Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Курман Айт - адеп-ахлак, кайрымдуулук майрамы


27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында курман айт намазы окулду. Намазга жыгылардын алдында Кыргызстандын мусулмандарына куттук айтылды.

Айт намазына элдин алды эрте мененки саат 6.00.дан баштап чогула баштады. Жогорку Кеңеш алдындагы эски аянтка чогулуп аткандарга молдокелер биринен сала бири ислам насааттарын айтып турду.

Сүйүн-ажы Кулуевдин айтуусунда, Курман айт эки нерсе менен айырмаланат. Биринчиси, бул күнү ажылык зыяраттар ишке ашырылат. Экинчиси, колунда бар мусулман адам сөзсүз курмандык чалыш керек.

Саат 8.30.да намаздын расмий бөлүгү башталып, Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов сөз алды. Ал өз сөзүндө курмандык чалуу расмисине токтолуп, курмандык курман айт намазынан кийин союларын, ага кой, уй, эчки, төө сыяктуу мал туура келерин, колунда жок адам карыз алып курмандык чалууга болбостугун эскертти.

Мураталы-ажы Жуманов ошондой эле саат 8.30.дан баштап бир саат бою Бишкектеги айт намазын жалпы Кыргызстанга көрсөткөн Кыргыз улуттук телерадио корпорациясына ыраазы.

Курман айт намазына чогулгандарды Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат башчысы Каныбек Жороев да куттуктады:

- Кымбаттуу мекендештер, азиз момун-мусулмандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин атынан курман айт – ыйык майрамыңыздар менен кызуу куттуктаймын! Курман айт диний майрам гана эмес, ыймандын, адеп-ахлактын, кайрымдуулуктун, айкөлдүктүн да негизи!

Андан кийин сапан-сап айтылып, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен 80 миңдей мусулман курман айт намазына жыгылды:

Намаздан кийин Нурбек-кары Орунбай уулу куран окуду. Азаттыктын угармандарына Бишкек шаар тургуну Тариел Нурмат каалоо-тилегин айтты.

Курман айт күнү ажылык сапарда жүргөндөр Муздалифа өрөөнүнөн Мина талаасына келишип, шайтанга таш атуу расмисин башташат.

Курман айт - кайрымдуулук майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00


XS
SM
MD
LG