Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

К. Бакиевдин шайлоо кайрыктары


«Азаттыктын» «Талапкер менен таанышуу» рубрикасына кезектеги мейманы – Курманбек Бакиев.

Бейтараптык, калыстык принциптеринин негизинде «Азаттык» баардык талапкерлерге интервью берүү өтүнүчү менен кайрылган болчу. Курманбек Бакиевден башка 5 талапкер «Азаттыкка» интервью берди, ал эми биздин интервью сурап кайрылган катыбызга Президенттин катчылыгынан жооп келди жана анда «мамлекет башчынын жакынкы айлардагы иш графиги өтө жыш болгондуктан» Курманбек Бакиевдин «Азаттыкка» интервью бере албай турганы айтылган.

Ошентсе дагы биз президент Курманбек Бакиевдин республиканын аймагын кыдырганда жана буга чейин ар кайсы жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнүн негизинде анын айрым маселелер боюнча пикирин бермекчибиз.

Курманбек Бакиев
башкы жетишкендиктердин бири катары бюджеттин кирише бөлүгүнүн көбөйгөнүн айтып келатат. Ал 17-июлда Таласка экинчи ирет барганында эл алдында мындай деди:

-Карап көрсөңүздөр төрт жылдын ичинде мамлекеттин бюджети үч жарым эсеге көбөйдү. Салык менен бажыдан түшүп аткан каражат мурун башка жака кетип атса, азыр көпчүлүгү мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп калды.

Бюджетти көбөйтүүнүн эсебинен ал акыркы 4 жылдын ичинде айлык акы, пенсиялар 50% көтөрүлгөнүн, Камбарата 2 ГЭСи курулуп жатканын да Таласта билдирди.

Ал эми үй-бүлөлүк башкаруу жана бул ирет шайлана турган болсо 5 жылдан кийин өтө турган кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын 14-июлда Ош облусунун шайлоочулары менен жолугушкан учурда билдирди.

Кудай колдоп сиздер ишенич көрсөтсөңүздөр, экинчи мөөнөткө шайласаңыздар, мөөнөтү бүткөндө кетем.
-Үйбүлөлүк башкаруу деген Акаевдин мезгилинен бери келатат. Кудай колдоп сиздер ишенич көрсөтсөңүздөр, экинчи мөөнөткө шайласаңыздар, мөөнөтү бүткөндө кетем. Менин аялымды көрүп атасыздарбы бир жерден, мамлекеттик ишке, же саясатка же кадрга аралашпаса, Татьяна Васильевна. Эки уулум бар. Бирөө КГБда иштегенине 17 жыл болуп кетти. Кичүүсү Максим, анын бизнеси эл аралык деңгээлге чыгып кеткен.

Ушул эле темага К.Бакиев Нарынга 14-июлда барганда да кайрылып, өзүнөн кийин келе турган президент бойдок болбосун, ал эми кичүү уулу Максим чет мамлекеттер каражат таап келип, токтоп калган ишканаларды көтөрүп жатканын айткан эле:

- Дүжүр сөзү бар экен Акаевдин мезгилинен калган үйбүлөлүк башкаруу деген. Анан мен күлүп айттым, айланайын мен президент бой болбосом үй-бүлөм болот да, аялым, балдарым бар. Кичүүсү Максим деген бизнесмен уулум экинчи курстан бери бизнес менен алектенет. Ал башка балдарга окшоп арак ичип, мас болуп, же биздин бизнесмендердин акчасын чөнтөгүнө салган жери жок, тескерисинче инвестиция алып келип атат чет жактан Кыргызстанга. Бизнес жасап келип токтоп калган ишканаларга жардам берип атат. Ошол туугандар.

Азыркы тапта эң бир кызуу талкууга алынып жаткан маселелердин бири – бул кыргыз-кытай чек арасындагы алгач 60 чакырымга Кыргызстандын ичине жылдырылып, Торугарттан Коргон-Ташка орун которуп, кийин жергиликтүү элдин катуу наразылыгын жараткандан кийин кайра мурдагы ордунда калган бажы бекети тууралу. Бул маселе боюнча оюн президент Курманбек Бакиев 16-июлда Бишкектин «Арча-Бешик» жаңы конушунда шайлоочулар менен жолугушкан учурда бул маселе оор шарттардан, биринчи кезекте климаттык жагдайдан улам көтөрүлгөнүн, эми бул маселеге биротоло чекит коюлганын айткан:

Эч кандай пост ары-бери жылбайт, ордуна калат, кыйын болсо да эч нерсе эмес. Мен ойлойм, шартын түзүп беребиз. Ошондо бул маселе жабылган урматтуу агайым-туугандар, эч кандай жылбайт пост.
- Кыргыз менен Кытайдын ортосунда чек ара боюнча маселе жок бүгүн. Анын баардыгы аныкталган, Жогорку Кеңештен эбак эле өткөн, бекиген. Көтөрүлгөн маселе бир гана постту тиги жерден 50-60 км райондун ичине жылдыралы деп чечип, ушундай бир маселени карашкан экен. Себеби шарты оор, кышы суук, кислород жетишпейт, ошол жерде иштеген чек арачылар кыйналып атат деген маселени карай баштаган экен. Бирок мен жанагы маселени уккандан кийин, комиссия түзүп өкмөттүн биринчи вице-премьерин баш кылып жөнөтүп, бул маселени эл менен барып ошол жерден чечип келишкен. Бул маселе жабылган. Андан кийин мага коргоо министри келип доложить эткенден кийин мен айттым, бул маселеге кайрылмай жок деп. Эч кандай пост ары-бери жылбайт, ордуна калат, кыйын болсо да эч нерсе эмес. Мен ойлойм, шартын түзүп беребиз. Ошондо бул маселе жабылган урматтуу агайым-туугандар, эч кандай жылбайт пост. Ушуну туура түшүнгүлө. Мамлекеттин кандай гана мамлекет болбосун ошонун бир квадрат метр жери бул ыйык нерсе. Аны жөндөн жөн эле эч ким бирөөгө бере албайт жалгыз.

Ал эми азыркы президент оппозиция керек, ал болгондо да бийлик өкүлдөрүнүн майнаптуу иши үчүн зарыл деген пикирин ошол эле “Арча Бешикте” 16-июлда минтип билдирген болчу.

- Бирок оппозиция болуш керек, оппозиция болбосо бийликтин көзүн май басып кетет деген да туура, бирок оппозиция конструктивдүү болуш керек. Оппозиция болсо бийликте тургандар дайыма өзүн жакшы формада сезип жүрөт, уктабайт да.

Эгер Курманбек Бакиев президент болуп кайра шайланса парламент таратылбай, ишин улантат. Анткени ал азыркы парламентке ыраазы:

-Шайлоодон кийин парламентти таратасынарбы?

-Билбейм, менде андай ой деле жок. Мен ачык айтып коеюн, мен бул парламентке ыраазымын, ошондуктан жанагыдай сөз жок туугандар.

Республиканын түштүгүндө Орусиянын базасы эмес, эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн антитеррордук борбор түзүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Курманбек Бакиев 15-июлда “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда ачыктады. Учурда анын кайсы жерде жайгаша турганы жана башка маселелери эки мамлекеттин коргоо министрликтери тарабынан талкууланып жатат.

- Бул база эмес, бул антитеррордук борбор. Анда эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча машыгуулар болушу мумкун. Террорчулук түштүктө ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Биздин жана орус аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуу чаралары жүргүзүлөт. Ушундай эле болот.

К.Бакиевдин айтымында, түштүктө экстремизм менен, терроризм менен күрөшүү зарыл нерсе, ошондуктан ушул аймак тандалып алынды.

XS
SM
MD
LG