Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:34

Серепчилер: Кыргызстандагы кризисте Казакстан уттурду, Өзбекстан утту


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов

Казакстан ЕККУга төрага болгонуна жарым жыл болду. Бир жылдык бул кызмат аркылуу казак бийликтери зоболобуз көтөрүлөт деп үмүттөнгөнү шексиз. Бирок күтүлбөгөн жерден чыккан Кыргызстандагы окуялар Астананын үмүтүн таш каптырды. Бул кооганын аркасы менен Өзбекстан көбүрөөк аброй тапты.

Казакстан январ айында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмун башкарган пост-советтик биринчи өлкө болуп ишке киришкенде, эң оор сабак анын коңшусу Кыргызстандан болот деп эч ким ойлобосо керек.

Казакстандын ЕККУга төрага болгонуна туура жарым жыл болгон ушул күндөрү көпчүлүк баяндамачылар уюмдун Кыргызстандагы окуяларга реакциясы өтө солгун болуп, ал тургай көңүл кош мамиле жасалганын белгилешүүдө.

Уюмдун төрагасы катары Казакстан эл аралык кийлигишүүгө каршы чыгып, Кыргызстан менен чек арасын жаап алды. Ушундан улам өлкө улуттук жана аймактык кызыкчылыктарын ЕКК уюмундагы милдетинен жогору койду деген сынга кабылды.

Казакстан бирок өзүнө чаң жугузган жок. Өлкөнүн тышкы иштер министринин маалымат катчысы Аскар Абдрахманов «Кыргызстандагы окуялар Казакстан үчүн чоң сыноо болуп калганын белгилеп, бирок башынан эле ЕККУ бул өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга биринчи болуп аралашты» деп ырастады. Абдрахманов ошондой эле Казакстан Кыргызстандын ал кездеги президенти Бакиевди Кыргызстандан алып кетүүдө чечүүчү рол ойногонун белгиледи. Бакиев Беларуска Казакстан аркылуу качканы маалым.

Башка байкоочулар бирок Кыргызстандын коңшулары бул кризисти жөнгө салуудан мурда, анын өз аймактарына жайылышынан көбүрөөк кабатыр болушканын айтышууда. Кыргызстандык баяндамачы Кубан Абдымендин пикиринде, Казакстан Кыргызстандагы кырдаалга абройлуу эл аралык уюмдун жетекчиси катары эмес, Орусиянын союздашы катары мамиле жасады.

Пол Куинн-Жаж жаңжалдарды изилдеген Эл аралык Кризистик топтун Бишкекте жайгашкан Борбор Азия долбоорунун директору:

– Казакстан Кыргызстандагы окуяларды четтен, кандайдыр бир канааттангандык менен карап тургандай сезим калды.

Куинн-Жаж Казакстандын кыргыз чек арасын жаап салышы кыргыз экономикасына оор залака тийгизгендигин да белгилейт.

Баяндамачы соңку окуяларда Өзбекстан Борбор Азиядагы эң салабаттуу күч катары көрсөтө алганына таң калганын жашырган жок. Батышта диктатор деп сындалган Ислам Каримов түштүк Кыргызстандан качкындардын агымын жөнгө сала алгандыгы менен эл аралык коомчулуктагы аброюн көтөрүп алды деп эсептейт Кризистик топтун өкүлү:

- Өзбекстан качкындар маселесин өтө ыкчам, өтө билгичтик менен жөнгө салып, эл аралык коомчулуктун алдында көптөгөн упайга ээ болгонун көрүп туруп, казактардын кыйла кыжаалат болгондугун элестете алам. Жаңы кыргыз бийлиги азыр өзбек президенти Ислам Каримовду көкөлөтүп мактап жатат. Бул да казак жетекчилерине катуу тийгени анык. Ушундан улам, бул өкүнүчтүү кырдаалдан Ислам Каримов жеңүүчү болуп чыкканын айта алабыз.

Орусиялык байкоочулар да Казакстандын ЕККУдагы вазийпасына бир жактуу мамиле жасаганын белгилешет. Андрей Грозин Москвадагы КМШ институнун Борбор Азия бөлүмүнүн директору. Анын айтымында, ЕККУга төрагалык кылууга казак бийликтери башынан эле Казакстандын ичиндеги аброюн көтөрүп алуунун амалы катары карашкан. Грозин казак өкмөтү азыркы кезде ЕККУнун саммитин канткенде Астанада өткөрөбүз деген бир гана маселе менен алектенип калгандыгын белгилейт.

Куинн-Жаж да казактар бир гана ушул саммит маселесин сөз кылып калгандыгын байкаган. Мындай пикирлерге казакстандык баяндамачылардан да кошулгандар бар. Алматыдагы Демократияны өнүктүрүү боюнча Борбор Азиялык Кордун жетекчиси Толгонай Умбеталиеванын сөзү боюнча:

– Казакстан ЕККУнун төрагасы болуп ишке киришкен алгачкы күндөн эле бул уюмга кызыкпай калган. Эгер Казакстандын ички жана эл аралык кызыкчылыктарын карап көрсөк, ички кызыкчылыктар үстөмдүк кылаарын көрөбүз. Биздин өлкө ЕККУну өз кызыкчылыгында пайдаланып жатат.
XS
SM
MD
LG