Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Жалал-Абадда коомчулук жаңжалдын себептерин териштирүүдө


Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектер ынтымакка келүүгө аракет кылып жатышат
Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектер ынтымакка келүүгө аракет кылып жатышат

Коомчулуктун өкүлдөрү Жалал-Абадда май жана июнь айындагы тополоң окуяларын чыгарбай коюу мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгып кеткенин, бул жерде эл менен иштеше албаган бийликтин күнөөсү бар экендигин айтып жатышат.

Облуста мындан аркы чыр- чатактардын алдын алуунун жол-жоболору көп. Жалал-Абад шаарынын тургуну Максат Абдыкаимов эл арасы дагы эле кооптонуп турганын белгилөө менен өзү жаңжалга себептүү деп эсептеген айрым улутчул саясатчылардын колго түшпөй, курал – жарактары толук алынбаганына тынчсызданат. Анын айтымында ар бир шектүү ушак-айыңды изилдөө керек. Улуттар аралык жаңжал болбоосу үчүн аларды аралаш жашатып, түрдүү маданий иш чара, жолугушуу, той- аштарды чогуу өткөргөн ыкманы турмуш далилдеген.

Облуста баш аламандык мурунку жана азыркы бийликтин тарапкерлери кагылышкан 14- майда башталган. Ал окуяга кыжырданган адамдар 19- майда Жалал-Абад шаарындагы “ Элдердин Достугу “ университетин талкалашкан. 12-13-14- июнь күндөрү жаңжал кайра тутанып, жүздөгөн үй, имарат-жайлар өрттөнүп, Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей 67 адам каза болгон.

Облус тургуну Токтобек Атабековдун пикиринде өткөн окуяларга үчүнчү күчтөрдүн аралашканын маалымат каражаттары жазып чыккан. Демек, ошондо эле атайын аскердик иш-чараларды алдын ала өткөрүп, эл талап кылган курал-жарактуу адамдарды кармоо менен улуттар аралык мамилени жана биримдикти сактоо болот эле.

Өткөн тополоңдор бийликтин алсыздыгынан болду. Ооган согушунун ардагери Садыкжан Хаджиматовдун белгилешинче, эл арасындагы бардык маалымат бийликке, атайын күчтөргө деле белгилүү. Бийлик ээлери айыл- көчөлөрдү кыдырып, эл менен тыгыз иштеп, алардын муктаждыгын угуп, угула калган ар бир ушак- айың чагымдарды текшерсе, ар түрдүү чыр- чатакты болтурбай коюусу мүмкүн.

Облус губернатору Бектур Асанов бийлик калк менен тыгыз мамиледе экендигин айтып, жогорудагы жарандардын пикир- дооматтарын четке какты. Анын ырасташынча, бийлик уюмдары жакшы иштебегендиги, жагдай бир-эки күнгө көзөмөлдөн чыгып кеткени ырас. Бирок, тополоңдун андан ары оожалып кетүүсүнө жол берилбеди. Аталган баш аламандыктарга деструктивдүү күчтөр менен чагымчылардын, сырткы күчтөрдүн катышы болгондугу аныкталууда.

Күч уюмдары өткөн окуяларга шектүүлөр кармалып, курал–жарактар алынып жаткандыгын билдирүүдө. Ушу тапта облустагы кырдаал толугу менен бийликтин көзөмөлүндө. Адам өлүмү менен коштолгон окуяларды унутуп, ынтымак менен биримдикте жашоо үчүн жер – жерлерде жарашуу зыяпаттары өтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG