Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Кайрадан көтөрүлө баштаган "Люстрация" мыйзамын кабыл алуу маселеси тууралуу “Адам укугу жана демократия” борборунун төрагасы Идирисбек Кубатбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанда "Люстрация" мыйзамын ишке ашыруу аракеттери ушул тапта кайрадан күчөп атат. Бул багытта иштеген “Люстрация” кыймылы ушул тапта 15 миң кол топтогонун жарыялашты. Азыр парламентке түрдүү күчтөр келбедиби. Араларында мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда тургандар көп. Кандай ойлойсуз, "Люстрация" мыйзамын киргизүү аракети ишке ашабы?

Идирисбек Кубатбеков: Эгер "Люстрация" мыйзамы тууралуу дүйнөлүк практиканы карап көрсөк, бул 1990-жылдары Чыгыш Европа мамлекеттеринде негизинен пайда болуп, ошол жерлерде башталган. Бирок бул мурдагы СССРдин аймагындагы мамлекеттерде ушул күнгө чейин ишке ашпай келатат.

Кыргызстанда 2009-жылы бул мыйзамды кабыл алуу боюнча алгачкы кадамдар башталган болчу. Бирок ал мыйзамды кабыл алуу аракети 7-апрелден кийин деле, азыр деле өзүнүн натыйжасын бере элек. Менин оюмча бул мыйзамды кабыл алуунун ишке ашуусу өтө татаал. Себеби аны кабыл алуу маселеси бир гана революциялык гана кадам болбостон, ал өзү менен кошо бир канча укуктук маселелерди да жаратат. Бул жерде жаңы шайланып келаткан Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алабы, аны кабыл алууга депутаттардын саясий жана укуктук эрки жетеби? Маселенин баары ушундан да болуп жатат.

“Азаттык”: Акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган айрым укук коргоочулар "Люстрация" мыйзамы киргизиле турган болсо адам укуктары бузуларын айтып атышат. Дегеле "Люстрация" мыйзамын киргизүү жараянына мамилеңиз кандай? Кыргызстанда бул маселени көтөрүүгө негиздер барбы?

И.Кубатбеков: Албетте бул жерде айтып коюш керек болгон нерсе, биз эгемендүүлүктү алган кезде өзүбүздү укуктук мамлекет деп дүйнөгө жар салып, укуктук жолду тандап алганбыз. Демек укуктук мамлекет болгондон кийин адам укугуна көбүрөөк маани берилет.

Эми "Люстрация" маселеси саясий өңүттөн алып караганда жакшы чыгар. Бирок укуктук өңүттөн алып караганда андай болбой калат. Силер билесиңер, Кылмыш-жаза кодексинде күнөөсүздүк презумпциясы деген принцип бар. Ага ылайык ар бир жаран соттун өкүмү чыкканга чейин күнөөсүз деп саналат. Бул демилге ошол принципке каршы келет. Экинчиден, биздин баш мыйзамда бардыгы бадырайып жазылып турат. Ар бир жаран шайланууга жана шайлоого укуктуу. Демек биздин элге демократияны же элдик бийликти ишке ашырыш үчүн шайлоолорго шайлануучу же шайлоочу катары катышууга укуктар берилген. Эгер ушул "Люстрация" мыйзамы кабыл алына турган болсо, анда жарандардын шайлануу укугуна да кедергиси тийип калат.

“Азаттык”: Бул мыйзамдын аркасынан күнөөсүздөр жабыркап же кайсы бир күч курал катары пайдаланып кетиши мүмкүн деген ойлор да айтылып атат. "Люстрация" мыйзамын киргизүүдө бийликке жолотулбай турган адамдарды тандоо критерийи болушу керек да? Талаш-тартыштын бардыгы ушул жерден чыкпайбы? Себеби мурдагы эки президенттин тушунда бийликте иштеп кеткендер оппозициясында, позициясында да бар?

И.Кубатбеков: Туура айтасыз. Мисалы эң эле катаал жаза катары эсептелип жүргөн өлүм жазасын алып карай турган болсок, дүйнө жүзүндөгү бул жазаны колдонгон мамлекеттердин бардыгында деле толук түрдө күнөөлүүлөр адилеттүү жазасын алды деп эч ким айта албайт. Бул жерде сиз суроо бергендей эле "Люстрация" мыйзамынын аркасы менен күнөөсүз адамдар дагы, же болбосо бийликке келген тараптын саясий атаандаштарын тазалоо механизми катары да колдонулуп кетиши мүмкүн. Анткени буга эч ким кепилдик бере албайт.

Ошол эле мезгилде бул жерде конкреттүү критерийлер тандалып алынышы керек эле. Мына бул мыйзамды демилге кылып жүргөндөрдүн бири Өмүрбек Абдырахмановдун тизмеси боюнча 400 чамалуу адам "Люстрацияга" туш болушу керек экен. Бул өтө эле көп дегенди билдирет. Анткени бул нерсе кадрдык өсүп-өнүгүүгө да терс таасири тийип калат. Мына кечээ эле Максим Бакиев башкарып турган Өнүктүрүү агенттигине же президенттин катчылыгына эми гана жумушка орношуп, эми гана ишке аралашкан профессионал жаштар дагы бүгүнкү күнү жумушсуз калып, мамлекеттик кызматка кире албай калган көрүнүштөрдү байкап атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG