Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Мамлекет башчысы өз милдетин аткара албай калган шартта анын милдетин ким аткарышы керек деген маселе апта бою көңүл чордонунда болду. Ушул маселенин өзөгүн түзгөн Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоонун экинчи баскычы бул аптада парламенттин фракцияларына чейин жетип токтоду.

Башкаруу реформасына байланыштуу өзгөртүлгөн Конституция долбоорун президент Курманбек Бакиев парламентке 14-декабрда жиберген. Конституцияга ылайык жаңы долбоорду кароого парламент Конституциялык Соттон макулдук сурап, ага жоопту 21-январда алган. Конституциялык Сот президент сунуштаган долбоорду жалпысынан колдоп, бирок убактылуу президентти дайындоо максатында сунушталган Президенттик кеңешмени башка орган кылып түзүүнү сунуштаган:

-Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту Башмыйзамдын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык түзүлгөн Президенттик кеңешме өзүнүн макамы боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат. Анын чечими сунуштама мүнөздө болорун жана аны президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болорун эске алып, Президенттик кеңешме президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган орган боло албайт деген жыйынтыкка келди, - деген чечимди жарыялаган Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова.

Конституциялык Соттун чечиминен долбоорду өз кароосуна алган Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитети ушул 26-январда убактылуу президентти дайындоо милдети жүктөлгөн Президенттик кеңешменин ордуна Мамлекеттик кеңеш түзүмүн сунуш кылды.

Мамлекеттик Кеңештин курамына башка мамлекеттик бийик даражадагы жетекчилердин катарында Жогорку Кеңештин төрагасы, Өкмөт башчы да кириши керек. Бул сунуш Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулаган шаршемби күнкү фракция жыйындарында талкууланып, жалпысынан колдоо тапты.

Биринчи кезекте комтитеттин жаңы сунушун президент түптөгөн “Ак жол” партиясынын парламенттеги тобу талкуусуз жактырды.

Долбоордогу убактылуу президентти дайындоонун тандалган жолуна каршылыгын Социал-демократтар фракциясы билдирип, ошол эле күнү өзүнүн бүтүмүн коомчулукка жарыя кылды. Оппозициядагы фракция мурдагыдай эле убактылуу президентти кандайдыр бир орган дайындашына каршы чыгып, Мамлекеттик кеңеш түзүү деген жаңы демилгеге суу кечпеген сунуш катары кароодо:

- Силердин кумдан жасалган "үйүңөрдү" биз "бузуп" салдык. Бул орган жок. Андай болбойт. Бул оюн эмес да. Бул түзөтүүлөр да, Конституция да оюн эмес. Дүйнөлүк практиканы тутунгула да.

СДП депутаттарынын жыйынында ал топтун башчысы Роза Отунбаева мындай пикирин Мамлекеттик кеңеш Кыргызстанда буга чейин эле түзүлгөндүгү менен негиздеди.

Мамлекеттик кеңеш түзүү жөнүндөгү жардыкты президент Курманбек Бакиев 2006-жылы чыгарган. Анын жобосуна ылайык Мамлекеттик кеңеш консультативдик - кеңеш берүүчү орган болуп, анын курамына президент, премьер-министр, ЖК төрагасы баштаган бийик тепкичтеги жооптуу биринчи жетекчилердин бардыгы киргизилген.

- Мындай "кино" болгон. Мамлекеттик кеңеш бар. Мындан тышкары коомдук палата деген бар. Кайра эле айланып келип атабыз. Кечээ "Ак жолдун" өзөгү болгон комитет "Эврика! Биз таптык!" деп кыйкырып атышат, - деди фракция башчысы Роза Отунбаева комитеттин сунушун сындап.

Президент Курманбек Бакиев болсо Конституциялык Сот бүтүм чыгаргандан кийин долбоорду парламенттин кароосуна расмий уруксат бере элек. Ага жараша убактылуу президентти дайындоочу орган боюнча да президент кандай чечим кабыл алып жаткандыгын эч ким билбейт. Кокус президент комитет сунуш кылган Мамлекеттик кеңешке макулдук берсе мурда түзүлгөн Мамлекеттик кеңеш жоюлабы же милдеттери кайра баштан аныкталабы – бу да суроо бойдон турат.

Ошол эле мезгилде президенттин атынан парламентте сүйлөп жаткан мамлекеттик ишмерлер оппозиция каалагандай дүйнө мамлекеттеринин эрежелерин жолдоп, убактылуу президенттин милдетин аткарууну тигил же бул органга эмес, жеке жетекчиге тапшырууну жакташкан жери жок. Мамлекеттик кеңеш түзүү жөнүндө Юстиция министри Курмантай Абдиев минтип түшүндүрдү:

- Бир эле убакта негизги милдеттери менен президенттин милдеттери бириккенде, бир кишинин колунда болгондо Конституциянын жетинчи беренеси бузулуп калгандай болуп калып атат, бул биринчи учур. Экинчи учур - реформанын алкагында. Үчүнчүсү, көп адамдын ичинен алда канча татыктуу адамды тандаганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Коммунисттер фракциясы болсо убактылуу президент боюнча комитеттин сунушун дээрлик колдоду. Фракция башчысы Искак Масалиев Мамлекеттик кеңеш жөнүндө жаңы мыйзам иштелип чыкса бардык талаш маселелер жай-жайына келип каларын айтат:

- Бул жерде өтө деле корко турган эч нерсе жок. Биздин фракция мамлекеттик кеңеш деген түшүнүккө мыйзам долбоорун алып келиш керек деп. Бул мыйзам үч же төрт беренеден туруш керек. Мамлекеттик кеңеш деген эмне, ким курамына кирет, кайсы учурда эмне маселе менен чогултулат? Кыска, балким, үч-төрт беренеден турган мыйзам болушу керек. Ошондо Мамлекеттик кеңешке эч кандай башка функция кошулбаш керек, башка укук берилбеш керек. Ушундайда менимче тазараак болот эле.

Ошол эле мезгилде президент Курманбек Бакиевдин Конституциялык реформасын кескин сынга алып келаткан бийликтен окчун саясий чөйрө болсо бул аракеттердин артында жеке кызыкчылык турат деп жатат.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, маселен, азыркы бийликте Кыргызстанды элге калтырыш керек деген максат болбой жатканын айтат. Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев президент сунуштаган Президенттик кеңешмеден комитет киргизген сунуш мамлекеттик кеңеш эч айырмаланбайт жана ал эл үчүн пайда бербейт дейт:

- Ар бир мамлекетте бир күн да, бир саат да мамлекет башчысы жок калбаш керек. Мына ошондуктан мамлекет башчы жок болуп калганда анын ордуна милдетин ким аткарат деп аны эрте эле аныктап коюш керек. Анан кеңешме чакырып, анын ичинде “сен болосуң, сен болбойсуң” деп ал жерде талашып отургандын өзү туура эмес маселе.

Кандай болгон учурда да Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору эртеби-кечпи ушул калыбында, болбосо бир аз өзгөртүлгөн абалында кабыл алынарын талдоочулар белгилеп жатышат. Бирок бул Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктардан артка кеткен жагдайды түзүп калып атат. Буга үндөш пикирин талдоочу Кубан Абдымен билдирди:

- Жаман жери буга чейинки демократиялык принциптердин бардыгынын Кыргызстанда иштебей тургандыгынын далили. Бардык өлкөлөрдө парламенти бар, өкмөтү бар, президенти кетип атканда Конституцияда жазылган укуктары бар мамлекеттерде “жок, сен буга жарабайсың, сени талкуулаш керек, бир чоң кеңеште добуштан өтсөң анан аласың” дегендей бир да учур көрө элекмин, уга элекмин.

Ошентип бул аптада ыкчамдык менен комитеттин жана фракциялардын кароосунан өткөн Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сессиясын күтүп туруп калды, анын каралар күнү тактала элек.

Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жаңы төрайымы Лейла Сыдыкованын ишендиргенине караганда, долбоордун алдыга жылышына тоскоол боло турган принципиалдуу эч кандай маселе жок, болгону процедуралык жагдайлар кармап атат. Төрайым долбоор сессияга келерки, болбосо андан кийинки аптада чыгарылышы ыктымал деп болжоду.

Бул аралыкта президент Курманбек Бакиев Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоорду парламент сессиясында кароого уруксат бере электиги маалымдалууда. Президент макулдук берген шартта долбоор парламентте үч ай аралык тыныгуулар аркылуу эки окулушта талкуудан өтүп, кабыл алынышы керек.

"Азаттыктын" архивинен: З. Курманов: Президенттик кеңешме керек

З. Курманов ЖК төрагалыгына шайланаардан бир күн мурда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG