Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Мурдагы бийликтин тушунда саясий туткун атыккан “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Март ыңкылабы жана өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Ашуудагы” китеп жана ыңкылап

- Феликс мырза, сиз “Ашууда” деген китеп жазган экенсиз. Китебиңиз кут болсун.

- Рахмат, чынында мен бул китепти жазам деп ойлогон эмесмин. Бирок мени макулдатышты. Саясатта күжүрмөн аракетте жүргөн киши үчүн алтымыш жаш тыянак чыгаруучу курак эмес. Кириш сөзүмдө мен муну жаздым. Менин алдымда проблема турду, эгер мен ой жоруумду жазсам ал өзүмдү көрсөтүү далалаты, сындоо болмок. Этикалык жагы туура эмес эле. Ошондуктан мен өзгөчө конкреттүү тыянагы жок эле эскерүү жаздым. Мен алдыга жупуну милдет коюп, саясатчыларга эмес, жөнөкөй адамдарга багыттадым. Окуп чыгып, айтаарсыз.

- Мен китебиңизди бир сыйра барактап чыктым. Адегенде эле менин көңүлүмдү 24-март 2005-жылкы ыңкылапты эскерүүңүз болду. Сиздин төрт жылдан кийинки көз карашыңыз менен бөлүшсөңүз. 24-март ыңкылабы эмне себептен чыкты?

Феликс Кулов түрмөдө отурган кезинде "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Суран кызына интервью берип жатат. 2-январь 2005-жыл.
- Билесизби мен түрмөдө отурганда Конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланып, бир мандаттуу округдарды сактап калууну чечишти. Мен ошондо бул туура эмес экенин, чоң толкундоолорго алып келерин жаздым. Себеби бул шылтоолордун бири болмок, ыңкылаптын шарттар жетилип калган. Эл нааразы болчу. Түрткү керек эле, бул чечим түрткү болуп берди.

Эл бардык округдарда эле көтөрүлгөн жок. Беш-алты округ көтөрүлдү. Алардын ар биринен миңден киши кырдаалды курчутуу үчүн жетиштүү болду. Элдин нааразылыгы башталды. Бүгүн деле маселен, ар бир округдан миңден кишини, дос-туугандарын чогултуп, коомду будуң-чаң кыла берсе болот. Партиялык тизме менен андай болбойт.

Эң башкысы бийликке келген партия экономикага жооп берет, эгер азыр түздөлбөсө “Ак жол” партиясы жооп берет, келерки шайлоодо биз каршы чыгабыз. Эгер башкаруучу партия жасабаса ар бир партия ушинтет.

Бул жагынан жөнөкөй шайлоочуда “Ак жол” эмне кылды, “Ар намыс”, “Ата-Мекен”, “Ак шумкар”, Социал-демократтар эмне сунуш кылат – салыштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Албетте, бардык партиялар “Ак жолду” сындашат, бул –саясий күрөш, ага даяр болуу керек.

- Кайра бир аз артка чегинип, ыңкылапка кайрылсак. Ыңкылап максатына жетти, жеткен жок деген талаш ушу күнгө чейин уланып келатат...

Феликс Кулов март ыңкылабы болгон күндөрү. 24-март 2005-жыл.
- Ыңкылап өзүнүн алдына койгон максат милдеттерине жеттиби дегенди дайыма көңүлдө сактоо керек. Ошондуктан Акаевдин режимине каршы элди көтөргөн ыңкылаптан кийин болгон окуяларга баа берүүгө туура келет. Эл жакшы турмушка жеттиби? Бул дал бизге – саясатчыларга чоң доомат. Азыр жүрүп жаткан кризистик көрүнүштөргө камылга көрө алган жокпуз. Ошондуктан тилекке каршы азырынча чоң максаттарга жете элекпиз. Андай болгондон кийин мен да жоопкерчиликти алам.

- Максат-милдеттердин аткарылбай калган себептерин айта аласызбы?

- Биринчи, субьективдүү себептер – биздин аны ишке ашыра албагандыгыбыз. Обьективдүү себептер – биринчи кезекте абдан көп толкундоолор болду. Эски парламент өкмөткө ар кандай себептер менен бут тосту, Акматбаев баштаган бандиттик митингдер чыгып, иштетпей коюшту, Ак үйдү басып алуу менен коштолгон Барктабасовдун тарапкерлеринин толкундоолору жана башкалар. Булар обьективдүү себептер болду. Бирок мен белгилегим келет премьер болуп турган кездин айрым баскычтарында субъективдүү себептер басымдуулук кылды.

- Ыңкылап өз максатына жете элек деп атасыз. Бүгүнкү саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Ар кандай куугунтуктар болуп атат деген пикирлер айтылууда, айрым саясатчылардын камалып, кылмыш иштеринин козголуп, соттолуп жатышы, өлүмгө кабылып жатышы сизде кандай ой туудурууда?

- Саясий күрөштү алганда анын эки тарабы бар экенин эстен чыгарбоо керек. Дүйнөдө ушундай эки тарап бири-бирине каршы күрөшөт. Ошондуктан оппозиция менен бийлик бири-биринен өөн издейт. Калк болсо бийликтин тазалыгын сактайт деп аларга ишенет. Ошентип оппозиция бийликтен мыйзам бузууну же кылмышты көрсө ал сөзсүз саясий негиз менен ченелет.

Бийлик деле ошондой. Эгер тигил же бул саясатчыга каршы өөндү ойлоп тапса ал абийир туткуну, саясий туткуну болот - бул башка маселе. Менин мисалымда, ооба мени камаганда саясий негиз деп айтканбыз. Эл аралык уюмдар менин күнөосүз экенимди аныктаганда мен саясий туткун болуп калдым.

Азыр маселен ошол эле Аликбек Жекшенкуловго, Исмаил Исаковго каршы иштер ойлонуп табылгандыгы далилденсе алар саясий туткун болушат. Азыркы тапта сот боло элек. Күтө туруу керек. Эгер сотто жасалма иш экендиги далилденип, ага болбой сот кесип койсо анда баары түшүнүктүү болот.

Медет Садыркулов жана саясий кырдаал

-Феликс мырза, кайгылуу окуяга тушукту деп жаткан президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун жагдайына кандай көз карашта болуп атасыз?

-Жол кырсыгында табылган сөөктөр Медет Садыркуловдуку, Слепченконуку жана айдоочунуку деп божомол айтылып атат, экспертизанын тыянагы чыга элек. Бул жол кырсыгы боюнча буга чейинки маалыматтар боюнча 100 пайыз толук аныкталган тыянак чыгаруу мүмкун эмес.

Бирок мен бул тармактагы мурдагы адис катары маселе боюнча момундай жагдайды айта алам. Кылмыш иликтөө илими боюнча баардык тергөөдө эки жагдай каралышы керек. Айдоочу Осмонов айткандай жол кырсыгы болду беле же анын жардамы менен киши өлтүрүү болдубу?

Ошондуктан бул эки божомолду тергөөдө кароо милдет. Муну коом талап кылган үчүн эле эмес, кылмыш иликтөө илими талап кылган үчүн жасоо керек. Тигил же бул божомолдун пайдасына ар кыл фактылар айтылып атат. Алардын кайсынысы бышыкталат же бышыкталбайт, муну тергөө аныктайт.

Бул жол кырсыгы коомчулукта чоң резонансты жаратып жатат. Бардык түшүнүксүз суроолорду жокко чыгаруу үчүн жөн эле тармактар аралык комиссия эмес, тиешелүү депутаттарды, далилдерге сергек карай алган кадыр-барктуу туугандарды кошкон өкмөттүк комиссия түзүү керек. Ага батыш өлкөлөрүнөн, балким Казакстан же Орусиядан кылмыш иликтөөчүлөрдү кошуу керек. Туугандары менен сүйлөшүү керек. Тергөө жыйынтыктарына биринчи кезекте туугандары ишениши керек.

- Сиз саясатчысыз. Эки божомол боюнча-автожол кырсыгы жана саясий буйрутма деген эки божомолго карата өз оюңузду айта аласызбы?

-Сиз айтып аткан саясий буюртма боюнча. Саясий буюртма деп айтуу үчүн Садыркуловго каршы саясий негиз болушу керек. Садыркулов элге таанылган саясатчы болуп туруп, эл алдында эч кандай оппозицияга да, бийликке да каршы сүйлөгөн эмес. Буга байланыштуу дароо суроо туулат. Эгер саясий негиз болсо аны аныкташ керек.

Мен бүгүн аны бышыктай албайм. Эч ким бышыктай албайт. Кимдир бирөөнүн жүйөөлөрү бардыр. Мен ал жөнүндө билбейм. Медет Чоканович саясатчы катары, саясий ишмер катары бул жөнүндө эч жерде айткан эмес. Ошондуктан, дароо саясий негиз деп айтуу, билесизби, кимдир бирөөнү айыптоо, бул фактыны пайдалануу мен үчун ыңгайсыз. Териштирүү керек.

- Мына ушундай жагдайлардан улам оппозиция менен бийлик ортосунда кырдаал курчуп тургандыгы көп эле айтылып, анын себептери келтирилип жатат. Ушул жагдайды бийлик кантип чечиши керек?

- Биринчи маселе – кылмыш иштери аркылуу куугунтуктоону токтотуу керек. Калк мамлекеттик кызматкерлер ак иштешсин деп талап кылып келатат. Эгер мамкызматкер андай иштебей, анан ал оппозицияга кеткенде бир нерсе тапса биз өзүбүзгө өзүбүз каршы чыккан болобуз. Ошон үчүн муну дыкат кароо керек.

Эгер кызматкер күнөөлүү болсо анын деңгээлин аныктоо керек. Маселен Аликбек Жекшенкуловдун куралынан киши өлтүрүлгөн деп атышат. Эгер ал чын болсо анда атайын уюштурулду деп айта албайбыз. Демек анын кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Бул биринчи кезекте куралды сак кармаган эмес. Исмаил Исаковду өз баласына батир алып берген деп атышат.

Далилденсе ал дагы мыйзам бузуу. Албетте аларды саясий негизде куугунтуктап атып, ушундай мыйзам бузууларды таап алышты дейли. Мыйзам бузууларды саясат менен калкалоого болбойт. Бул биздин партиянын позициясы. Биздин партия конструктивдүү оппозицияда.
- 27-мартта оппозиция жалпы митинг өткөргөнү жатат. Анда президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылат деген да кабар тарады. Мындай талапта канчалык негиз бар?

- Мен Конституцияга жана мыйзамдарга төп бардык көз караштарды, анын ичинде оппозициянын да, оппозициядабыз дегендердин да көз караштарын, талаптарын, анын ичинде президентти кезексиз шайлоо демилгесин да сыйлайм. Бул менин бийликте, оппозицияда кезимде бирдей тутунган принципиалдуу көз карашым.

Президенттик чукул шайлоо өткөрүү максаттуубу – жокпу – бул жерде чоң суроо пайда болушу мүмкүн. Конституциялык сот шайлоо быйыл чукул өтөт деп калса талап актуалдуулугун жоготот. Эгер күздө өткөрүү чечими чыкса оппозициянын талаптары аткарылат. Мен бул жерден коркунучтуу эч нерсени көргөн жокмун.

- Сиз “Ар намыс” конструктивдүү оппозицияда дедиңиз. Бириккен элдик кыймылга чогулган оппозиция менен кызматташтык барбы?

-Биз консультацияларды өткөрүп турабыз. Бирок биз президенттин кызматтан кетишин талап кылбайбыз. Биз курултайда айтканбыз. Биз энергетика боюнча долбоорду ишке ашырабыз деп оппозицияга, анын ичинде Өмүрбек Текебаевге айтканбыз.

Биз менен кызматташып аткан чет өлкөлүк өнөктөштөр оппозициянын катарындагы биздин партиянын бийлик менен кызматташып жатышы өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктүн бир көрүнүшү деп айтып жүрүшөт. Ошон үчүн келип атышат. Өкмөттүн айрым түзүмдөрү менен кызматташуу менен бирге биз өкмөттү сындоо укугубузду пайдаланып келатабыз.

Апрель митингдери жана Кулов

- Сиз башында турган “Бириккен фронттун” максаттары жөнүндө суроом бар. Сиздин тилектештериңиздин кыйласы уюштуруучулук жетишсиз болгон үчүн апрель митингдери үзгүлтүккө учурады деп жүрүшөт. Сиз ошол митингдердин башында турган адам катары эмне айта аласыз?

Апрель митингдери, 2007-жыл.
- Бул туура эмес. Президентти кулатууну каалагандар биз чыккандан кийин президентти алып түшүшүбүз керек деген максатта болушту. Биз Конституциялык реформа үчүн чыкканбыз. Эсиңизде болсо ноябрда Конституция аянттагы элдин басымы менен кабыл алынган. Болгондо да одоно юридикалык өксүктөр менен кабыл алынган. Аны баары моюнга алышат. Анын артынан пайда болгон кийинки, декабрь Конституциясына каршы өкмөт мүчөлөрүнөн мен жалгыз чыккам.

Коопсуздук Кеңешинде президент кеңешке чакырганда мен Конституциялык соттун чечими чыкмайынча каршымын деп жазып бергем. Бул тууралуу эмнегедир бардыгы унчугушпайт. Мен кийин апрель митингдеринде өз оюмду айттым. “Бириккен фронт” парламенттин кетип, партиялык тизме менен жаңы Конституция болушун талап кылдык. Биз анда максатка жеткенбиз.

Бирок жөнөкөй адамдар сен генерал болгондон кийин Акүйдү басып алууга баштап барышың керек деген көз карашты тутунушту. Бул терең жаңылыштык. Эгер биз ар бир жолу Акүйдү басып алууга барсак биз артта калган бир байкуш өлкөгө айланабыз. Биз өнүккөн жолго түшүшүбүз керек. Мен генерал катары баррикадаларга жол бербешим керек. Президент убадасын аткарып, Конституцияга өзгөртүү кирди. Башка маселе, биз каалагандай болбой калды.

Биз парламенттик шайлоо жыйынтыктарына каршы болгонбуз. Азыркыга чейин жумшак айтканда шайлоо туура эмес жүрдү деп эсептейбиз. Маселен, алигиче участкалык шайлоо тыянактары эмдигиче жарыялана элек. Биздеги протоколдор боюнча биздин партия түштүктө расмий экинчи орунду алган. Биздин артыбыздан “Ата-Мекен” келаткан. Түндүктө биз үчүнчү, “Ата-мекен” экинчи орунду ээлеген.

Ошого карабастан азыркы парламент мурдагыга караганда кыйла прогрессивдүү деп айта алам. Муну моюнга алуу керек. Мурдагы парламент өкмөткө катуу тоскоол болгон. Бул парламент ошончолук коррупциялашкан эмес, эң башкысы өкмөт менен маселени чогуу, оперативдүү чечет. Анткени экономикага алар чогуу жооп беришет. Бул жагынан чоң жылыш бар.

- Феликс мырза, мен бул суроону бербей кое албайм. Кайра эле апрель митингдерине баралы. Ошол сиз жетектеген “Бириккен фронттун” акциясында бир тобу камалышты, алардын көпчүлүгү жөнөкөй адамдар болчу. Эмне үчүн аларды сиз коргой алган жоксуз?

Апрель акциялары.
- Бул жакшы суроо. Мен бул суроого такай минтип жооп берип келатам. Биз бардык жерде, жазуу жүзүндө дагы, тынчтык демонстрациясы экенин жарыялаганбыз. Акүйдү күч менен алгысы келген, тартип коргоо кызматтарына күч менен тоскоолук кылгысы келген чагымчыларга биздин тиешебиз жок.

Алардын да бизге тиешеси жок. Бардык жыйындарда - бардыгына, “Канжардын” жаштарына, “келгиле, бирок бийликке каршы кандайдыр бир чагым кылып, же мушташ уюштурсаңар силер биз менен эмес экениңерди эстеп койгула” деп эскерткенбиз. Мен таш ыргыт деп эч кимди күчтөгөн эмесмин. Андай окуялар болсо өзүңөр күнөөлүү болосуңар деп бардыгына эскертилген. Тилекке каршы чагымчылар чыкты.

Мезгил көрсөтөт бардыгын. Биздин өкүлдөр сотто болушту. Кармалган адамдар таш ыргыткандарын моюндарына алышты. Бул жерде айтайын дегеним, кайсы демонстрацияда болбосун, эскертүү болгондон кийин уюштуруучулар таш ыргытуулар сыяктуу аракеттерге жооп бербейт.

-Дегеле милициянын кууп-таркатуусун эске албаганда митинг эмне менен аяктамак эле планыңар боюнча?

- Биз ошол чыр-чатак чыккан күнү региондордон келген жетекчилерди чогултуп, эртеси күнү митингди токтотуу чечимин талкуулап жатканбыз. Мен мастар пайда болуп, аянттан Акүйдү басып алуу чакырыктарын укканда чагымчылар пайда болуптур, биз жыйынтыктайлы деп айттым. Анын үстүнө президент бардык шарттарды аткарууга макул болду дешти.

Кулов президенттик шайлоого барабы?

- Азыр оппозиция президент Бакиев баштаган бийликти коррупциялашты, тоталитардык режимди орнотуп атат деп күнөөлөп жатат.

- Менимче, кризистин шартында үй-бүлөдөгү чыр-чатакты, териштирүүлөрдү кийинкиге кое туруп, адегенде кризистин маселесин чогуу чечип алуу керек. Грузиянын мисалын алсак грузин-осетин чатагы чыкканда оппозиция биз чатак токтогуча президент Саакашвилиге тийбейбиз деген.

Биз (“Ар намыс”) айтып атабыз, коррупциядан, башка өксүктөрдөн кутулуу керек деген талапты кое беребиз, бирок, кризис болуп турганда андан батыраак чыгуу керек деп, ошон үчүн өз программабызды сунуштадык. Биздин партия Ленин айтмакчы, кризистен чыгуунун жолун чынчыл бийлик кошулган электрлештирүүдөн көрүп атат.

- Азыркы бийлик өзүнүн чынчылдыгын далилдей алдыбы ыңкылаптан кийин?

- Коррупция али кете элек, муну элдин баары эле көрүп турат.

- Үй-бүлөлүк башкаруучу?

- Мындай фактылар жөнүндө көп айтып атышат. Мен жеке эле үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу айтпас элем. Мамлекетти жалпы башкаруунун натыйжалуулугу кандай болуп атат деген суроо туулат.

- Азыркы оппозициянын (мен бириккен оппозиция жөнүндө айтып атам) бийликке келүү мүмкүнчүлүгү кандай?

- Бириккен оппозицияда экономикалык программа жана башкалар болушу керек. Мен азыр кимдир бирөөнө баа беришим туура эмес болот. Муну эл аныктайт, шайлоодон көз каранды. Эгер экономикалык программалар жөнүндө талаша турган болсок азыр бардыгына жага турган экономикалык программа жок.

Бизде экономикалык талдоо, экономикалык талдоочу жок үчүн ушундай болуп атат. Дегеле даяр кадрлардын жоктугунан бүтүн өлкө жабыркап турат азыр. Европада азыр кризиске жөөттөр күнөөлүү, себеби банктарды башкарып алышкан дешет. Бизде болсо жердешчилик күнөөлүү деп чыгышат. Ким башкарса дагы натыйжа болушу керек.

- Юрист катары президенттик шайлоо күнү боюнча талашка байланыштуу эки Баш мыйзамды (2003-жылкы, 2007-жылкы) салыштырып көрдүңүзбү?

-Чынын айтсам муну эки жактуу түшүндүрсө болот. Эки юристте үч пикир бар деп калышат го. Менин пикиримде кандай болгондо деле президент беш жылга шайланат. Ошондуктан шайлоо 2010-жылы болгону туура эле. Анан мурдагы Конституция боюнча төрт жыл деген туура эмес. Бул менин жеке пикирим.

- Сиз президенттик шайлоого барасызбы?

- Мага стабилдүүлүк маанилүү. Момундай кризистин шартын мен жакшы түшүнөм. Эмнеге шайлоого барбаганымды китебимде да көргөздүм. Азыркы кырдаалда кандай карама-каршылык болсо да өлкөгө терс таасир этет. Баш аламандыкка жол бербеш үчүн ишти жүз жолу ченөө керек.

- Мен муну президенттик курак алтымыш беш жашка чейин эле экенин эске алып сурап атам.

- Бул мен үчүн башкы максат эмес.

- "Азаттык" маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG