Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов акыркы өзгөрүүлөрдөн кийин президент К.Бакиевдин бийлиги көбөйгөнүн, ага жараша эми жоопкерчилик да ага жүктөлүп отурганын белгиледи.

- Айрым бир министрликтер, айрым бир кызматтар президентке түздөн түз баш иймек болуп атат. Айтсак, Тышкы иштер министрлиги, андан тышкары Улуттук коопсуздук кызматы. Ушул маселелер боюнча сиз кандай пикирдесиз? Өкмөттүн курамынан ошолордун чыкканы туура болдубу?

- Туура же туура эмес деп да талашууга болот. Менимче, тигил же бул ишке президентпи же премьер-министр жооп береби – ушуну тактоо зарыл? Башкача айтканда, президент коопсуздук кызматын өзүнө алат дагы, жооп бергенге келгенде өкмөт жооп берет. Бул туура эмес. Эгер президент Улуттук коопсуздук кызматын өзүнө алса анда ага президент жооп бериши керек. Президент тышкы саясатты өзүнө алды, демек тышкы саясат же чет мамлекеттер менен байланышка эми өкмөт жооп бербеши керек. Президент бийликти өзүнө алдыбы, демек, өзү жооп берүүгө тийиш. Президент мындан дагы көп функцияларды өзүнө алышы мүмкүн, бирок негизгиси өкмөт бийлиги жок болуп туруп президент өзүнө алган иштер үчүн жооп берип калбашында. Президент иштерди так аныктады, муну колдоого алыш гана керек.

- Өкмөттүн өзү дагы кайсы бир деңгээлде чоң реформага туш болуп атат. Азыр президенттин айтымы боюнча ал көбүрөк коомдук структуралар менен, ишкерлер менен иштеш керек биринчи кезекте. Сиз да өкмөттү башкардыңыз. Өкмөттү башкарып турганда сиздин өзүңүздүн тажрыйбаңызды айтсаңыз, сиздин учурдагы өкмөттүн структурасы, өкмөттүн түзүмү талапка жооп берчү беле, же сөзсүз реформага муктаж экенин сиз да сездиңиз беле?

- Мен кызматка келгенде жагдай бир аз башкачараак болчу. Ал убакта президенттин милдетин Курманбек Бакиев аткарып турган. Ошол эле убакта ал бекиген премьер-министр болуп да иштеп аткан. Ошондуктан ал өкмөттү аныктап койгон экен, мен биринчи вице-премьер болуп иштедим. Ал президент болуп шайлангандан кийин мени премьер-министр кылып дайындады, башкача айтканда, өкмөттүн түзүмү да, анын мүчөлөрү дагы ал убакта аныкталып калган экен. Алар жаңыдан эле дайындалган, ошондуктан жаңы адамдарды алуу туура эмес болмок. Биз Бакиев экөөбүз кеңешип туруп, бул структурага бир жыл берелик, анан өкмөттүн жаңы түзүмүн аныктайлык дедик. Бирок ал жылы саясий ар кандай окуялар көп болду, өкмөткө кыйын болду, бир мандаттуу парламент болсо өзүнүкүн туура деп туруп алды. Ошондуктан ал убакта реформа кылууга мүмкүн болгон жок, бирок ал бышып калган. Биз ошондо президент менен өкмөттүн бийлигин так аныктоо керектигин дайыма белгилеп турганбыз.

- Жалпысынан алганда сиз бул жолку иштерди жаңы реформа деп атасыз, ошонун жыйынтыгында президенттик бийлик, парламенттик бийлик дейбиз, ошол жагынан алганда кайсы жагы азыр көбүрөк күчтөнүп атат?

- Негизи эле Кыргызстанда президенттин бийлиги дайыма эле көп болуп келген. Муну ачык айтып коюшубуз керек. Азыр президент көп бийлик алып жатабы же азбы? Бул суроого мен мындай жооп берер элем. Баардык кемчиликтерге өкмөт жооп берип келди, өкмөттүн бийлиги жок, бирок президент баарын башкарчу. Атургай Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турганда да президенттин бийлиги көп болгон. Ал өзү башкарчу, каалаган маселени көтөрө алчу, кааласа аны токтотуп да коё алчу. Кааласа өкмөткө мүмкүнчүлүк берип койчу, кыскасы, саясий жана экономикалык иштерге дайыма киришип келген, бирок ошол эле убакта эч нерсеге жооп берчү эмес.

Бирок бүгүн президент бийликти алды, бирок жоопкерчиликти дагы өзүнө алып отурат. Эми ал мындан ары эмнеге жооп берерин так аныктады. Тышкы саясатты, улуттук коопсуздукту, инновацияларды, инвестиция тартууну, бирдиктүү каттоого алууну жана кадр саясатын толук өзүнө алды. Жоопкерчиликти дагы, демек, муну колдоого гана алуу керек.

- Өкмөт эмне болот эми, өкмөт техникалык бир органга айланып калдыбы?

- Өкмөттүн өзүнө келе турган болсок анын азыркы жагдайы боюнча мурдагы премьер-министр катары менде да көп суроолор пайда болду. Биринчиден, айтылганга караганда, бир вице-премьер-министр өкмөттүн аппарат башчысы катары баардык министрлерди координациялайт экен. Анда бул жерде премьер-министр эмне кылат? Анын ролу таптакыр эле билинбей калып атпайбы. Дегеле, анын көп функциялары түшүнүксүз бойдон калууда. Ал баардык министрлерди тескеген вице-премьер-министр менен кантип иштешет? А эмне үчүн премьер-министрдин өзү координациялабайт аларды? Анткени азыркы мыйзам боюнча өкмөттүн жалпы ишине премьер жооп берет да. Ошондуктан мындай мамиле тактоону талап кылат. Албетте, президент жалпылап айтты. Менимче ал деле мурдагы премьер-министр катары азыркыдай жагдайда өкмөт башчы таптакыр эле алсыз болуп калаарын жакшы түшүнүп турса керек. Ошондуктан мен айтылгандар ушинтип айтылган эле бойдон ишке ашып калат деп ойлобойм. Менимче, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип атканда бул нерселер жолго коюлат деген ойдомун, антпесе жакшы болбой калат.

- Премьер министрдин өзүнүн бекитүүсүнө келсек. Феликс Шаршенбаевич, 21-октябрда Данияр Үсөновдун талапкерлигин «Ак жол» фракциясы өзү талкуулап туруп эле президентке сунуш кылып коюшту. Жаңы Конституция боюнча эми башка фракциялардын талкуулоосунун зарылдыгы жок экен. Ушул система көп партиялуулукту өнүктүрүү жаатындагы биздин жасап жаткан кадамдарга карама-каршы келбейби?

- Адегенде эле айтып коё турган нерсе – бул партиялардан турган парламент бир мандаттуу парламентке караганда алдыга ташталган жакшы кадам болду. Бир мандаттуу парламенттин депутаттары алгач өз округдарна кам көрүп, андан кийин гана мамлекет тууралу ойлошчу. Азыркы парламент болсо мамлекеттин кызыкчылыгы тууралу көп ойлоп атат, ошол үчүн өкмөт менен ыкчам жана майнаптуу иштеп атат. «Ак жолду» сындаганыбыз менен ал мурдагы парлментке салыштырганда көп пайда алып келди. Бул бир жагы. Экинчи кемчилик жагы – азчылык түзгөн партиялардын фракциялары жыйынга катышканы менен эч нерсе чече албай калат экен. Ошол себептен биздин партия Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Ага ылайык балким алдыдагы 10 жылга мындай тартип кылабыз: бир дагы партия добуштардын үчтө экисин албаш үчүн 50 пайыз кошуу бир деген добушту ала албайт. Калган орундар болсо башка рпартиялардын ортосунда бөлүштүрүлүшү керек. Кыскасы, кандай жасасак дагы, бир дагы партия үчтөн эки добушту ээлеп албаш керек. Мындай учурда башка партиялардын дагы ролу артып, алар менен эсептешүүгө жол ачылат. Мындайда компромисс болуп, башка пикирлер эске алынат, үчтүн эки колдо турган азыркы жагдайда алар Конституцияны да каалагандай өзгөртүп жибериши ыктымал. Экинчи бир жагдай, азчылыкты түзгөн фракцияларга менимче, айрым комитеттерди, мисалы, бюджет же күч органдарына көзөмөл кылчу комитеттерди бериш керек. Бир вице-спикер да ошолордун өкүлү болгону оң.

Анан премьер-министрдин талапкерлиги негизги фракциядан өткөн күндө да ал башка фракциялардын сыноосунан өтүшү керек. Ал жыйынды теле аркылуу элге көрсөтүү зарыл. Анткени кээ бир маселелерди ачык айтуу зарыл. Ал түз алып көрсөтүү режиминде болушу ыктмал. Ошондо гана биз кандай адам премьер-министрликке келатканын биле алабыз.

- Ал эми Игорь Чудиновдун өкмөтү кандай иштеди деп ойлойсуз?

- Менимче, Чудиновдун өкмөтү мен жетектеген же башкалар жетектеген өкмөттөргө караганда жагымдуу шартта иштеди. Себеби, бир мандаттуу парламентте ар бир депутат өз округуна жан тартчу. Мен премьер-министр кезде мага жардам бербесең, мага бул көпүрөнү салып бербесең мен сага жардам бербейм деп, ачык эле айтышчу. Акыры, мен өкмөт башчы катары бюджеттеги акчаны ар кимге аз-аздан бөлүп беришим керек эле, бирок мен аны жасаган жокмун, ошол себептен түшүнбөөчүлүк, таарынычтар болчу. Ал эми азыр болсо бир партия өз премьерин көрсөтүп, ага болгон жардамын берип турганда Чудиновдун өкмөтү жакшы жагдайда иштеди деп айта алам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG