Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

Өткөн жылы Кумтөр кенинен Кыргызстанга бир миллиард 800 млн сом киреше түштү. Ошол эле учурда калган тоо-кен ишканаларынын “түшүмү” жакшы болгон жок. Кен байлыктарды иштетүүнүн оош-кыйыштары жөнүндө “Азаттык” үчүн Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев маалымат бөлүштү.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, мурунку президент Акаев айткандай жарыгы көрүнүп, бирок жылуулугу Кыргызстанга тийбей жаткан Кумтөр кенинин көрсөткүчтөрү азыркы кезде дурустай. А башка кендерде абал кандай болуп жатат?

О.Дүйшеев: - Өткөн жылкы жыйынтыкты карасак, Кумтөрдөн башка кен байлыктарында иштеп жаткандар начар бүтүштү. Муну биз өзүбүздүн жыйында карап, бүгүнкү күндөгү тоо-кен өнөр жайын башкаруудагы кеткен каталыктар деп эсептеп, өткөн жылдын майынан баштап Кыргызстандагы экономикалык багытты тейлеген министрдин жетекчилиги менен концепция түзүп чыккан элек. Ошол концепцияны тоо кен өнөр жайларын башкаруу жана ошону теске салуу маселеси деп эсептелет. Бул боюнча биз бүтүрүп долбоорун жөнөттүк. Аны биз өзүбүздүн чоң жыйыныбызда карап чыктык. Азыр бул маселени президент дагы өзүнүн иш планына киргизди, угабыз деп жатат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейбиз.

“Азаттык”: - Бул концепциянын негизги багыттары кандай болот, башкаруу системасы өзгөрөбү, же бирдиктүү министрликке бириктирилеби?

О.Дүйшеев: - Башкаруу системасын өзгөртүп, бирдиктүү бир уюмга түзүлүш керек. Бүгүнкү күндө баш-аламан, тоо кен өнөр жайын көрүнгөн эле башкарып атат. Маселен, айталык Мамлекеттик мүлк комитети башкарат, өнөр жай министри башкарат, андан барып туруп геологдор ассоциациясы башкарат. Ал эми жергиликтүү орган ошолордун колуна өткөрүлсө деген тилекти айтып атат. Тоо-кен өнөр жайы өтө татаал өнөр жай болуп эсептелет. Бул илимди анан адистерди керектей турган чоң өнөр жай. Анан кийин капиталдык салым бул жака аябай чоң керек, илимдин изилдөөлөрү керек болот. Ошондуктан муну адистештирилген бир уюмга бириктирүү маселесин карап атабыз.

“Азаттык”: - Кумтөр боюнча Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү жетишкен келишимдин жокко чыгарылганына бир жыл болду. Бул иште эмне өзгөрүү бар?

О.Дүйшеев: - Сөзсүз коебуз. Биздин эсеп боюнча Кумтөрдүн тарыхында биринчи жолу адистер менен сүйлөшүп, адистердин сунушун кабыл алган эле Атамбаевдин өкмөтү. Бул биздин Кыргызстанга эң пайдалуу келишим эле. Мына биздин азыркы эсептөөбүз боюнча, ошол келишимди алиге чейин бекитпегенинин себебинен өткөн жылы жүздөгөн миллион сом - жарым миллиардга жакыныраак, Кыргызстандын бюджетине түшпөй калды.

Ал эми чет элдеги биздин акциябыздын баасы төмөңдөп, акциябыз биздин колго тийбегенден кийин биздин эсеп боюнча 800 млн. доллар биздин актив жок болуп калды. Бул Кыргызстан үчүн эң чоң жоготуу. Бул биздин бийликтегилердин түшүнбөстүгү, адис эместиги, ошонун негизинде Кыргызстандын акчасы ошентип жоголуп атат.

“Кумтөр” азыр абдан жакшы иштеп атат, ошол жакшы иштегенде бизге пайдасы көбүрөөк тийиш керек эле. Айтып коелу, башка жылга салыштырганда 2003-жылдан баштап Кумтөр менен адистер анча-мынча иштеп баштады эле. Өткөн жылы 1 млрд. 800 млн. сом киреше түштү. Мындай киреше эч убакта түшкөн эмес Кыргызстанга.

“Азаттык”: -Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG