Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Жумагул Сааданбеков кыргыз-казак алакаларына байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Кечээ Бишкекте Орусия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын кезектеги жыйыны башталды. Ошондо айтылган маалыматтарга караганда, апрель окуяларынан бери Кыргызстандан эмгек мигранттарынын саны мурдагыдан кыйлага көбөйгөн экен. Ошол эле учурда Казакстанда кыргыз диаспораларынын лидерлери, ал жердеги кыргыз эмгек мигранттарынын депортациялануу коркунучу бардыгын айтышууда. Соңку кезде Казакстандын мигранттарга байланышкан чараларын күчөткөндүгү да маалымдалып жатат. Сиз кандай деп ойлойсуз, бул убактылуу эле чарабы, же Кыргызстандагы ички кырдаалды эске алуу менен казак бийликтери кабыл алып жаткан иш чараларбы?

- Булар экономикага, бажы шериктештигине байланыштырып, анан Азия оюндары деген шылтоолорду таап атпайбы. Чынында экономикалык олуттуу себеп жок. Себеби Орусия, Белорусия, Казакстандын экономикасынын алкагында биздин Кыргызстандын экономикасы эки пайызды да түзбөйт. Чындыгында муну эки парадокс менен түшүндүрсө болот, биринчиси, Казакстан байыган, бакубат өлкө катары азыр Борбор Азиядан бөлүнүп туруп атат. Бирок чын-чынына келгенде ички бийлик системасы туңгуюкка келип такалды. Бийлик, система алмаша турган кез келди. Жаңы муундар аябай шишип турган кези.

Ошол кезде капысынан биздин кыргыз революциясы чыга калды, кан төгүлдү, көп азапты көрдүк, көрбөгөнүбүз көп болуп атат. Бирок биз дарыянын аркы жаңы жээгине чыгып алдык да. Авторитардык системадан кеттик жаманбы, жакшыбы, келечекте кандай болот билбейм. Бирок биз жаңы жээке чыгып алдык. Булар аябай коркуп атпайбы, кыргыздын духу болбосун деп атат. Бул жугуштуу, сыныктан башканын бары жугуштуу дегендей. Жаңы өткөөл мезгилинде стимул боло турган фактор деп ал жактагы кыргыздарды кетирип аткан кези. Анан курчап койгон торун карабайсыңбы, Африкадагы банкистандардай кылып, кыргыздар да, казактар да жерге түкүрүп атат азыр.

- Баары бир Казакстан менен Кыргызстанга иштешүүгө туура келет. Жаңы алака түзүү милдети бул жаңы өкмөттүн вазийпасы деп эсептейсизби парламенттик шайлоодон кийин келүүчү?

- Экинчи маселе, кыргыз өкмөтү иштешип кеталабы, муну келечек көрсөтөт. Бирок көбүнесе бул казактардан көз каранды маселе. Себеби казактар транзиттин ээси болуп атпайбы, экономикасы боюнча басымдуулук кылып атат, банк экономикасы үстөмдүк кылат. Булар Борбордук Азиянын интеграциясынын демилгечиси катары сүйлөшөт. Бирок азыр Казакстан интеграциясыз символ болуп калды. Мына өзбектер менен лидерликти талашат, биз менен суу, жер талашат. Башка кандай интеграция болуп атат? Өзүн темир тор менен да курчап алды. Кеп ошондо болуп атпайбы. Ал эми биздин өкмөт эмне, биздин өкмөттүн тиешеси кандай? Казактар Европаны, НАТОну сүйлөйт, бул жактагы кошуналарын чанат. Бул өзү саясий провинциализм деп аталат. Акыры түбү муну келечеги жакшы болбойт. Казактын бийлиги азыр эсине келбесе бул туура эмес иш болуп калат.

- Кыргызстанда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү казак пансионаттарын улутташтыруу керек деген да демилге менен чыгып жиберишти. Муну кээ бирлер популисттик кадам катары баалап жатышат. Ушул фактор дагы таасир этип жаткан жокпу?

-Бул пансионаттар, Каркыра жөнүндө кээ бир биздин улутчул адамдардын сүйлөп атканы туура эмес. Мунун баары мыйзам ченемдүү, ижарага берилген жерлер. Бул жөн эле убактылуу саясатта популисттик упай алып калайын деген сөздөр. Мунун эч кандй орду жок бул жерде.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG