Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Алматыдан жүздөн ашык кыргызстандыктар чыгарылды


Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" өтмө бекети, 2010-жылдын 11-майы.

Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" өтмө бекети, 2010-жылдын 11-майы.

Казакстандын Алматы шаарындагы базарларда иштеген 130га чукул кыргыз ишкерлери депортацияланды. Казакстандын укук коргоо органдары алардын өлкөдөн чыгарылышын Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу экендиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргызстандын эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин билдиришинче, кыргыз жарандары Алматыда жанында тийиштүү документи жоктугунан кармалып, чыгарылган.

Казакстандын Алматы шаарындагы базарларда иштеген 130га чукул кыргыз жарандары 5-октябрда эртең мененки саат тогуз-ондордо базарда соода кылып жаткан жерлеринен кармалган.

" Эки жашар балабыз калып калды"

Эки автобус толо депортацияланган кыргызстандыктар түнкү саат он бирге жакын Казакстан менен Кыргызстандын чегиндеги “Ак жол” өткөрмө бекетинин жанына келишкен. Алардын арасындагы “Кулагер” базарында аялы менен соода кылган Улан Маданбековдун эки жашар баласы Казакстанда калып калды. Аларда жашап жаткан үйүнө барып келүүгө да мүмкүнчүлүк болгон эмес.

- Эртең менен кармагандан бери бир тамак жеген жокпуз. Канча киши турат эки күндөн бери Кыргызстандын бажы постунда. Же дааратканага бара албайбыз, деги адам деп эсептебей калыптыр го. Кичине балдары менен жүргөндөр бар, боюнда бар келиндер жүрөт Аларды караган киши жок. Базардан ким Кыргызстандын жараны болсо баарын кармап жатышат...

Улан Маданбековдун айтымында, 7-апрелден бери эле казак бийлиги кыргызстандыктарды бирден-экиден депортациялап, кысмакка алып эле келе жатат. Бирок жүздөй адамды бир убакта депортациялаган учур боло элек болчу. Кечээ Казакстандын укук коргоо кызматкерлери алардын кармалыш себебин Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.

-Райондук милиция бөлүмүнө алпарды. Билбейм эмне себептен айдады. Бизге “Шайлоого карата Роза Отунбаева кыргыздардын баарын чыгарып бергиле” деп айтты деди. Ошондой буйрук чыгып, силерди чыгарып жатабыз дешти. Биз Бостандык РИИБисинде болдук.

А. Рыскулова: "саясий боёк сүртүүнүн кажети жок"

Кыргызстандын эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова бул жагдайга саясий боёк берүүнүн кажети жоктугун билдирди. Анын айтыымнда, кыргыз өкмөтү тарабынан мындай көрсөтмөлөр болгон эмес. Анткени кыргыз жарандарына добуш берүүсү үчүн Казакстандын Алматы жана Астана шаарларында добуш берүү жайлары уюштурулган.

Министр Алматыда 8-октябрга чейин мыйзамсыз миграция боюнча иш-чара жүргүзүлүп жаткандыктан кечээки текшерүү учурунда кыргыз жарандары базарларда жанында тийиштүү документтерин салып жүрбөгөндүктөн кармалган деп эсептейт:

- Муну эми депортация деп атоого да болбойт. Анткени ага соттун чечими жана административдик протокол түзүлүшү керек. Мындай болгон эмес. Буларды документи жок деп туруп эле, автобуска салып, өзүңөрдүн мамлекетке кеткиле деп чек арага таштап коюшкан. Эми эки тараптан мыйзам бузуу болду. Эгер Казакстандын миграция полициясы тарабынан минтип мыйзамсыз иш жүргүздү десек, биздин дагы жарандардан мыйзам бузуу болгон. Бирөөнүн да чөнтөгүндө документи жок. Мен Алматы менен байланышып, маалымат алдым.

Кыргыз мигранттарын коргоо боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда эки келишим бар. Кечээки чыгарылып салынган жарандар соода сатык менен иштеп жүргөн ишкерлер. Казакстандын мыйзамы боюнча мындай ишкерлерге “мигрант” деген макам берилбейт. Ал эми ишкерлерди коргоо боюнча келишим былтыр Кыргызстан тараптан ратификацияланган менен, аны Казакстан тарап ратификациялай элек. Министр Айгүл Рыскулова ошондуктан алардын укугу сакталбай жаткандыгын айтат:

- Буларды казак-кыргыз чек арасына келип ташташкан. Алардын сексени бүгүнкү күнү документин тактагандан кийин кайтып кетишти. Жыйырма үчү бүгүн эртең менентен тактап жатышат. Он сегиз кишинин документтерин тууган-туушкандарынан сураттырып жатабыз. Алардын документтери такталса, кайра чыгып кетет. Булар Казакстанда мигрант болуп саналбайт. Ошондуктан аларды коргоодо ушундай көйгөйлөр жаралып жатат.

"Эмгек миграциясына байланышкан маселелерде кыргыз тарап көбүрөөк кызыктар болуш керек"

Талдоочу Марат Казакпаев да Казакстандагы кыргыз мигранттарынын абалы апрель окуяларынан кийин кыйындап кеткенин белгилейт. Анын пикиринде, ушул тапта Казакстанды Кыргызстандагы акыркы окуялар, стабилдүүлүк, коопсуздук маселелери чочутуп жаткандыктан ушундай кадамдар жасалып жатышы ыктымал

- Тышкы маалыматтык ресурс Орусиядан Казакстанга кетип жатат да. Алар азыр Кыргызстандагы абалды жасалма түрдө курчуп кеткендей көрсөтүп жатышат. Бирок азыр бизде тынч эле болуп жатат да. Казакстан ушундай бир жагдайлардан чочулагандыктан проблемалар чыгып жатат. Бизге стабилдүүлүк керек. Казакстан жанагы терроризм, экстремизмди шылтоолоп эле биздин мигранттарды кысып жатат. Негизи бул маселелер боюнча биздин тийиштүү органдар иштеш керек. Маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиш керек.

Дагы бир талдоочу Топчугүл Шайдуллаева эмгек миграциясындагы маселелерде Кыргызстан тарап көбүрөөк кызыктар болуш керек деген ойдо. Келишимдердин ратификацияланышы үчүн кыргыз тараптан көбүрөөк аракет талап кылынат. Муну менен катар чет жакта ишейм деген ишкерлер өздөрү да укуктарынын корголушуна салым кошуусу зарыл.

- Мигранттардын ушул катмарынын да кандайдыр бир деңгээлде укуктук жактан даярдыгы болуш керек. Эгер өз ара келишимдерде чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерди кызыкчылыгы эске алынбай, корголбой калса, алар муну мамлекеттен талап кылыш керек эле. Эмне үчүн муну Кыргызстан эбак ратификацияласа, эмне үчүн Казакстан муну карабай жатат деп кызыгыш керек. “Биз кор болбой, укугубуз сакталып иштейли” деп алар мамлекеттен талап кылыш керек. Эки мамлекеттин ортосунда мигранттарга байланыштуу келишимдерди кайра караш керек. Мына ушундай кырдаалдар эске алынбай калган жерлери болсо, аны кайра кошумчалаш керек. Атайы миграция тармагы бизде иштейт. Бул деген мамлекеттер аралык макулдашуу жолу менен түзүлөт. Анан бир жактуу ратификациялап коюп карап олтуруу туура эмес.

Расмий маалыматтарда ушул тапта Казакстанда ишкерлик кылып жүргөн кыргызстандык 25 миң жаран бар экени айтылууда. Алардын 15 миңи Алматы шаарында соода иштери менен алектенип келишет.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG