Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

New York Times: Борбор Азияда экстремисттик ислам коркунучу


Өзгөндүн Кош-Коргон айылында атайын дарядыктагы аскерлер үч жоочуну жок кылышкан
Өзгөндүн Кош-Коргон айылында атайын дарядыктагы аскерлер үч жоочуну жок кылышкан

Борбор Азияда диний экстремизм коркунучу жана жогорку окуу жайларындагы пара алмай өнөкөтү жөнүндө Батышта чыккан гезиттерде кеп болууда.

New York Times гезитинин өткөн аптадагы сандарынын биринде ‘Борбор Азияда экстремисттик исламчылыктын коркунучу’ деген бир макала жарыяланып, анда дээрлик Фергана өрөөнүндө кийинки айлардын ичинде белгисиз куралчан топтордун ургаалдашкан иш-аракеттерине талдоо жасалган. Июнь айынын башында Өзгөндүн Кош-Коргон айылында, Ооганстанда талибандардын жанында машыгып келгени билдирилген үч куралчандын атайын кызматтагы аскерлер тарабынан атылып өлтүрүлүшү мисалга тартылып, аша чапкан исламчыл топтор аймакта Ооганстандын үлгүсүндөгү баш көтөрүү аракетин козутууну көздөшүп жаткан болушу ыктымал экени билдирилет.

Кыргыз атайын кызматындагы аскерлердин андай топторго каршы жүргүзгөн операциялары тууралуу кең-кесири маалымдалып, макалада бул окуялар Ооганстан жана Пакистанда машыккан экстремисттердин, Ооганстандагы НАТОнун операцияларынын күчөшү менен Ферганаа өрөөнүнө кайтып жатышканынын жышаанасы экени айтылат.

Бул өнүгүүлөрдүн арты жүрүп олтуруп, Борбор Азияда диний-экстремисттик кыймылдардын күчөшү менен аяктаарын боолгологон расмий кызматчылардын жана адистердин пикири чагылдырылган New York Times гезитинде Борбор Азиядагы исламчыл экстремизм коркунучу жаңы нерсе эмес экени жана аймактын өкүмөттөрү бул көрүнүштөн саясий эркиндиктерге коюлган катуу чектөөлөрдү актоодо пайдаланып жатышканы бышыкталат.

Макаланын автору жазуусун улантып, “эгерде бул көрүнүш кандайдыр бир спектакль эмес, шыкаалап келе жаткан коркунучтун кабарчысы болгон абалда, Ооганстандагы операцияларды тейлеш үчүн аймакта аскердик базалар курган АКШ жана НАТО өлкөлөрү үчүн зор кыйынчылык жаратат” деген пикирин билдирет.

Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган бир макалада Борбор Азияда эл агартуу системасында өнөкөт алган коррупциячылыка сереп салынган. “Борбор Азияда коррупция эл агартуу системасынына бүлгүн салууда” деген баш сөз менен жазылган макалада, “менин милиция академиясына кирүүм үчүн талап кылынган параны табууга ата энемдин чамасы жетпеди. Ошондуктан алар, араң жыйнаган 1000 долларды төлөп мени Тажикстандын Каржы университетине гана киргизе алышты” деген бир тажик студенттин айткандарына орун берилген. Экзамен учурунда пара сунуштамай, бүт Борбор Азия жумуруяттарында күндөлүк көнүмүшкө айланып калганы айтылат. Макалада, Түркмөнстанда бул илдеттин аты ‘элаклык’ деп аталып калганы билдирилет да, бүт аймак боюнча түркүн университеттер жана башкача жождорго кирүүнүн ырасмий эмес наркы 600 доллардан 15 миң долларга чейинки суммада экени бышыкталат.
XS
SM
MD
LG