Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Патриоттуулук дегенди кыргыз жаштары кандай түшүнөт? Мекенди кантип сүйүп, кантип таанып, кантип баркташ керек? Жаштар кандай патриоттуулук менен жашап жатышат? “Азаттык+” Кыргызстандагы патриоттулуктун жүзү тууралуу талкуу уюштурду. Ага “Ак Шумкар Кут” жаштар уюмунун лидери Мирхамид Токтогул уулу менен жаш активист Мирсулжан Намазалиев катышты.

Кыргыз өзү ким? Айкөл.

Т. Дооров: Мирсулжан, биз сени космополит жаштардан, өзүн “дүйнөнүн өкүлү” деп эсептеген адам катары, ал эми Мирхамидди “кыргыз улутунуну жүзүн көрсөткөн жаш” катары чакырып жатабыз. Биз силерди канчалык деңгээлде туура бөлүштүрдүк, билбейбиз. Бирок экөөңөр тең өзүңөрдү патриот деп эсептесеңер керек.

Э. Бейшенбек кызы: Мирхамид, сиз маселен башыңыздан ак калпагыңызды эч качан түшүрбөйсүз. Дайыма нукура кыргызча сүйлөйсүз. Кыргыз патриоту дегенде өзүңүздөй үлгүдөгү адамды көрөсүзбү?

М. Токтогул уулу:
Рахмат. Патриоттуулук, мекенчилдик темасы кечээ-бүгүн эле козголуп жаткан жок - кылымдар бою орчундуу, омоктуу маселелердин бири болуп келген. Бүгүн да көтөрүлүп жатканынын себеби ошол улуу муундун наркынын, нускасынын, ошол эле кезде элди сактоого болгон аракеттеринин бири деп эсептейм.

Кыргыз патриоту дегенден мурда, кыргыз өзү ким деген чоң темага тушугабыз. Ошого бир аз токтоло кетишибиз керек. Өткөндө Сабыр Иптаров деген агай менен пикир алышуу болду. Ошондо ал киши кыргыздардын тарыхын карап көрсөк, кыргыз бир да улутту жек көрбөптүр, бир да улутту четке какпаптыр деп айтты. Башкача айтканда баардыгын камыр-жумур кылып кыргыз эли кылып келген. Ал агай, силер кыргыз эли десе эле жалаң кыргыздар экен деп ойлобогула, деди. Бекеринен “курама жыйып журт кылган, кылаалы таптап куш кылган”, деп айтпайт да. Ошон үчүн кыргыз эли керек болсо космополит болгон деген түшүнүктү айтты. Баягы сапаттардын сапаты болгон айкөлдүк бар эмеспи. Кыргыз партриоту дегенде, ириде, адамзаттык, дүйнөлүк деңгээлде ой-жүгүрткөн, ошол эле кезде жалпы элди эл катары сактап калууга умтулган адамзаттын фундаменталдуу түшүнүктөрүнө таянган улуттун мекенчил атуулу деп түшүнөм.

“Дүйнө улуттарынын баары бирдей”

М. Намазалиев: Менимче, кыргыз партиоту Кыргызстаным деп, өзүнүн жери, улуту деп, ошого күйүп, чет жакага чыкканда, Кыргызстан деп мактанып айта алгыдай болууга аракет кылат. Мисалы, ошол эле экономикалык кандайдыр бир реформаларды жүргүзүүгө, же коомдун, маданияттын өнүгүүсүнө салым кошкон адамды патриот деп атай алабыз. Англисче “девальвация” деген сөз бар, ошол сымал азыр “патриот” деген сөздүн маңызы жок болуп кетти. Баардыгы эле мен патриотмун дейт. Кандайча патриотсуң десем, мен кыргызмын дейт. “Анан?” десең, андан ары кыргыздар улуу калк болгон деп эле токтоп калышат.

Менин оюмча, дүйнөдөгү улуттардын баары бирдей. Кичинекей Ирландияны алалы, же болбосо Америка. Ал жакта ар башка улуттар жашайт. Алар азыркы күндө бизден жакшы жашап жатат. Демек, биз тарыхты эле карабай, азыркы күндү карашыбыз керек. Дүйнөдөгү улуу баалуулуктарды, натыйжалуу иш-аракеттерди өзүбүзгө алып, ошолорду Кыргызстанга киргизе алган адамдар, менимче, чыныгы патриоттор.

Мекенчилдик менен улутчулдуктун чеги

Т. Дооров: Патриоттуулук тууралуу экөөңөрдүн пикирлериңер бири-бирине каршы деле келбейт экен. “Патриоттулук” деген сөз К.Юдахиндин сөздүгүндө “Өз Ата Мекене, өз элине берилгендик, аларды чексиз сүйүү жана өз Родинасы үчүн ар кандай баатырдыкка жана курман болууга ар дайым тургандык”, дейт. Бул сөздүк СССРдин учурунда түзүлгөнүн эске алышыбыз керек. Ошон үчүн баатырдыкка, курмандыкка деген сөздөргө өзгөчө басым жасалыптыр. СССР кыйрагандан кийин ага кирген 15 мамлекет “Бизде улутчулдук, мекенчилдик деген сезим кандай?”, деп өздөрүн кайрадан тааный башташты. Азыркыга чейин таанып бүтө элекпиз. Кээде бул сезимдерге аныктама берүүдө адашып да кетебиз. Силердин пикириңерде, мекенди сүйүү качан улутчулдукка өтүп кетет? Ушул эки түшүнүктүн ортосунда чек барбы?

М. Токтогул уулу: “Улут” деген сөз социологияда кийин эле термин болуп кирбедиби. Чынында, ага чейин “эл” деп эле келген. Кыргыз эли, кыпчак эли, түрк эли деген сыяктуу. Башкача айтканда, мамлекети да, улуту да кошул-ташыл бири-бирин толуктап турган. Ошол элди сүйгөн адам азыркы тил менен “патриот” деп айтылып жаткандан кийин, мурда “улутчул” деп аталып келген. Улутчул деген эмне? Ошол эле социологияга барсак, өз улутун сүйгөн, кастарлаган адам. Бул кесип эмес. Бул кандайдыр бир наам эмес. Болгону ар бир адамда табыгый инстинкт болуш керек. Бул табигый нерсе болушу керек. Улут табигый түрдө өз өлкөсүн коргошу абзел. Улуттун жан дүйнөсү менен бирге жашаган адамды, улутчул, мекенчил деп атоого сыйбайт. Ошону менен эле иш бүтүп калбайт. Чыныгы улутчул дегенди мен патриоттуулуктун эле синоними катары кабыл алам.

Т. Дооров: Демек мунун, негативдүү, жаман жагы жок?

М. Токтогул уулу: Жаман жагы жок. Жаман жагы качан гана мамлекет өзүн ашкере мактоо менен өзгөнү ашкере кемсинтип-басынтканда башталат. Бул өзүмчүлдүк. Улутчулдуктун ашынган түрү шовинизм деп жатпайбызбы. Шовен деген француз өз улутташтарын абдан көкөлөтүп, башкаларды тебелегени үчүн бул сөз ушундай мааниге э болуп, кийин “шовинизм” болуп калды. Ошол эле сыяктуу өзгөнү басып, өзүн көкөлөткөн ашынган улутчулдукту нацизм, фашизм деп жүрүшөт. Бул нерсени бир тараптуу кароого болбойт. Дегеле бир нерсени бир тараптуу караган өзү жакшы эмес. Тараза ташы тең болмоюнча, өсүү болбойт дейт кыргыздар. Демек биз бул нерсеге да таза акыл менен карашыбыз керек.

М. Намазалиев: Мен Мирхамидге, кандайдыр бир деңгээлде, кошулам. Мисалы англис тилинде “националист” деген позитивдүү сөз. Кыргызча деле “улутчулдук” деген сөздү эгерде национализм деп карай турган болсок, өлкөнүн деңгээлинде, өлкөдө жашап жаткан баардык улуттардын деңгээлинде карала турган кандайдыр бир баалуулук деп айтсак болот. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда кай бир өзүн улутчул деп эсептегендер арасында, мен орусча такыр сүйлөбөйм, Кыргызстанда жашап жаткан баардык улуттар кыргызча сүйлөшү керек, эмне үчүн алар кыргыз жергесинде жашап алып кыргызча сүйлөбөйт, деген өтө ашынып кеткендери бар. Менин оюмча, мунун эч кандай оң натыйжасы жок. Тескерисинче, мындан жаман нерселер келиши мүмкүн. Мисалы бул жактагы негизги улут кыргыздар, башка улуттарды силер жалаң кыргызча сүйлөгүлө десе анда бөлөк улуттарда сепаратисттик мамилелер да пайда боло баштайт. Ошон үчүн кыргыздын “улутчул” деген сөзү кичине бөлөкчө болушу керек. Ал деген мамлекеттин деңгээлинде каралып, өлкөдө жашап жаткан баардык адамдардын ой-пикирин ойлоо зарыл. Мисалы мамлекетте 15% бөлөк улут болсо, эмне үчүн алар өз тилинде сүйлөбөшү керек? Мен жакында эле Лос-Анжелеске бардым. Ал жакта көптөгөн мексикалыктар өздөрүнүн тилинде сүйлөшөт, өздөрүнүн радиосу бар, жарнактардын баары өз тилинде. Бул эч кандай проблема эмес.

М. Токтогул уулу: Коомдо ар түрдүү адам болот экен да. Мисалы Өзбекстанда, Усман Юсуповдун эскерүүлөрүн окуганыбыз боюнча, СССР күчөп турган учурда деле орус болобу же башка улутпу, ал жакка киргенде, өзбекче гана сүйлөшчү экен. Маселе аны зордуктоодо эмес. Ошол өзөк улуту өзүн сыйлап-барктаса анан башка улуттар сыйлайт да. Качан гана кыргыздар таза сүйлөп, өзүн бааласа, ошондо гана башка улуттар үлгү тутат. Кыргыз дегенде кемсинбей, суктаныш керек. Азыр айрым публицисттер жазып жүрбөйбү, илгери кыргыз дегенди наам катары ыйгарышчу экен, “Кыргыз болдуң” деп. Кыргыз деген улуттун аң-сезиминде адамдын эң асыл сапаттары камтылышы керек.

Т. Дооров:
Мына жаңы эле Мирсулжан “Кыргызчадан башка тилде сүйлөгүсү келбегендер бар” деп айтып кетти. Мирхамид, сен кыргызчадан башка кайсы тилде сүйлөйсүң?

М. Токтогул уулу: Орусча, англисче, түркчө сүйлөй алам.

Т. Дооров: Кыргызча билбеген кыргыздар менен да орусча сүйлөшөсүңбү?

М. Токтогул уулу: Ооба, сүйлөшө бербиз. Бул жерде эң башкысы тайыз мекенчилдиктен көрө, улуу деңгээлдеги улутчулдук жакшы. Башкача айтканда эптеп эле аны кемсинтүү эмес жана талаш эмес, кеңеш болушу керек. Тайыз нерселерге түшпөш керек.

Патриоттуулукту жаратуу

Э. Бейшенбек кызы: Мирхамид, силер жаштар арасында патриоттуулукту көтөрүү үчүн бир катар иш-аракеттерди жасап келесиңер. Мирсулжан, Мирхамид эми жалпы жаштардын атынан сүйлөбөй эле коелу. Бирок айлана-чөйрөңөрдөгү жаштардан улам алардын патриоттуулук маанайын кандай баалайсыңар? Агым кайда баратат? Адатта улуу муун азыркы жаштар патриот эмес, мекенчил эмес деген сыяктуу доомат-сындарды айтып калышат.

М. Намазалиев: Менимче, мекенди сүйүү жөндөн жөн эле куру жерден пайда болуп калбайт. Мисалы мекениңде коррупция болуп, адамдар бири-бирин уурдап, бири-бирин сабап, улуттар бири-бири менен урушуп жаңжал болуп атса, кыргызстандыктар, кыргызбы же өзбекпи алар мамлекеттен көңүлү калып калат. Өлкөдөн, элден көңүлү калып калышы мүмкүн. Себеби азыркы ааламдашуу учурунда алар башка мамлекеттерди көрүп келишет да.

Э. Бейшенбек кызы:
Демек аларда тандоо болот экен да?

М. Намазалиев: Ооба, алар тандоону көргөндөн кийин Кыргызстандан баш тартып коюшу мүмкүн. Аларды көпчүлүк патриот эмес, мамлекетин сүйбөйт деп айтып келишет. Бирок, менин оюмча, алар өздөрү үчүн да жашашы керек. Эгерде биз Кыргызсандагы адамдардын көпчүлүгүн патриот кылгыбыз келсе, анда Кыргызстандын өзүн оңдошубуз зарыл. Мамлекет дүйнөлүк аренада атаандаша алгыдай болушу шарт. Дүйнөнү көрүп келген адамдар Кыргызстанды тандагандай болушу керек. Эгерде муну максат кылып алсак, Кыргызстан өзүнүн кайсы жактарын оңдошу керек, кандайча өнүгүшүбүз керек, кантип жаштардын жүрөгүнөн орун алышыбыз керек деген суроолордун үстүнөн ойлонуп, мамлекеттик саясатты оңдошубуз керек.

М. Токтогул уулу: Азыр реалдуу сөз айтышыбыз керек. Азыр Кыргызстандын денеси, жаны абдан оор абалда. Ушул учурду алганда, азыр уктабай турган убак келдиби деп ойлойм. Мекенчилдиктин туу чокусу бизге азыр керек! Сырттан болобу, ичтен болобу, чыныгы күйгөн адам эч качан сындабайт. Исхак Раззаков: “Кемчиликти айта берүү өсүүгө алып барбайт”, - деп айткан экен. Айрым ойчулдар адамды өстүрөм десең, анын кемчиликтерин чукуй бербе, ал өзү деле билет, уялат. Тескерисинче өзү билбеген жакшы жактарын айт, ошого умтулат дейт. Муну айтуу менен кыргыздарды мактап салгыла дегеним жок. Болгону чындап күйгөн адамдардын башын бириктириш керек. Мындай аракеттер башталып жатат.

Т. Дооров: Сын тууралуу. Мен көбүнчө саясий байкоочулардан убагында Аскар Акаевди “мынакей, Кудай бизге берди деп отуруп бузуп алдык”, деп айткандарын угуп калам. Азыркы президент Курманбек Бакиевди буга чейин жамандап келген адамдар азыр эч нерсесин калтырбай мактап, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды деп айтып жатышат. Мындай болбошу үчүн, балким, мамлекетте болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, кемчиликтерди айтып туруш керектир?

М. Токтогул уулу: Мен бир мисал менен түшүндүрө кетейин. Адам качан ооруп баштайт – ысыктаганда, анан сууктап кеткен кезде. Ысыктап кеткенде, суукташ үчүн суусундуктарды көп ичет, жашылча-жемиш жейт. Сууктап кеткенде, эт жейт, шорпо ичет. Качан гана тең салмактуулук болгондо, ден-соолугу чың болот экен. Ошол эле сыяктуу коомдун ден-соолугу чың болушу үчүн ысыгы да, суугу да тең болушу керек деп ойлойм. Башкача айтканда, сыны да, мактоосу да чени менен болушу керек.

М. Намазалиев: Мен да кошумчалап коеюн. Мисалы, жаш саясатчылардын форуму болгон. Алар убагында бир топ сөздөрдү да айтканга үлгүргөн. Ал жакта националисттер, социалисттер, коммунисттер,

Э. Бейшенбек кызы: либералдар...

М. Намазалиев: ...либералдар аз болчу, ошолордун баардыгы биригип алышкан эле. Алардын негизги идеясы - саясатчы болуу эле. Ошондой эле азыркы улутчулдар “Биз кыргыз элин сүйөбүз” дегени менен, мамлекет кандайча өнүгүшү керектиги тууралуу ой-пикирлери ар башка. Бири: “Биз коммунистердин учурундагыдай болушубуз керек, баардыгын мамлекет башкарышы керек”, - деп айтат. Башкалары: “Жок! Мамлекет арыраак турушу керек, адамдар өздөрүнүн маселелерин өздөрү чечиши керек”, - дешет. Менимче, кыргыз жаштарынын башын бириктирип жатканда, экономикалык натыйжалуу ой-пикир, реформаларды, идеялардын башын бириктириш керек деп ойлойм. Ошол эле Гонконг, Дубай, Эстониябы, айтор, жакшы өнүгүп кеткен мамлекеттердин тажрыйбасын алышыбыз керек деп ойлойм.

М. Токтогул уулу: Эл үчүн чындап күйгөн адам мейли Гонконгдо, мейли жердин жети түбүндө болсун элим-жерим деп турат. Башкача айтканда биринчи өзүнөн баштайт, өзүн тарбиялап баштайт. Мекенчилдик ириде баардык көз караштагы адамда, мейли либералында, коммунистинде да, улутчулунда да болушу керек. Анткени максат кесепет менен эмес, себеп менен алпурушууда турат. Жеңилирээк жолу ушунда. Каймана айтканда, биз ириде канды тазартышыбыз керек.

Т. Дооров:
Ал кандайча? Жаштар келиши керек деген маанидеби?

М. Токтогул уулу: Азыркы демократиялык коомдо түрдүү көз караш бар. Ар ким өзүнүн пикирин айта алат, маселе ошол пикирлерди сеники андай экен, мындай экен деп четке кагууда эмес, ар бирин топтоп бир сызыкка коюшта турушу керек. Бирин да четке кагууга болбойт. Кыргызда кой аксагы менен миң деп айтышат. Баары эле жаратуучу эмес экен, баары эле аткаруучу эмес экен.

М. Намазалиев: Менимче, баардык эле саясатчыларды шайтан азгырган эмес. Кай бир адамдар чындап эле жакшылык кылгысы келет. Бирок алардын идеялары туура эмес болуп калгандыгы үчүн экономиканын өнүгүшүнө тоскоол келтирип, коомдун бузулушуна алып келет. Ошон үчүн жаштарды тарбиялап жатканда, “улутту көтөрүш керек” деген гана жалгыз идея эмес, анын ичинде дүйнөдө эффективдүү иштеген идеяларды да кошо билиш керек деген сөз.

М. Токтогул уулу: Кыстарма. Улут качан өнүгөт? Качан гана коңшулары өнүккөн кезде. Улут качан гана денеси менен жаны бир абалга келгенде өнүгөт. Биз бул нерсени бөлүп карабашыбыз керек. Баардык адам улутчул болушу керек, баардык адам космополит болушу керек. Баардыгын бир сызыкка, алтын казыкка алып келип алышыбыз керек. А алтын казык деген мамлекеттин өнүгүүсү болушу абзел.

“Бакайдын акылы”

Т. Дооров: Биз, жаштар, көпчүлүгүбүз СССР урап жатканда, же андан бир аз мурдараак-кийинчерээк мезгилде төрөлгөнбүз. Башкача айтканда көз карандысыз Кыргызстанда, анын кайгы-муңун жон терибиз менен сезип чоңойгон балдарбыз да, туурабы? Азыр акыл көчү болуп, жаштардын көбү Кыргызстандан кетип жатат. Алар эмне үчүн кетип жатат деп ойлойсуңар? Бул патриоттуулуктун жоктугубу?

М. Намазалиев: Эч ким бир нерсе кылууга милдеттүү эмес. Мисалы мага башка адамдар кыргыз элине патриот болуу үчүн милдеттүү эмес. Ошондуктан тышка кетип жаткан жаштарды жамандап, аларды Кыргызстанды сатып кетишти, же дагы башка сөздөрдү айткан туура эмес. Мисалы, мен тааныган Америкада, Европада жашаган балдар жаңы келгенде кыргыздар укмуш мекенчил деп айтышат. Кыргызстандын туусун сатып алышат. Кайра келип Кыргызстанды өнүктүрөм деп ойлошот. Бирок 2-3 жыл өткөндөн кийин, алар ал жактан жумуш таап, кеткилери келбей калат дешет. Себеби ал жактан алар өздөрүнүн жашоосун оңдоп кете алат. Кыргызстанда, тилекке каршы, оңдой алышпайт. Себеби, көп нерселер алар жашап келген шаардан аябай айырмаланып калат. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн, биздин дагы мүмкүнчүлүктөрдү, эркиндиктерди бөлөк мамлекеттердеги мүмкүнчүлүктөргө теңдөө керек деп ойлойм. Бул жерден четке кеткен адамдарга каршы сүйлөбөй, тескерисинче, өзүбүздө эмне кемтик бар экенин биле алсак, Бакайдын акылдуулугуна тете иш кылган болот элек. Эгер андай кыла албаса, акылсыздыгыбызды көргөзүп калабызбы деп корком.

Т. Дооров: Аларды айыптабаш керек дегенге кошулам. Менин тааныштырым деле, Кыргыстанга келип, иштегенге аракет кылганын, министрликтерге барганын айтышат. Ал жактагылар иштегенге мүмкүнчүлүк бербей койду, дешет. Ошол эле учурда, минтип баарын чанып, болбойт экен, мүмкүнчүлүк жок экен деп кетип калгандын өзү жеңилип калуунун белгисидир?

М. Намазалиев:
Мен, мисалы, элүүгө чыкканда, он беш жыл бою Кыргызстанда кедей болуп жашаптырсың деп мага эч ким бул жылдарды кайтарып бербейт. Ар бир адам өзүнүн жашоосун, планын түзүүгө укугу, эрки бар. Анан чет өлкөгө кеткен адамдардын баарын эле ал жакта калып калат деп айтуудан алысмын.

Т. Дооров: Бирок кийинки муундагы балдар калып калышы мүмкүн. Мисалы Орусиядагы көп кыргыз үй-бүлөлөрүн билем. Алардын балдары орус мектептерге барат. Кыргыз маданиятынан, турмушунан алыстап калышкан. Алар үчүн бул мамлекет өз эмес, өзгө болуп калган.

М. Намазалиев: Дайыма эле мындай боло бербейт. Мисалы менин Сейитбек Усманов деген досумду сиздер деле тааныйсыздар. Биз ал менен Борбор Азиядагы эркин рынок институтун түздүк. Сейитбек өзү Кыргызстанда дээрлик жашаган эмес. 1-2-классты эле окуп, анан көчүп кеткен. Ал азыр Кыргызстанга келип, жаңы идеяны, биз менен чогуу эффективдүү иштердин орун алышына жардам берип жатат. Ушундай адамдардын башын бириктирип, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн бөлөк мамлекеттердикине теңдөөгө аракет кылбасак, бизге окшогон жаштар дагы кетип калышы мүмкүн.

Э. Бейшенбек кызы: Демек азыр мүмкүнчүлүктөрдү теңдөө жаатында иш алып жаткан экенсиздер да?

М. Намазалиев: Ооба.

“Алтын тагдыр”

М. Токтогул уулу: Мен да бул пикирге кошулам. Бирок бир нерсе бар. Бабалардан калган мекенди сактоого милдеттүүбүз. Бул укуктан да, тандоодон да жогору нерсе. Ар кимге ар түрдүү тагдыр буюрат. Алтын тагдыр буюрушу керек. Бул эмне деген сөз, бул деген мекенге кызмат кылуу деген сөз. Мекенге сырттан деле кызмат кылса болот. Болгону жогоруда айтып кеткендей, тайыз нерсе менен алмаштырбашыбыз керек. Көп эмгек көмүскө жасалат. Улуу эмгек унчукпай жаралат экен. Биз минтип көрүнө сүйлөп атканыбыз менен, бизден да укмуштуудай эмгектерди унчукпай эле жасап жаткан адамдар бар. Болгону жашоого аң-сезимдүү, соо карашыбыз керек.

М. Намазалиев: Бир мисал мага абдан жаккан. Бир эксперт менен жолуксак, ал Ирландияны мисал келтирген эле. Бул - өтө кичинекей мамлекет. Кыргызстандын бир шаарынын эле деңгээлиндеги мамлекет. Бирок ушул кичинекей өлкөдө өздөрүнүн тилинде көптөгөн телеканалдары бар. Адабияты абдан өнүккөн. Китептердин баарын өздөрүнүн тилине которушат. Ошол эле Индияны же дагы башка өнүкпөгөн өлкөлөрдү карасак, алар күнүмдүк эле жашоосун ойлоп, өзүнүн тилинде да эч нерсе кыла алышпайт. Менимче, улуттук баалуулуктарды, же улуттук тилди, же дагы башка сапаттарды сактап калуу үчүн биз өзүбүз өнүгө билишибиз керек.

Т. Дооров: Демек, патриоттуулукту да багыш керек?

М. Намазалиев: Балким ал идея катары көрүнүп турат. Бирок аны биз азыр кармай албайбыз да. Ага жетиш үчүн биз кандайдыр бир кадамдарды жасашыбыз керек.

Т. Дооров: Жыйынтыктоочу суроо. Бүгүнкү кыргыз патриоттуулугун кандай көрөсүңөр жана келечекте кантип көргүңөр келет?

М. Токтогул уулу:
Патриот, улутчул, фашист жана башка деп бөлгүм келбейт. Азыр бир топ комплекстер бар. Ошол комплекстердин баарын алып салып, чыныгы эл-жерди сүйгөн адамдардын башы биригиши керек. Сыртта жүргөн, ичте жүргөн азаматтарыбыздын да ар биринин орду бар. Ошол ордубузду билип, ошого мекенге болгон сүйүүнү аралаштырып, таза акыл, ой жана эмгек менен эл үчүн кызмат кылып башташ керек деп ойлойм.

М. Намазалиев: Мен башында айылдагы адамдар көбүрөөк мекенчил болсо керек деп ойлочумун. Тескерисинче алардын көпчүлүгү Орусияга же Казакстанга качышат экен. Себеби азыркы абал ошондой. Айтайын дегеним - бизде кандайдыр бир көрөгөчтүк идея жок. Мисалы уюм, же партия болобу, аларда идея болбосо, эч кайда кете албайт, өнүкпөйт. Ошондой эле кеменин капитаны жок болсо, башкалары кай жакка барууну билбесе, чөгүп кетишет. Азыр Кыргызстандагы абал ушундай болуп жатат. Саясий партияларда болобу, мамлекеттик бийлик органдардабы, айтор, Кыргызстан 10-20 жылдан кийин кандай болот деген суроого жооп жок. Жыйырма жылдан кийин чындап эле өнүккөн мамлекетте жашайсыңар деп ишенүүгө болбойт. Ошон үчүн жаштар жыйырма жылдан кийин деле Кыргызстан өнүкпөсө керек, мен азыр эле кетип калайын деп ойлошот.

Э. Бейшенбек кызы: Келечекте кандай көргүң келет?

М. Намазалиев: Океанга чыгуу жолубуз жок болсо да, Кыргызстан географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашкан. Тегерегибиздин баары жакшы кызыктуу мамлекеттер менен курчалган. Бул аймактын кандайдыр бир борбору болуп, көптөгөн учактар учуп, кыргыздар дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашаса да улам сайын каттап, жаңы инновацияларды киргизип, Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам бере алат деп ойлойм.

Элеонора, Төрөкул: Маек куруп бергениңиздерге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG