Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Кыргыз тилинде сүйлөгөн жаштар көчөгө чыкканда эле бири-бирине орусча кайрыла башташат. Алар кыргыз тилине толук өтүүгө азыр коом даяр эмес дешет

"Азаттык плюс" шаар жаштарына “Жаштар эмне үчүн кыргызча сүйлөгүлөрү келбейт?” деген суроо менен кайрылып көрдү. Алар болсо: “Кыргызча эч ким кайрылбайт, кыргызча сүйлөгөн өтө оор, орусча сүйлөө адат, мода болуп калган, ата энебиз баары орусча гана сүйлөйт ошондуктан кыргыз тилин билбейм, идеология жоктугунан эч ким сүйлөбөйт”, - деген өңдүү ойлорун билдиришти. Кызыгы алар кыргыз тилинде берилген суроолорго аңдабай эле адатынча орусча-кыргызча чабыштырып жооп берип жатышты. Айрымдарына “кыргызча айтсаң” деген эскертүү да таасир берген жок.

“Ак шумкар кут” уюмунун жетекчиси Мирхамид Токтогул уулунун айтымында, аны акыркы убакта жаштар арасында билип турса да өз тилин жерип, бузуп сүйлөө адатынын кадыресе эле көрүнүшкө айланып баратканы чочутат:

- Биздин уюм коомчулук менен иштейт. Анан балдар, кыздарды көрөбүз кандай сүйлөгөнүн. Сүйлөп келе жатып эле, “Ой уже, объязательно да, мен вообще билбейм” деген сыяктуу сөздөр одоно угулганы менен кадимки эле төл сөздөргө айланып баратат. Менимче, бул нерсени жоюу колдон келерлик. Мисалы биздин уюмда кыргызча сүйлөп жатып, бөтөн сөздү кошсо бир сом айып деп коебуз шарттуу түрдө. Өзүн-өзү тарбияласа болот да. Өмүр бою орусча тарбияланган кишилерде деле бир улуттук демди ойготсо жыйынтык чыгат да.
Мирхамид Токтогул уулу: "Өз тилин жерип, бузуп сүйлөө адат болуп баратат"

Бирок жаш активист, өзүн-өзү тарбиялоо дегенде эле “сен эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүң?” деп кишиге доомат артуу болбостугун белгилейт. Ал тилди жайылтуу маселесин элге курулай пропагандалоо жолу менен эмес, мамлекеттик деңгээлдеги бир олуттуу аракеттер аркылуу гана ишке ашыруу керектигин айтат.

Бул жерден Мирхамид Токтогул уулу коңшу Казакстандын тажрыйбасын мисал катары келтирет. Анткени акыркы убактарда адистер Казакстанда жаштар арасында казак тилинде сүйлөө модага айланганын байма-бай эле айтып келишет.

- Аларда казак тилинде гана сүйлөө демилгеси алгач эл ичинде көтөрүлгөн жок, эл деле аны талап кылган жок да, туурабы? Бул иш мамлекеттик рычагдын багыттоосу менен болду. Алардагы улуттук маданиятты, духту, демди, улуттук дөөлөт мурастарды көтөрүүгө багытталган саясат коомдогу улутчулдук сезимди өзүнөн-өзү өөрчүттү. Бул табигый процесс болуп калды. Ал эми биздеги саясат улуттук демди көтөрүүгө алсыз. Анан калса жармашканга учкашкан болуп, өзүбүздө да улуттук демдин жоктугунан бул нерселер тилге терс таасирин тийгизип жатат.

Ошентип “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынганына жыйырма жыл толду. Учурда кыргызстандыктар бул убакыт аралыгында жасалган иштерге саресеп салып, жыйынтык чыгарып жаткан чагы. Адистер дароо көзгө көрүнбөгөнү менен мыйзамдын айрым беренелери иштеп жатканын, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилинде да жүрө баштаганын, тилге болгон мамиле оң жагына өзгөргөнүн белгилешет. Бирок бул мыйзамда канча жылдардан бери көңүл бурулбай келе жаткан мүчүлүштүктөр, анын толук кандуу иштешине бөгөт болуп, тилдин элге сиңишине кедергисин тийгизип жатат.

- "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамыбыздын акыбалы анча жыргатарлык деле эмес чындыгында. Мамлекеттик тилде же расмий тилде иш жүргүзсө болот, мамлекеттик тилде же расмий тилде сүйлөй берсеңер болот, мамлекеттик тилди билбегендер эч кандай кысымга алынбашы керек, расмий тилди билишибиз керек, иштетишибиз керек деген нерселер көп да. Мына ошондон арылбасак мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт жана анын келечеги жөнүндө көп суроолор пайда болот
,- дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Азимжан Ибраимов.

Адистин айтымында, мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү сунушунун парламентке жолдонгонуна эки жылдан ашык убакыттын жүзү болду. Ал социалдык жана маданий иштер боюнча комитетте жатат. Депутаттарга нечен ирет кайрылган адистер жакынкы келечекте бул маселе парламентте каралып, оң жагына чечилет деп үмүт артып турушат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG