Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Ош: Жарнактар жайнайт, бирок кайсы тилде?


23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 20 жылдыгы белгиленген.

23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 20 жылдыгы белгиленген.

Ош шаар мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адистери түштүк борборунда ондогон мекеме ишканалар кыргыз тил мыйзамын тоотпой жатышканын айтып, текшерүү учурунда 180ден ашуун мыйзам бузуу фактысы катталганын белгилешти.

Жергиликтүү тилчи-окумуштуулар бул аймакта мекеме ишканалар мындай турсун, Ош шаары алигүнчө жайнаган майда-барат өзбек тилиндеги жарнактардан арыла албай келатканына тынчсызданып келишет.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө өзбек тилиндеги анчалык чоң жарнактар жок болгону менен майда-барат, чакан жарыяларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Маселен, «эт сатылат» эмес «гушт сотилади», «нон», «чой» сыяктуу жазуулар жүздөп саналат.
Телеканалдардан өзбекче эле көрөбүз. Жаңылыктарды да өзбекче беришет.


Шаар ичиндеги өзбек коомчулугу жашаган көчөлөрдө кыргыз же орус тилинде жазылган чакан жарнамаларды учуратуу дээрлик мүмкүн эмес, алар жалаң өзбек тилинде жазылган.

Коомду козгогон маселе

Шаар тургуну Жыпара Эшбаева Ошто өзбекче майда барат жазуулардын каптаганы аз келгенсип, күн сайын кечинде жергиликтүү жаңылыктарды да өзбек тилдүү телеканалдардан көрүүгө аргасыз экенин айтат. “Эгерде башка облустардан же чет жерден коноктор келчү болсо, Ошту Өзбекстандын эле бир бөлүгү деп элестетишет го”, дейт Жыпара айым:

- Телеканалдардан өзбекче эле көрөбүз. Жаңылыктарды да өзбекче беришет. Өзбектешип эле баратабыз. Мамлекеттик чиновниктердин иши жок. «Гушт сотилади» деген жазууларды карагылачы - базарларда толуп кеткен. Алыстан бирөө келсе, Ош Өзбекстанга карайт турбайбы деп ойлошу мүмкүн.

Бул аймакта Жыпара сыяктуу эле тамактануучу жайларда же базарларда, эт сатуучу дүкөндөрдө чакан жарнактардын өзбек тилинде жазылышына кейигендер арбын. Бирок көп жылдан бери шаарда туруктуу жашагандар бул көрүнүшкө көнүп деле бүтүшкөнү байкалат.

Демилгелер көп, аткарылганы аз…

Мамлекеттик тил боюнча жаштар комиссиясын жетектеген Кыялбек Акматов Ошто кыргыз тил мыйзамын тоотпогон ишканалар, жеке ишкерлер да көп экендигин, бирок аларды мыйзамды талап менен аткартуу зарылдыгын айтат:

- Негизи биринчи мамлекеттик тилде, анан орус тилинде болушу керек. Бирок азыр дале мыйзам бузуулар болуп жатат. Балким муну үстүртөн бирөөлөр колдойт же тил мыйзамын тоотушпайт. Орус, өзбек тилиндеги аталыштар көп эле учурап атат. Муну көр адамдан башкасы көрүп атат. “Нон”, “сомса”, “гушт” деп өздөрүнүн тилине ыңгайлаштырып жазып алышкан. Эми буга талап керек, талап деле болуп жатат бирок аткартуу зарыл.

Бирок Кыялбек белгилегендей эле «мыйзамды аткартуу зарыл», «жарнактарды толугу менен кыргызчалаш керек» деген демилгелер дээрлик алты-жети жылдан бери эле такай айтылып келет. Андай демилгелер, ураандар Оштогу өзбекче жарнактардын азайып кетишине түрткү болгон жок.
Орус, өзбек тилиндеги аталыштар көп эле учурап атат. Муну көр адамдан башкасы көрүп атат.


Жаштардын өкүлү Мелис Бусурманкулов учурда көпчүлүк жаштар күнүмдүк турмуштук сөздөрдү да өзбекче сүйлөшүп калмай адаты бар экенин белгилейт:

- Достор менен тамашалашканда да «колийсаң» (кандайсың) деп айтып, өзбекче саламдашып калган досторубуз бар. Чынында, Ошто өзбекче жазуулар деле абдан көп да, мисалы мага «чойхана», «сомса» деген жазуулар абдан өөн учурайт. Баарын кыргызчалаш керек.

Коңшу Казакстанда мамлекеттик тилде даярдалган жарнактар кадам сайын көзгө урунат
Жергиликтүү журналист Гүлзат Газиева бир топ жылдан бери Оштогу тил маселесин, дал ушул көрнөк жарнактардын башка тилдерде жазылышын такай иликтеп, чагылдырып келет. Журналисттин баамында, соңку убакта кыргыз тилиндеги көрнөк-жарнактардын саны артып, абал жакшы жагына карай өзгөрүп баратат:

- Көрнөк-жарнактарды которуу иши мурда солгун болчу, азыр жакшы эле иш жүрүп жатат. Көчөлөргө учкул сөздөр, макал-лакаптар жазылып илинип жатат. Бирок кичинекей маалаларда өзбек тилиндеги чакан жарнактарды көрүүгө болот.

Ошентип кыргыз бийлиги бардык министрликтерден тарта, сот, жергиликтүү башкаруу органдарына чейин кыргыз тилинде иш алып барууга үндөп жаткан чакта, Ошто адистер өзбекче жарнактардын саны, тескерисинче, күн санап көбөйүп баратканын айтышууда.

Мындан сырткары Өзбекстандын онго чукул сыналгы-үналгыларын да оштуктар такай угуп-көрүп турушат. Ош бийлиги болсо, дээрлик он беш жылдан бери шаардагы өзбек тилдүү эки телеканалды мыйзамга баш ийдире албай убара тартып келишет.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Эне тилди унутпайлы!

"Азаттык плюс" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мамлекеттик тилдин азыркы абалына арналды.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG