Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Жогорку сот “Кумтөр” алтын кен компаниясынын 94 миллион ашуун сом жер салыгы боюнча талашын чечкен жок. Ал Бишкек шаардык сотунда каралышы керек, деген Жогорку сот токтому 25-ноябрда жарыяланды.

“Кумтөр” алтын кен компаниясы 2002-жылдан бери жер салыгы боюнча 94 миллиондон ашуун сом карыз экенин буга чейин жалгыз Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту эле эмес, Ысык-Көлдүн райондор ортолук экономикалык, андан соң облустук соту ырастаган.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун айтуусунда, алтын кен компаниясы 10 миң 70 гектир жерди ээлеп, ар бир гектир жер үчүн жергиликтүү казынага 7 сом 70 тыйындан жыл бою 33 миң сом жер салыгын төлөп келатат. Анысы 16 жылда 7 миң долларга жеткенин ошол эле К.Исабеков эсептеп чыккан.

- 2000-жылы жер салыгын төлөйсүңөр деген өкмөттүн токтому чыккан. Инструкция бекитилген. Аны төлөгөн эмес. Андан сырткары бул жерде жердин категориясына жараша салык төлөнүшү керек.

К.Исабеков “Кумтөр” алтын кен компаниясы 1992-жылдан бери жер салыгын төлөбөй келишкенин, 2005-жылдан кийин 5695 гектир жердин салыгын төлөп, калганын төлөбөй жүрүшкөнүн маалымдады.

- А булар 2 миллиард ашуун сомдук мыйзам бузууларга барышты. Бирөө да камакка түшпөйт. Азыр тергөө иши жүрүп жатат. Иш козголгон. Булардын жетекчилеринен баштап камакка түшүшү керек.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын адвокаты Валентин Чернышовдун ырасташынча, жер салыгы өкмөт токтому эмес, Салык кодекси боюнча аныкталышы керек.

- Салык кодексинин 78- беренеси 2006-жылдын 25-июлунда өзгөрүлгөнгө чейин мындай деп жазылган болчу:” Жерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ижара берүүчү төлөйт, ижарага алуучу жер акысын ижара берүүчүгө төлөйт”. Биз жерди ижарага берген Жети-Өгүз райондук акимчиликке жер акысын төлөп келдик. Биз салык төлөөгө милдеттүү эмес болчубуз. 2006-жылдын 25-июлунда Салык кодексинин 78-беренесине өзгөртүү киргизилгенден кийин 2007-жылдан тарта “Кумтөр” жер салыгын төлөшү керек болчу.

В.Чернышов инвестициялык мыйзам тартибине ылайык Кумтөр экономикалык абалын начарлатчу салык түрүн төлөбөй деле койсо болмок, дейт. Бирок да компания мыйзам негизинде аныкталган өлчөмдө жер салыгын төлөөгө макулдук берген.

Жети-Өгүз райондук салык инспекциясынын жетекчиси Сыдык Абдыкалыковдун маалымдашынча, “Кумтөр” алтын кен компаниясы 2002-жылдан тарта жер салыгын толук өлчөмдө төлөп бериши керек эле.

- 2001-жылы декабрь айында жер салыгынын базалык негиздери жана короо алдындагы, айыл чарбасы үчүн пайдаланылбаган жерлердин салыгы боюнча мыйзам чыгып, ал 2002-жылдан тарта ишке киргизилген. Биз ошондон тарта эсептедик. Мыйзам жыл сайын Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип турат. Ага чейин жайыт катары жыл сайын 7 сомдон ижара акы төлөп келишкен.

Ушундай эле пикирин Жети-Өгүз райондук прокурору Медербек Абдышев да билдирди.

- Жер салыгын туура эмес төлөп келатышат. Мурда жайыт катары төлөнүп келсе эми өнөр жай жери катары төлөнүш керек.

“Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы соттук териштирүүлөрдүн саны 43 жеткенин Жогорку сот токтому окулгандан кийин вице-спикер К.Исабеков журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда, алтын кен компаниясы соттук териштирүүлөрдүн создуга беришине кызыкдар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG