Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Авиакырсыкка кабылган учактагы жүк боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Куткаруу жумуштары.
Куткаруу жумуштары.

Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Курамында КСДП фракциясынан Жанар Акаев, Мурадыл Мадеминов, Искендер Кадыркулов, “Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, «Өнүгүү – Прогресстен» Мирлан Бакиров, «Бир Болдон» Мыктыбек Абдылдаев, «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев, «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев, Максат Сабиров жана Болотбек Ибраимжанов бар.

Кулаган учактын бортунда 85 тонннадан ашуун жүк бар болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы кабарланган. Бирок ACT Airlines компаниясы Бишкектин четинде кулаган учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык.

Бирок “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак май куюуну жана экипажды алмаштырууну көздөгөнүн, борттогу жүктү Гонконгдон Стамбулга алып баратканын билдирген.

Бүгүн парламент жыйынында“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени көтөрүп, өкмөт тезинен түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Депутаттык комиссия түзүү демилгесин Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов да көтөрдү.

Маалыматтарга караганда, буга чейин аталган компаниянын учактары Бишкекке 52 ирет жүк ташыган. (SE)

XS
SM
MD
LG