Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Жаш үй-бүлөлөр арасында баласын бирөөгө бактырып, эртелеп эле жумушка чыгып кеткендер көбөйдү. Андыктан соңку мезгилдерде бала багуучуларга суроо-талап өсүп, алардын баасы өстү.

Рангүл Сагындык кызы күнүгө жумуштан “балам кандай уктады, тамак жакшы жедиби” деп сурап кирет. Учурда анын баласы бир жашка толду. Рангүл баласына беш ай болгондо эле тааныштары аркылуу бала багуучу таап жумушка чыгып кеткен. Ал бала багуучуну төрөгөнгө чейин эле издештирип баштаганын “Азаттыкка” айтып берди.

Рангүлдүн айтымында, ал биринчи баласын да бир жашынан үч жашына чейин бирөөлөргө бактырган.

- Колдон келсе, бала багуучу албай эле, өзүң карап отурганың жакшы. Жакшы тааныш болбосо ишениш да кыйын. Мисалы мага он төрт бала багуучу келиптир. Алардын бирөө балама тамак бербей, кечке ыйлатып, ачка койгон кызды 14 күн дегенде кетирдим. Дагы бир кыз эч нерсе айтпай эле үйдөн алты миң сом, косметика, майда-чүйдөлөрдү уурдап кетип калыптыр. Келсем кичине кагазга “кечирип коюңуз” деп жазып коюптур. Айла жок кайра бактырабыз да. Иштебесек, бала менен отура берсек бизди ким багат. Негизи бала багуучу маселеси азыр кыйын болуп жатат. Табыш да кыйын болуп калыптыр.

Бала багуучуларды кайдан издешет?

Балдарын бактыргандардын көбү бала багуучуну биринчи туугандарынан, тааныштарынан, анан болбой калганда базарлардагы радио түйүндөрдөн, жарыялардан издешет.

Арасында айылдан окууну жаңы бүткөн кыздарды алып келип, кошо жашатып, акчасын төлөп, кийим-кечек алып берип, окууга өткөргөндөрү да бар. Айрымдары саатына, күнүнө эле баккан адамдарды издешет. Биз да алардын айрымдарына чалып көрдүк. Бизге Валентина деген бала багуучу жооп берди.

- Мен саат тогуздан кечки саат алтыга чейин иштейм. Бир күнүнө 350 сом. Эгер ишемби, жекшемби күндөрү да баламды карап бер десеңиз анда 350 сомго дагы 50 сом кошуп бересиз. Анткени мен дем алыш күнүмдөн баш тартып жатам да. Мен өзүм 32 жаштамын, балдар психологумун. Алты баланы бутуна тургузуп, чоңойттум. Мен бир-эки баланы бир айынан эле, калган экөө-үчөөнү эки-үч жашында алам. Жалпысынан 5-6 бала болот. Ата-энеси өздөрү алып келип таштап, кайра алып кетишет.

Биздин дагы бир коңгурообузга Зуура эже жооп берди:

- Жок, бала баккан менин таанышым болчу, ал балдарды алып алды. Экөө эмчек эмет экен. Үч эле бала алам деп аткан, экөөнү ашыкча алып алды. Өзү жалгыз да, кантип багам деп ойлонуп атат эми. Тамак да жасаш керек да.

Мурда кандай эле?

Жаш үй-бүлөлөрдүн көбү жашоонун кыйынчылыгынан баласын бактырып, эптеп тамак-ашка акча табыш керек дешет. Ал эми мурда кандай эле? Үй-бүлөлөр балдарын кантип бакчу, балдарын бирөөлөргө бактырчу беле? Биз бул суроого жоопту 80 жаштагы Бааркан ападан издедик.

- Биздин убагыбызда төрөгөндө үч ай отпуска берчү. Андан кийин яслиге берчүбүз. Түшкү саат 12лерде келип эмизип кетчүмүн. Ошол бойдон саат беште алып кетет элем. Үйдө экөөбүз иштесек деле балдарга пособие алчубуз. Ошол кезде бир балага 50 сомдун ар жак бери жагы төлөнчү. Ал кезде акча күчтүу болчу да. 70 килограммдык бир мүшөк ундун баасы 17 сом болчу. Азыр ал акчага бир нан сатып алып жатпайбызбы. Иштеп деле, бала деле карап жетишчүбүз. Конок да көп келчү. Азыр менин үч келиним бар. Чарчадым эле дешет. Эмне кылгандарына чарчайт, таң калам.

Пособие менен жашоого болобу?

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинен алган маалыматка караганда, учурда пособие бир айлык киреше киши башына 240 сомдон ашпагандарга гана берилет.
Кыргызстанда 359 миң адам пособие алат. Пособиенин орточо өлчөмү 136 сом. Мындай акчага бир ай жашаганга деги эле болбой тургандыгы талашсыз. Пособие кадай шартта бериле тургандыгын министрликтин өкүлү Чолпон Мамбетаипова айтып берди:

- Биздин пособие үй-бүлөнүн кирешесине карап эсептелет. Үй-бүлөдөгү кишилердин баарын санап, тапкан акчасын бөлөбүз. Мисалы үй-бүлөдө он киши бар дейли. Алты миң сом айлык ала турган болсо ар бирине 600 сомдон туура келип жатат. Демек алар пособиеге илешпейт.

Кыргызстанда бала бакчалардын дээрлик бардыгы балдарды эки жаштан жогору гана кабыл алышат. Ал эми балдарды 3 айдан тартып бала бакчага тапшыруу деги эле мүмкүн эместигин Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринин тарбиячысы Анара Кадыралиева билдирди:

- Үч айлык баланы караш абдан оор. Ал эмес эки жашар баланы караш канча кыйынга туруп жатат. Айрымдар жеке бала бакчаларга берип жатышат. Бирок алардын бизден айырмасы бир гана балдардын санында. Калган тамак-аш, окуткандары деле биздей.

Ошентип Кыргызстанда бала баккан адамдардын баасы ар кандай. Эки миң сомдон он миң сомго чейин. Андан жогорулары да бар. Бала бакчалардын баасы да ошондой. 8-9 миң сомго чейинкилер да жок эмес. Бирок аларга бардык эле ата-эненин чама-чаркы жете бербейт.

Маселен, Орусияда жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында атайын чоң программа да кабыл алынган. Көп балалууларга чоң суммадагы акча да берилет. Кыргызстанда бул маселе азырынча аксап турат. Демек үй-бүлөдө көп балалуу болуу дегеле сөз болбой тургандай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG