Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Эгемен элдин кедери кеткен эне тили


Мамлекеттик тил күнүнө арналган Улуттук филармониядагы салтанат, 23-сентябрь, 2010.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган Улуттук филармониядагы салтанат, 23-сентябрь, 2010.

23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик макам ыйгарылганынын 21 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Анда ушунча жыл ичинде кыргыз тили өнүкпөй, кайра кедери кеткени, буга жалпы коомчулук айыптуу экени айтылды.

Ушул эле күнү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров пикет уюштуруп, аталышы орусча, бирок кыргыз тилдүү айрым массалык маалымат каражаттарынын ысымын өзгөртүүнү бийликтен талап кылды жана парламенттик шайлоодо мамлекеттик тилди сыйлабаган партияларга каршы добуш берүүгө жарандарды үндөдү.

Мамлекеттик тилге мамиле кандай?
Жаштар кыргыз тилинде аз сүйлөп, көбүнчө орус, англис, кээ бирде немис, кытай тилдеринде сырдашканга өтүштү.

Жыйынга катышкан Ош технологиялык университетинин студенти Ислам Абдыкарыев жогорку окуу жайларда кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын таңкыстыгы кендирди кесип жаткандыгын билдирди:

Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйын.
- Заманга жараша жаштардын бардыгы кыргыз тилинде кем сүйлөп, көбүнчө орус, англис, кээ бирде немис, кытай тилдеринде сырдашканга өтүштү. Кыргыз тили жок болуп бараткан тилдердин сабына кошулду десем жаңылышпайм. Себеби биз колдонгон адабияттардын бардыгы орусча же англисче. Анан бизде көбүнчө эски китептер пайдаланылат. Жаңылары жокко эсе. Кийинки жылдары кыргызча окуу куралдары таптакыр басылбай калды.

Бишкек шаарынын тургуну Манат Тынаева бала бакчаларда жана мектептерде деле мамлекеттик тилдин акыбалы ич жылытпай тургандыгын ачыктады:

- Бала бакчалар бүт орусча тарбиялашат. Мектептердин деле андан айырмасы жок. Душман көзүнө бирден гана кыргыз класс ачып коюшкан. Менин билишимче, түштүк жергесинде жана айрым башка улуттар көп жашаган аймактарда кыргыз тили таптакыр унутулду.

Кепти улаган белгилүү илимпоз Асылбек Айтманбетов бүгүнкүдөй иш-чаралар натыйжа бербестигин, андан көрө өлкөдө жашаган улуттардын арасында мамлекеттик тилге муктаждык жаратуу зарылдыгын белгиледи:

- Башка улуттарды мажбурлап эмес аларга муктаждык жаратып гана мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүбүз абзел. Мындайда уялбастан кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнгөнүбүз оң. Мисалы, Казакстанда президент Назарбаевдин бир жыйында сүйлөгөнүн ушунчалык ынтаамды коюп уктум. Ал колундагы аткаминерлеге кайрылып, “казак тилин билбей турсаң, башка жасаган ишиң бир тыйынга арзыбайт го, эй!?” деп ачык жемеледи. Жеке көз карашымда, биздеги ушул өңдөнгөн көйгөйдөн арылуунун бир гана жолу бар. Адамдарды жогорку кызматтарга кыргыз тилин билгенине, адабий тилде сүйлөй жана жаза алганына карап дайындаган эрежелерди кийирүү зарыл. Экинчиси, Баш мыйзамдагы расмий орус тилин таптакыр жоюш керек.
Документтер мындан ары жалаң кыргызча даярдалышы абзел. Зарылчылык туулуп баратса, орусчасын чиркештирип коюшат да.

“Мамлекеттик кызматтагы ар бир адам кыргыз тилин билүүгө милдеттүү”

Кыргыз тилине мамлекеттик макам ыйгарылгандыгынын 21 жылдыгына арналган жыйында сүйлөгөн президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаев мамлекеттик кызматта иштегендерге кыргыз тилин толук кандуу билүүнү жана иш-кагаздарын да бул тилде жүргүзүүнү милдеттендирген эреже кабыл алынарын жарыялады:

Президенттик администрация башчысы Э. Каптагаев мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйында сүйлөөдө
- Бүгүнкү күндө аткаминерлерди окутуштун кажети жок. Мамлекеттик кызматтагы ар бир киши кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө тийиш. Экинчиден, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү бул деле талаш маселе эмес. Документтер мындан ары жалаң кыргызча даярдалышы абзел. Зарылчылык туулуп баратса, орусчасын чиркештирип коюшат да.

Эмилбек Каптагаев ошондой эле кабылданган жаңы норманын аткарылышы президенттин жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады.

Анын кебин улаган маданият жана маалымат министри Садык Шернияздын пикиринче, илгерки Орхон-Енисей жана Рун жазууларын кылчактабастан байыркы кыргыз жазуусу деп жарыялоо маселеси бышып жетилди:

- Ооба, биз муну кыргыз жазуусу деп жарыяласак, анда сөзсүз көп тоскоолдуктарга кабылышыбыз ыктымал. Илим жана билим берүү жагынан, албетте, бут тосуулар күтүлөт. Бирок өзүбүздүн ата-бабаларыбыз ошол тамгаларды урунуп, тарыхый сөздөрдү жазып атышса, ошол жазуулар кыргыздар байырлаган Енисейден, Таластан жана Ысык-Көлдөн табылып жатса, биз алигүнчө ошол жазууларды Орхон-Енисей жана Рун жазуулары деп атап жүрөбүз. Жок, мындан ары антүүгө болбойт. Тарыхый чындыкты айтууга убакыт жетти го деп ойлоймун.

Сабатсыздыкка каршы пикет

Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйындын алдында пикетке чыкты.
Ушул эле күнү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын кеңсесинин жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында пикет уюштуруп, аталышы орусча, бирок кыргыз тилдүү айрым массалык маалымат каражаттарынын ысымын өзгөртүүнү бийликтен талап кылды. Ага удаа алдыдагы парламенттик шайлоодо мамлекеттик тилди сыйлабаган партияларга каршы добуш берүүгө жарандарды үндөдү:

- Бири-биринен кыйынсынып парламентке барчумун деген 29 партиянын көрнөк-жарнактарын окуп олтурсаң, бүт эле сабатсыз. Анан ошондой кишилер Жогорку Кеңешке барып мамлекеттик деңгээлде иш алып барам дешкенине мына мен уялып олтурам. Алар шайланган күндө деле мамлекеттик тилге жарытып камкордук көрүшпөйт.

Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимовдун жообуна караганда, Өндүрүш Токтонасыровдун талабы жалпы жонунан туура. Бирок кыргыз тилинин кадырын мамлекеттик деңгээлде көтөрүү үчүн өлкө өзү да ар тараптан кудуреттуу болушу кажет.

- Бүгүнкүдөй көчөгө чыгып, чакырыктарды көтөрүп, ызы-чуу кылгандар, балким, алар дагы мекенчилдир. Бирок мекенчилдик муну менен чектелбейт. Эч качан унчукпастан же мактанбастан өзүнүн ишин так жана тың аткарган, жогорку деңгээлде бүтүргөн кишилерди мен мекенчил деп эсептеймин.

Кыргыз тилине 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамы ыйгарылган.



"Азаттыктын" архивинен: Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйындар

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG