Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:34

Улуттук туңгуч басылма - мурдагы “Эркин-Тоо”, азыркы “Кыргыз Туусу” гезити 85 жылдык мааракесин белгилөөдө. Буга байланыштуу гезиттин башкы редактору Кыяс Молдокасымовду сөзгө тарттык.

- Кыяс мырза, «Кыргыз Туусу» гезитинин 85 жылдык мааракеси кут болсун!

-Рахмат.

- Эми бул мааракеге байланыштуу бүгүнкү салтанат кандай өткөнү тууралуу кеп салсаңыз.

-“Кыргыз Туусунун” бүгүнкү мааракелик салтанаты өзүбүз ойлогондой болду. Бүт жакшы санаалаштар, “Кыргыз Туусун” урматтаган көптөгөн биздин окурмандарыбыз келди, расмий бийликтин өкүлдөрү келди. Кечээ президентибиз Курманбек Бакиев өзүнүн жарлыгы менен “Кыргыз Туусу” гезитин ардак грамота менен сыйлады, материалдык-техникалык базабызды чыңдоо үчүн жардамын берди. Бүгүнкү салтанатка келгендер дагы “Кыргыз Туусу” гезитинин тарыхтагы өзгөчө ордун айтып, эмгек жамаатынын көңүлүн көтөрүп, шыктандырып, аябай жакшы маанайды жаратып кетишти.

- Кыяс мырза, “Кыргыз Туусу” гезитинин мааракесине байланыштуу салтанат Улуттук филармонияда өтөт деген маалымат тарады эле, эмне үчүн филармонияда өтпөй калды?

- Биз аны дагы карап көрдүк, өткөн сандагы гезитибизде да жаздык, “Кыргыз Туусу” гезити ашыкча мааракелерге, паракорчулукка, ашыкча шан-шөөкөттөргө карата көптөгөн макалаларды жазып, элди бир демилге менен үндөп, башкача бир багытта майрамдык маанайларды, мааракелерди өткөрөлү деген демилгени көтөрсөк, ошого үлгү болуп, мааракени башкача бир багытта өткөрсөк кандай болот эле деген маселе бизди ойлонтту дагы, анан Улуттук филармонияга өзүнчө чоң бир шаан-шөкөт менен өткөрбөй, өзүбүздүн кут дарыган, кут түшкөн редакциябызда эле жакшынакай маанайда өткөрсөк деген тилек болду дагы, мына ошол максатта өзүбүздүн редакциябызда өткөрдүк. Бир чети бул жакшы эле болуптур, өз деңгээлинде өттү.

- Гезитте бүгүн канча адам эмгектенип жатат жана нускасы канча болуп калды?

- Бизде туруктуу эмгектенген мыкты журналисттер, техникалык кызматкерлер, жер-жерлердеги кабарчыларыбыз болуп, кызматкерлерибиздин жалпысынан отуздун тегерегинде. Бардыгы өзүнүн кесибин мыкты билген, аты-жөнү жалпы кыргызга белгилүү журналисттер иштейт. Өзүбүздүн жаңы багытты алгандан кийин улуттук руханий дөөлөттөрдү өнүктүрүп, руханий байлыктарды байыталы, улуттук маданият, салт-санаа, тарыхты ушул гезит аркылуу өркүндөтөлү деген багытыбыздан кийин “Кыргыз Туусу” гезитинин нускасы бир топ өстү бүгүнкү күндө, бизди атайын издеп, суранып, ар бир саныбызды атайын күтүп окуган окурмандарыбыздын көбөйгөнүнө биз өзгөчө сыймыктанабыз. Бүгүн гезиттин нускасы 9-10 миңдин тегерегинде чыгып атат. Мындайча айтканда, кыргыз тилдүү гезиттерден эң көп нуска менен чыккан “Супер инфо” басылмасынан кийин эле көп нускада чыккан гезит - “Кыргыз туусу” болуп калганына биз өзгөчө сыймыктанабыз.

- Эми өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу да сөз кыла кетсек. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын кандай баалайсыз?

- Бүгүн мамлекеттин саясатын жүргүзгөн гезиттердин саны, өзүңүздөр деле билесиздер, үчөө эле. Ошол эле учурда эркин гезиттердин саны ондоп саналат. Бул Кыргызстандын басма сөзүндөгү эркиндик, пикирлердин плюраллизми башка өлкөлөргө караганда алдыда экенинин далили десе болот. Мына ушундан биз Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кандай экенин көрсөк болот. Мен ойлойт элем, Кыргызстанда өтө саясатташып кеткен учурлар көп. Түбөлүктүү бир темалар, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин, кыргыз улутунун түбөлүктүү туусун көтөргөн темалар экинчи планга калып калган учурлар да көп болуп атат. Мына ушул жагына басылмалар өзгөчө көбүрөөк көңүл бурса экен деп, ошол жагын кийин мезгилдерде көбүрөк айтып атабыз.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG