берип, мүмкүнчүлүк ачууга убада бергени айтылды. Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы дагы бир нече экономикалык долбоорлор бар экени, алардын бир топтору токтоп турганы, эми мына ошол долбоорлорду дагы жандандыруу, көбөйтүү маселеси дагы каралыптыр.

- Саммитке катышкан өлкө башчылары Кыргызстандын жаңы президенти Роза Отунбаеваны кандай кабыл алганын, Кыргызстанга карата мамилелери, көз караштары кандай экенин байкай алдыңызбы?

- Байкадык. Саммитке келген мамлекет башчылары Роза Отунбаеваны өтө жылуу кабыл алышты. Орусиянын президенти да жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал жерде Дмитрий Медведев референдумдагы элдин ишеними, Кыргызстандын легитимдүү жолго түшүп аткандыгы менен куттуктады. Азыркы бийликке абалды стабилдештирүү өлкөнү жакшы, тынч жолго багыттайт, баштайт деген ишенимин билдирди.

Эң негизгиси Орусия качан, кандай учурда болсо дагы Кыргызстан үчүн колдоо көрсөтөт, бизге таяныч кылгыла дегендей ишенимдүү маанайын билдирди. Андан сырткары саммиттин алкагында Роза Отунбаева Армениянын, Тажикстандын президенттери менен жолукту, Астанага мааракеге келген Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен кеңири пикир алышты.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG