Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Бала бакчалардын дээрлигинде китеп маселеси курч бойдон турат. Тарбиячылар соңку жылдары балдарга арналган ыр, жомоктор чыкпай жатканын айтып, кейишүүдө.

Тарбиячы - котормочу

Аюу чээнге барабыз,
Алмасынан алабыз,
Аюу уктап жатканда,
Үйдү көздөй качабыз,
Колдорубуз шак, шак, шак,
Буттарыбыз так, так, так
Бир, эки, үч, отурабыз түз...

Бул ырды Бишкектеги бала бакчалардын дээрлик бардыгында үйрөтөт. Тарбиячылар соңку жылдары балдарга арналган ыр, жомоктор чыкпай жатканын айтып, кейишүүдө. Бала бакчалардын дээрлигинде китеп маселеси курч бойдон турат.

Бишкектин борборунда жайгашкан бала бакчанын биринин тарбиячысы Гүлжамал Токторбаева көп материалдар орус тилиндеги адабияттардан, китептерден алынарын белгилейт. Которууга да каражат талап кылынгандан улам котормочулук да өздөрүнүн мойнунда.

- Бала бакчаларда кыргыз тилинде такыр китеп жок. Орустардыкы жакшы да. Аларда дүкөндөргө барсаң даяр, көрсөтмө куралдар, балдардын жашына карата китептер сүрөттөрү менен чыгат. Биз ошол китептерди алып келебиз, которобуз. Биз өзүнчө эле котормочубуз. Көбүнчө эле орус адабияттарын колдонобуз. Менин группамдагы беш жашар балдарга ылайык сөз өстүрүү, сабатка үйрөтүү деген сабактар бар. Ага карата бир да китеп таппайсың. Жомоктор да жок. "Кыргыз эл жомоктору” деп "Сорос" фонду чыгарып жүрөт, бирок ага чөнтөк жука.

Жеке бала бакчалар эмнеси менен утат?

Ошентип мамлекеттин карамагындагы бала бакчалардын көпчүлүгү өздөрүнүн изденүүсү менен гана балдарды тарбиялап келет. Балдар ырларын, чыгармаларды жазган акындар менен иштешүү маселеси деле каражатка келип такалат. Тарбиячы Гүлжамал Токторбаева сонку кездерде көпчүлүк ата-эненин өз балдарын орус бала бакчаларга берүүгө кызыкдар экенине бир жагынан таңданса, бир жагынан арданат.

- Кыргыз тилин үйрөтө турган биринчи баскычтар ушул бала бакчадан башталып жатпайбы. Тилди өнүктөрбүз деген менен ага көңүл бурган деле эч ким жок. Бала өз эне тилин билбей калып атат. Азыр бүт ата-эне кыргыз бала бакча, мектептерден качат. Бирок биз деле мыкты тарбия беребиз, изденип иштейбиз.

Чынында эле айрым ата-энелердин арасында орус тилдүү бала бакча, же борборлордо тарбия берүү мыкты деген түшүнүк жок эмес. Ошол себептүү биз балдарды өнүктүрүү боюнча “21-кылым” аттуу борборго баш бактык. Борбордун мамлекеттик бала бакчаларга салыштырмалуу үч эсе аз бала тарбияланат экен. Айрым балдар атайын 3-4 саатка келип окуп гана кетишет. Борбордун жетекчиси, психолог Ольга Демидова балдар демейде ойнобогон, көрбөгөн кызыктуу оюнчук, оюндарды ойлоп тапканга аракет кылабыз дейт.

- Биздин борбордо биз такыр башкача оюндардын формасын ойлоп табабыз. Булар курактагы балдардын жана тарбиячынын катышуусунда дидактикалык роль ойногон, негизинен акыл-эстин өсүшүнө таасир берген оюндар ойнотулат. Балдар берген маалыматты өзүнө сиңирип алат. Ошондуктан бул жерде балдарды тарбиялап жаткан улуулардын жоопкерчилиги абдан чоң.

Ольга Демидованын айтымында, алар борбор үчүн материалдарды көбүнесе Орусиядан алып келишет. Алсак ар кандай жашына жараша математика, дүйнө таануу, жаратылыш сыяктуу сабактар үчүн китептер жана сапаты жакшы оюнчуктар ошол жактан алынып келинет.

- Ар бир жаштын өзүнүн эске ала турган жагдайлары бар. Бала чоңойгон сайын оюнчугу кичине боло баштайт. Кичинелердин оюнчугу чоңурак дегендей. Мисалы, мындай эки окшош итти көрсөтөбүз. Мындай карасаң экөө окшош. Бирок бала ошонун айырмасын табыш керек. Бул жерде баланын эске тутуусу жакшырат. Ошондой эле боекторду айырмалап билүүчү оюндар колдонулат. Мындай алганда профессионал тарибячы жөнөкөй оюнчук менен деле балага бир нерсе үйрөтө алат.

Өкмөттүн мамилеси кандай?

Анткен менен мамлекеттик бала бакчалардын тарбиячылары деле жеке менчик борборлордон кем калышпай тарбия бере турганын белгилеп келишет. Жал кичи районундагы бала бакчанын тарбиячысы Анара Кадыралиева:

- Биздин бакчага эки жаштан кийин алабыз. Ага чейин алса кичине караш да кыйын болуп калат. Жеке бала бакчалардан балдардын саны менен гана айырмаланбаса бардыгы окшош эле. Аларда бир топто 10-12 бала болсо бизде андан көп.

Ал эми профессор жана 2008-жылы чыккан “Алиппенин” автору Сулайман Рысбаев өз алдынча эле мектепке чейинки балдарга керектүү китеп жазып жүрөт. Анын айтымында, азыр өкмөт мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жакшы көңүл бурбай келет.

- Ар кимдин өз курагына жараша адабияты болуш керек. андай нерсе чындыгында бизде жок. Аны өкмөт чыгаруу жөнүндө азырынча ойлоно элек, андай адабиятты өстүрүүгө кам көрүү да жок. Ар кимибиз өзүбүзчө эле колдон келишинче чыгарып жатабыз. Үйдөн дүйнө таанып, үйдөн чөйрө тааный турган ошого ылайыктуу эң жөнөкөй китептер керек. Жети жашка келгенде эле мектепке келишет, өсүү деңгээли төмөн болот. Орус мектептериндеги балдардан ошондуктан төрт-беш эсе төмөн. Көркөм дүйнөсүн өстүрө турган адабиятты ар бир баланын курагына жараша чыгарып, арзан баада элге жеткирсе болмок. Антпесе азыр кыргыз балдар китеп окубайт.

Сулайман Рысбаев атайын бала бакчадагы балдарга ылайыктап “Бөбөк китеп” жана “Бала тили” деген китеп чыгарган. Бирок мындай китептерди алууга мамлекеттик бала бакчалардын чама чаркы дале чамалуу болуп турат. Ал эми атайын китеп чыгарып, бекер таратуу жагын өкмөт азырынча колго ала элек. Шаардагы бала бакчалардын жетекчилери болсо айрым учурда керексиз эле китептердин 5-6 сандап чыкканын, балдардын тилине ылайыкталган кыргыз тилиндеги жаңы ыр, жомоктордун жетишсиз экенин кайталап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG