Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ош милициясы бир күндүк эмгек акыны кырсыкта жабыркагандарга которот


Жабыркагандар.
Жабыркагандар.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери январь айындагы бир күндүк эмгек акыны авиакырсыкта набыт болгондордун туугандарына которушат. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын өздүк курамы чукул жыйынга чогулуп, ушундай чечим кабыл алды. Ош шаардык милициясында иштегендердин саны 600дүн тегерегинде.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулады. Андан отуздан көп адам набыт кеткени кабарланды. Арасында балдар да бар. Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар.

Ондон ашуун киши ооруканада. Учак Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жайды кыйратты.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)

XS
SM
MD
LG