Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:27

10-декабрда Бишкекте тил жана толеранттуулук маселесине арналган жыйын өттү. Анда учурдагы кыргыз тилинин абалы, аны өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Чубак аттуу жигит орус мектепти аяктаган. Ушул тапта ал университетте орус тилинде билим алат. Андыктан, кыргыз тилин өзү каалагандай деңгээлде билбейт. Эне тилин үйрөнүүгө жең түрө киришкени менен мындан жакшы жыйынтык чыккан деле жок. Мунун себеби катары Чубак тил үйрөнүү үчүн тиешелүү окуу методикалардын татаалдыгын, китептердин аздыгын айтат:

- Мен орус тилдүүлөрдүн арасында өскөм. Эми, кыргыз тилин үйрөнөйүн десем, тиешелүү китептер аз экен. Эптеп тапсаң, аларды окуу татаал. Баары эле тажатма эрежелерге жык толгон. Ал эми мектептен кыргыз тилин ойдогудай үйрөнүп чыгуу дээрлик мүмкүн эмес.

Чубак сөз кылган тил үйрөнүүдөгү проблемалар өлкөдөгү көп тилдүүлүк жана толеранттуулук маселесине арналган жыйында талкууланды. Коомдук саясат институту уюштурган иш-чарага депутаттар, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында чогулгандар негизинен учурдагы мамлекеттик тилдин абалы, аны өнүктүрүү жолдору тууралуу сөз козгоду.

Кыргыз тилин канча убакытта үйрөнсө болот?

Жогорку Кеңештин депутаты Бегаалы Наргозуев кыргыз тилин өнүктүрүүгө чындап киришүүгө мезгил келип жеткенин айтат:
Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон шарттар түзүлгөн, болгону каалоо гана керек.


- Мисалы, орус тилдүү адамга англис же немис тилин үйрөнсөң, сени ишке алабыз десе, ал алты айдын ичинде ошол тилди үйрөнө коет. Эмне үчүн кыргыз тилине келгенде эле орус тилдүүлөр үйрөнө алышпайт, кыйналышат? Мына, “Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзамдын кабыл алынганына жыйырма жыл болгону менен ушул аралыкта кыргыз тилин өнүктүрүүдө ойдогудай жыйынтык жок. Бул - тил үйрөнүүдө каалоонун жоктугу деп эсептейм.

Дагы бир депутат Ирина Карамушкина да кыргыз тилин өнүктүрүү керек экенине кошулат. Бирок көп жылдар бою орус тилде сүйлөп, жазып көнүп калгандарды кыска мөөнөттө кыргыз тилин үйрөнөсүңөр деп кыстоо толеранттулукка жатпаганын айтат. Бул маселеге өзгөчө аяр мамиле жасоо керек дейт Ирина айым.

- Албетте Кыргызстанда жашагандан кийин ар бир жаран улутуна карабай, мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бирок кыска мөөнөттө тил үйрөнсүң деп күчтөө туура эмес. Мисалы, мен саясатта жүргөн убактан бери кыргыз тилин жетишээрлик билбегеним үчүн айрым учурларда ачык эле жаман мамилеге туш болуп атам. Бирок өмүр бою орус тилинде ой жүгүртүп, сүйлөп, жазып атып, анан эле кыргыз тилинде түш жооруй калуу менин колуман келбейт да. Менимче, бул маселеге өзгөчө аяр мамиле жасоо зарыл.

Быйыл мамлекеттик тилге 20 жыл толду. 23-сентябрь, 2009-ж.
Тилден – дилге

“Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзамдын кабыл алынганына быйыл жыйырма жыл болду. Бирок буга карабай өлкөдө кыргыз тилинде сүйлөй да, жаза да албаган орус тилдүү замандаштарды мындай коелу, кыргыз жарандары да бир топ. Тил маселеси боюнча адис Вера Выговскаянын пикирде, мындай абалдын түзүлүшүнө бир нече себептер бар:
Өмүр бою орус тилинде ой жүгүртүп, сүйлөп, жазып атып, анан эле кыргыз тилинде түш жооруй калуу менин колуман келбейт да.


- Тил үйрөнүүдө эң башкысы мугалим мыкты болуусу зарыл. Ошон үчүн сапаттуу адистер даярдалышы зарыл. Экинчиден, кыргыз тилин үйрөтүү методикалары татаал, керектүү китептер жалаң эрежелерге толгон. Балдар аларды окууну каалабай. Тажап, зеригип кетет. Мына ушул маселени да кайрадан карап чыгып, жаңыча, жеңил жана кызыктуу китептерди иштеп чыгуу керек.

Мындай пикирге Бишкектеги №13 мектеп-комплексинин завучу Роза Буйлекеева толугу менен кошулат.

- Биз, мугалимдер, китептерди жөнөкөйлөтүп, кайра иштеп чыгууга мажбур болуп атабыз. Жаш бөбөктөрго оюн катарында сабактарды өтөбүз. Болбосо окуу китептер татаал жазылган.

Каалоо болсо, бардыгы ишке ашат

Мамлекеттил тил агенттигини жетекчисинин милдетин аткаруучу Азимбек Ибраимов бул жаатта тиешелүү иштер жүрүп жатканын, болгону тил үйрөнүүгө каалоо гана керектигин айтат:

- Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сынактардан өткөн, мыкты усулдуктар бар. Алар бир эмес, бир канча. Каалаганын тандап алып, үйрөнө берсе болот. Аларды керек болсо интернетке да жайгаштырганбыз. Мындан тышкары тиешелүү китептерди чыгарып, мамлекеттик органдарда бекер таратып атабыз. Кыргыз тили боюнча курстар да бар. Башкача айтканда, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон шарттар түзүлгөн, болгону каалоо гана керек.

Азимжан мырзанын айтымында, агентик мамлекеттик чиновниктерден кыргыз тили боюнча экзамен алуунун механизмдерин иштеп чыгууда. Бул да өз кезегинде мамлекетик тилди өнүктүрүүгө салым кошот, дейт Азимжан Ибраимов.

Тасмада: Кыргызча сүйлөп, комуз черткен жапон жаштары

“Азаттык+” сыналгы берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына жана эне тил көйгөйлөрүнө арналды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG