Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Кыргыз парламенти Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан СДПнын фракция мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратты.

Башкы прокуратура СДПнын парламенттеги фракция мүчөсү Кубанычбек Кадыровду 23-июлдагы президенттик шайлоодо Балыкчыда чыккан жаңжал боюнча козголгон кылмыш иште негизги айыпталуучу деп тапкан. Ага жараша Башкы прокуратуранын сунушун Жогорку Кеңеш кезексиз карап, ыкчам чечип берди.

Парламент депутаттары өз кесиптешин кол тийбестик укугунан ажыратууну мыйзам алдында бардык жарандар бирдей экендигин, буга парламент да баш ийбеске чарасы жогун далилдөөгө аракет кылышты. Бийлик партиясынын парламентте негизги саясий күч болуп турган “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов парламентте буларды айтты:

- Жогорку Кеңештин кол тийбестиги боюнча маселе аябай көп көтөрүлүп келген. Элдин арасында буга аябай тескери мамиле бар. Эгерде биз депутаттык мандат менен жамынып алып, ошол иштер боюнча тергөөгө барбай, тергөө иштеринин ачылышына так жардам бербей, тоскоолдук кылган болсок бул ишке биз чекит коюшубуз керек.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин “Азаттыкка” ишендиргенине караганда оппозициячы депутат Кубанычбек Кадыров дал ушул тергөө иштерине тоскоолдук жасаган депутат болуп чыкты:

- Мен кылмыш иш козгордон мурда Кадыровдун өзү менен сүйлөшүү жүргүзгөм. Биз сунушту Жогорку Кеңешке бербей туруп, Кадыровдун кол тийбестигин албай туруп деле тергөө жүргүзсөк болмок. Бирок келбей койду. Бир да жолу келбей, тергөө органдарын көзгө илбей, мына бүгүн да 90 депутаттын алдына келген жок.

Баш прокурордун мындай билдирүүсүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев төгүндөдү:

- Эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Тергөөчү чакырса барып аткан. Мен аны билем. Өзүм айткам чакырсы барып тургун деп. Адвокаты ооруп калды. Бирок тергөөчүлөргө айткан, мен өзүм келип атам, айыксын, анан көрсөтмө берем деп. Чакырганда барып атты. Комиссияда ушунун баарын айтып берген. Бул жөн эле сөздөр. Бийликтин мындан аркы максаты бир. Мен кыргыздын макалын айткым келет: уурдаган кыз уурдабаган кыздын бетин тырмайт. Булар - уурулар. Эл бардыгына чыдайт деп бетин тырмап атат.

Кубанычбек Кадыров - азыркы парламенттин курамына СДПнын тизмеси боюнча жазында жаңы келип кошулган депутаттардын бири. Аны Башкы прокуратура Балыкчы окуясын уюштурду деп күнөөлөп жатат. Депутат Кадыров өзү болсо жаңжал чыккан күндөн тарта коомчулукка кандайдыр бир билдирүү жасаган жери жок.

Бул аралыкта Кубанычбек Кадыровдун күнөөсү жок экендигин, оппозициянын айыпталып жаткан бардык башка тарапкерлери сыяктуу эле бийликтин зордукчул саясатынын курмандыгы болуп жаткандыгын анын саясий тилектештери нечен курдай айтышты.

Кадыровдун маселесин алгачкы жолу талкуулаган 10-сентябрдагы жыйынында социал-демократ депутат Ирина Карамушкина өз кесиптештерине кайрылып, "Башкы прокуратура биздин колубуз менен жеринде мыйзамсыздыкка каршы турган элди коргогон чыныгы депутатты жазалаган атат. Депутат Кадыров “Депутаттын макамы жөнүндөгү” мыйзамдын 14-беренесине ылайык аракеттенген" деп сүйлөгөн болчу.

Оппозициячыл саясатчылардын бул өңдүү негиздерин азыр бийликтин эшиткени байкалбайт. Бириккен оппозиция болсо Кадыровдон кол тийбестикти алуу менен мыйзамдуулуктун эч кандай байланышы жок деп, бийлик элдин жана оппозициянын үшүн алуучу саясатын улантып жатканын айтууда.

- Бийликтин бул аракети - Ноокат окуясы сыяктуу көлдөн да он-он беш кишини отургузса башка элге сабак катары беш-он жылга чейин баш көтөргөн эч ким болбой калса деген эле ой болушу керек, - дейт "Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев.

Жалпыга маалым, 23-июлдагы президенттик шайлоо күнү Балыкчы шаарында чыккан жаңжал боюнча козголгон кылмыш иштин чегинде оппозициянын 19 тарапкерине бийликти басып алууга, баш аламандык уюштурууга аракет кылды, конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылууда.

Аларды актоо үчүн оппозиция сунуш кылган адвокаттардын ана башында БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров турат. Анткен менен оппозиция лидерлеринин бири да саясий негизде козголгон бул кылмыш иштен чегинде тагылган айыптан оппозиция тарапкерлери акталып чыгарына ишенбей турушат.

Уюштуруучу деп шектелип аткан депутат Кадыровдун кол тийбестик укугунан ажыратылышы жана аны камакка алуу жагдайынын түзүлүшү Балыкчы окуясындагы жагдайды ого бетер оорлотуп койду.

Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун талдоочулар бийлик менен оппозиция ортосундагы диалогдон көрүп жатышат. Шайлоо маалында камакка алынгандардын күнөөсүздүгүн далилдөө үчүн бардык аракеттерди, анын ичинде бийлик менен тең ата сүйлөшүүгө даяр экендигин Балыкчы окуясынан кийин алгачкылардан болуп коомчулукка БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров да билдирген болчу.

Балыкчы окуясын адам укуктарына шек келбегидей кылып чечүүнүн бир жолу катары сүйлөшүү жолу кала берерин Кадыров кол тийбестиктен ажырагандан кийин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Алмаз Атамбаев да белгиледи:

- Албетте, чечимди БЭКтин бюросу алат. Эгер сүйлөшүүгө барсак да жалаң репрессияны токтотуу боюнча сүйлөшүүгө барышыбыз мүмкүн. Бирок бул маселени бюро карайт. Ушундай маселени дүйшөмбү күнү бюрону чогултуп карайбызбы, көрөбүз.
Мен айткам балдарды түрмөдөн чыгаруу үчүн ар кандай сүйлөшүүгө даярмын деп. Бирок ал сүйлөшүүлөр БЭКтин бюросунун чечимине ылайык ачык-айкын болот.


Бирок азырынча Азимбек Бекназаров менен Алмаз Атамбаевден башка БЭКтин таасирдүү башка саясатчыларынан бийлик менен көзмө-көз сүйлөшүүнү эп көргөн пикирлер чыга элек. БЭКтин айрым мүчөлөрү оппозициянын аракетин бийлик тескери кабылдап, кырына чыгып алат деп, муну азыркы бийликке жүгүнүп берүүчүлүк катары кабылдап атышат.

Оппозициядагы дагы бир таасирдүү саясатчы Өмүрбек Текебаев бийлик менен сүйлөшүү демилгесин Бекназаровдун жеке пикири катары карап, Балыкчы окуясы саясий соодага айланып кетип, оппозиция саясий кадырын тайытып алат деп сактанып турат.

Ага жараша азырынча БЭКтин башкаруучу органдарында колдоо табар-таппасы да белгисиз. Ошентсе да талдоочулар элдешкис оппозиция тараптан Балыкчы жагдайына байланышкан сүйлөшүүгө кадам жасалды деп эсептешүүдө.

Мындай пикирин “Азаттык” менен талдоочу Бакыт Орунбеков бөлүштү:

- Оппозиция бийликке Балыкчыдагы камалып тургандарды камактан бошотуп туруп, соттук териштирүүңдү жүргүзө бер, биз анан сүйлөшүүгө барабыз деп. Коомдун жалпы стабилдүүлүгү үчүн бийлик ошондой кадамга деле барышы керек. Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн башка жолу башталса болот.

Байкоочулар оппозиция лидерлеринин бийлик менен сүйлөшүү ниети жеке эле Балыкчы окуясы менен байланыштуу деп эсептешкен жери жок. Бийликтин күчтөнүшү саясий күрөштү улантууга элдешкис оппозициянын мүмкүнчүлүгүн чектеп, саясий айдыңдан сүрүлүп калуу коркунучун жаратты деген талдоочулар бул кадам аркылуу коомчулук алдында өз кадырын көтөрүүгө бет алды деп жатышат.

Мындай жагдайда Балыкчыдагы президенттик шайлоого байланышкан жаңжал дал ушул саясий диалогду жүргүзүүгө себеп болуп бериши мүмкүн.

Президенттин Катчылыгы бириккен оппозициядан диалог жүргүзүү боюнча расмий кат берилгендигин тастыктаган жок. Бийлик оппозициянын диалог түзүү ниетине кандайдыр бир комментарий бере элек.

Президенттин катчылыгынын талдоо бөлүмүнүн башчысы Мелис Жунушалиев оппозиция менен сүйлөшүү ыктымалдыгын жокко чыгарбады:

- Оппозиция күчтөру менен диалог маселеси шайлоо жыйынтыктарынын тегерегинде болушу мүмкүн. Балыкчы окуясы шайлоо маселесинин тегерегинде болушу мүмкүн.

Президенттин катчылыгы президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча коомдук, саясий уюмдар менен чогуу-чаран талкуу уюштуруу демилгесин август айынын башында көтөрүп чыккан болчу. Жунушалиевдин акыркы маалыматына караганда бул иш-чара ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча доклады келип түшө электигине байланыштуу кармалып турат.

Анткен менен азыркы оппозициянын күнү бүттү деген коз караштагы талдоочулар дегеле бийлик менен азыркы элдешкис оппозициянын сүйлөшүүсүнө зарылдык жок экендигин айтып атышат.

Мындай пикирин “Азаттык” менен саясат таануучу Жолборс Жоробеков бөлүштү:

- Сүйлөшүү мүмкүн эмес. Бийликке мунун эч кереги жок. Бийлик дагы карап турат, коомчулуктун пикирин билет. Булар менен сүйлөшүүнүн, кандайдыр ойлор боюнча кеңешүүнүн бийликке азыр кереги жок. Анткени булар өздөрүн өздөрү жеп бүтүрүштү.

Президент Курманбек Бакиевдин саясатын жактаган коомчулукта мындай көз караштын пайда болушуна Бириккен оппозициядагы таасирдүү саясатчылардын катарынын ар кандай себептер менен суюлуп кетиши да түрткү болууда. Муну оппозиция биринчи кезекте бийликтин саясий куугунтук менен коштолгон зөөкүр саясаты катары баалап келатат.

Ошол эле учурда талдоочулар бийлик сыяктуу эле оппозициянын артында да алардын кызыкчылыгын коргогон коомчулук бар экендигин эске салышууда. Талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде эки тараптуу сүйлөшүүдө бийликке да, оппозицияга да упай топтоп бере турган жагдайлар сакталып турат:

- Бийликти сүйлөшүүгө макулдаткан күчтөр да чыгышы мүмкүн. Алар бийик деңгээлде уюштуруп, каршылаштарыбызды өзүбүзгө тартканга мүмкүнчүлүк түздүк дегендей жүйөө айтууга себеп болот. Экинчи тарап сүйлөшүүгө негитз жок. Өз чечимдерибизди ишке ашыра берели дегендер да чыгышы мүмкүн. Менимче сүйлөшүүгө барса азыркы бийликтин бедели көтөрүлө турган мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан эки тарап макулдашса сүйлөшүүлөр жүрөт деп ойлойм.

Оппозиция болсо коомчулуктун талкуусуна жем таштаган билдирүү жасап, саясий куугунтуктарды токтотуу жаатында сүйлөшүүгө барууга ниет кылганы менен президенттин мындай кадамга барарына ишенбей турат:

- Бирок президент диалогго барам деп туруп эле кылган иши теңирден тескери болуп жатпайбы. Бүгүнкү күнгө чейин биз дагы эле ошондой саясий куугунтук менен жаткандар боюнча президент менен сүйлөшүүгө барууга биз макулбуз, бирок биз ишенбейбиз. Президент сүйлөшкөндө дагы мурдагыдай адатынча башкача аракеттерди жасап коюшу мүмкүн, - деди Азимбек Бекназаров “Азаттыкка”.

Президенттик шайлоодон мурда Бириккен оппозиция жоон топ таасирдүү саясатчыларга каршы кылмыш иштеринин айланасында сүйлөшүү үчүн жасалган эки тараптын аракети майнапсыз болуп калганы коомчулукка маалым.

Кандай болгон учурда да сүйлөшүүгө баруу керек деген маселе коомчулукта кайрадан көтөрүлө баштады. Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын пикиринде сүйлөшүүлөрду ишке ашыруу керек деп, буга эки жакка тартпаган, калыс ортомчуларды салуу керек.

Кошумчалап койчу дагы бир өңүт – Ысык-Көл коомчулугунун аттуу-баштуулары Балыкчы окуясы боюнча коомчулуктун пикирин эске алууга, кепке келүүгө чакырып, бийликке ачык кайрылуу жолдоду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG