Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Президент Катардын эмирине көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири шейх Тамим Бин Хамад Аль Таниге шейх Халиф бин Хамад Аль-Танинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Анда президент мурдагы эмир Халиф бин Хамаддын өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын, катарлыктардын аза кайгысын тең бөлүшөрүн белгилеген. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Катардын мурдагы эмири Халиф бин Хамад аль-Тани 23-октябрда 85 жашында дүйнө салды. Буга байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Маркум Катарды 1972-1995-жылдары башкарган. Ал азыркы эмирдин чоң атасы. (NT)

XS
SM
MD
LG