Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

А. Кулматов: Кырдаалга шылтап, токтоп калбаш керек


Кырдаалга шылтап референдумду токтотуу керек эмес. Кээ бир өлкөлөр мындан кыйын кырдаалда дагы Конституциясын кабыл алып келген. Референдум мыйзамдык жолго эртелеп түшүүнүн жана мамлекеттүүлүктү чыңдоонун бирден бир акылдуу жолу, ошондуктан мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстан колдон чыгарбаш керек, деп билдирди Нарын шаарынын мурдагы мэри Алмаз Кулматов "Азаттык" үналгысына берген маегинде.


- Тополоң окуялар толук тынчый электе референдум өткөрүү канчалык туура чечим болду деп ойлойсуз?

- Ошто тополоң окуялар болгондон кийин мен эфирге биринчи жолу чыгып атам, ошондуктан учурдан пайдаланып, бөөдө жерден каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып кетейин. Арбактар ыраазы болсун.

Экинчиден, ушундай кырдаалды референдум өткөрүү керекпи же жокпу деген маселеге келгенде, мен буга өзүм жеке көз карашымда толук ынанам, ушундай учурда референдумду өткөзүп алышыбыз керек. Анткени мамлекеттик бийлик толук легитимдеши абзел, биз көптөн бери айтып келаткан Конституциянын долбоору талкууланып бүткөндөн кийин, ал кабыл алынууга тийиш. Баардыгы мыйзамдуу жолго түшүүгө тийиш. Мамлекет - мамлекет болуш үчүн зарыл болгон фундаменталдуу аспектилер бар, бул элдин биримдиги, чек аранын бүтүндүгү, экономика, социалдык маселелер. Ошонун баарын камсыз кыла турган мыйзамдуулук, демек ошол мыйзамдуулукка келишибиз керек.

Бул жерде эч качан кырдаалга шылтабаш керек, анткени мындан да кыйын шартта деле, мындан чоң жаңжалдар болуп жатканда деле, мамлекет экиге эмес төрткө ажырап, айыгышкан салгылашуулар болуп жаткан мезгилде деле Конституция кабыл алынып келгени тарыхта белгилүү. Америкада ушундай болгон. Америкада ошондой болгон, түндүк-түштүк болуп согушуп жаткан кезде Конституциясын кабыл алып, Американы Америка кылган мыйзамдарды кабыл алышкан.

Дүйнөлүк тарыхка карасак, өткөн кылымдарда дагы, кийинки заманда дагы жаңжалдашып, кылычтын мизинде кырчылдашып турган убакта дагы өзүнүн Конституциясын кабыл алышып, керек болсо мамлекеттүүлүгүн бекемдеп алган өлкөлөр да болгон. Демек, биздин убактылуу өкмөт мөөнөтүн которуп жибербей, создуктуруп жибербей, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө кас санаган күчтөргө жол ачпай, референдумду эрте өткөзүп алганыбыз жакшы.

- Референдум өлкөгө тынчтык алып келерине ишенбөөчүлүк көп болуп жатат, үч-төрт айдан бери кырдаал тынчыбай жатпайбы. Ушул референдумдан кийин убактылуу өкмөт кырдаалды жөндөп кете аларына көзүңүз жетеби?

- Референдум өткөндөн кийин анын жыйынтыгына жараша мамлекет чоң-чоң кадамдарга барууга тийиш. Ош жаңжалынын чыгышында көп ички жана сырткы күчтөрдүн катышы бар деп ойлойм, алар пайдаланып кетишти ушул кырдаалдан. Бакиевчилер дагы сырткы күчтөр менен алакасын катуу пайдаланды, сырткы күчтөр дагы Бакиевдердин акчалай жана абийирсиз потенциалын жакшы пайдаланып кетти.

Убактылуу өкмөт мындай болорун билген, бирок ошону токтотуп калганга чамасы жеткен жок. Анткени кырдаал ошого алып келип такап койгондуктан, убактылуу өкмөттүн мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болгон жок. Бирок ошондой болсо дагы түзүлгөн кыйын Кыргызстандын бийлиги, эли абийирдүү чыгып кетти. Биринчиден региондогу өзүнүн жоопкерчиликтүү өлкө экенин далилдей алды. Себеби бизде болгон конфликт өтө татаал аймак болгон, чыр-чатактуу Фергана өрөөнүнө өтүп кеткен жок.

Фергана өрөөнү дүйнө үчүн жаңы геосаясий оюндар башталып турган аймак болуп эсептелет. Ошондой учурда биздеги конфликт эскалация болуп кетсе, бүтүндөй Фергана өрөөнү жарылып кетсе, анда биз Батышты да, Чыгышты да бириктирген өлкө катары ошого жоопкер болуп калмакпыз.

Экинчи жагынан, кыргыздар дагы башка аз сандагы улуттарга карата өзүнүн айкөлдүгүн далилдей алды деп ойлойм. Эми референдум бүтүп, мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин парламенттик шайлоо башталып, башка жумуштарга өкмөт батыл киришкенге шарт түзүлмөкчү.

- Ички күчтөр ким экени түшүнүктүү, сырткы күчтөр деп сиз кимди айтып жатасыз?

- Тышкы күчтөр деп айтканда мен кайсы бир мамлекетти көргөзгүм келбейт. Мамлекеттердин ичинде ар кандай күчтөр бар экенин эске алууга тийишпис. Ар бир өлкөнүн элитасы ар кандай көз карашта. Алардын кырдаалга жана коомдук пикирге таасир этүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Экинчиден, азыр эл аралык кылмыштуу топтордун аракети күчөп турган мезгил. Үчүнчүдөн, Фергана өрөөнү баңгизаттар ташып өтүлүп жаткан негизги аймак болуп саналат. Аларга ушул баш-аламандык жакшы шарт түзүп жатат.

Ошондой эле диний-экстремисттик күчтөр дагы аракеттенип жатканын унутпашыбыз керек. Мына ушуларды биз сырткы күчтөр деп эсептейбиз. Мунун баары кийин терең талданганда баары ачыкка чыгат жана аныкталат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG