Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Кыргызстандагы сегиз жүзгө жакын тигүү ишканаларында 150 миңдей тигүүчү иш менен камсыз болгон. Өлкөдө апрель жана июнь айларында болуп өткөн тополоңдордон улам чек аралар жабылып, бул тармакта өндүрүштүн темпи басаңдап, ишкерлер кыйынчылыкка кабылышты.

Айымдардын көйнөктөрүн тигүү менен алек болгон 23 жаштагы Сайкал жети жылдан бери тигүүчүлүк кесипти аркалап келет. Анын тапкан акчасы иштегенине жараша болот. Сайкал жети жылдын ичинде тигүүчүлүк кесиптин бир топ ыкмасын үйрөнгөн:

- Бир айда болжол менен 10-15 миң сомдой табасың. Ал деле жетпейт. Баскан турганың болот. Ичип-жегениң деген болот. Эми өзүңдүн иштегениңе жараша аласың, аны дагы. Тигүүчү көбүрөөк акча табыш үчүн көбүрөөк иштеш керек. Ылдамдыгы жакшы болушу керек. Баттан иштегенге аракет кылышы керек.

Тигүүчү көбүрөөк акча табыш үчүн көбүрөөк иштеш керек. Ылдамдыгы жакшы болушу керек.
Ишкерлер билдиришкендей, Бишкек шаарындагы дээрлик бардык тигүү ишканаларында 7-апрелдеги окуядан улам жумуш жумалап токтоп калган. Мунун себеби Казакстан жана Орусиядан келип жергиликтүү ишканалардын тиккен кийимдерин алып турган ортомчулардын тополоңдордон кийин Кыргызстанга келбей калышы болгон.

Апрель окуяларынын жарасы бүтүп, жумуш бир аз жандана баштаганда түштүктө тополоң чыгып жергиликтүү ишканалардын өндүргөн товарлары чет өлкөлөргө өтпөй калган. Бишкекте жайгашкан цехтердин биринин жетекчиси Марал Искеналиеванын айтымында акыркы окуялардан улам тигүүчүлөр жумалап жумушсуз отурушкан:

- Соодабыз болбой калды. Тигил жактан, Алматыдан кишилер келбей жатты. Биртике жумушубуз токтоп калды. Кыздарда жумуш жок болуп, отуруп калдык. Анан дагы кээ бир тигүүчүлөр коркуп жумушка келбей жатты.

Апрель жана июнь айларындагы тополоңдордон улам соодасы жүрбөгөн айрым ишканалар тигүүчүлөрдүн санын кыскартууга аргасыз болушкан. Мындай жагдайга көбүнесе чет өлкөлүк ишкерлер менен иш алып барышкан кичи тигүү ишканалары кабылган.

Кыргызстандагы текстиль ишканаларынын башын бириктирген “Текстиль союзу” ассоциациясынын президентти Любовь Ардамина учурда абал бир аз тынчыганы менен кээ бир цехтердин кайрадан ишин толук кандуу улантууга мүмкүн болбой жатканын айтат:

- Казакстандын чек арасынын жабылышы менен кээ бир ишканалар ал жактагы кардарларын жоготуп коюшту. Мындан улам өндүрүштүн көлөмү кыйла азайды. Натыйжада бир топ ишканалар тигүүчүлөрүн жумуштан алып, азыр кайра чогулта албай жатышат.
2009-жылы тигүү ишканалары 3 миллиард 700 миллион сомго тете продукция өндүргөн.

Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда тигүү тармагында сегиз жүзгө жакын кичи жана чакан ишканалар иш алып барат. Бул ишканаларда кеминде 150 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон.

2009-жылы тигүү ишканалары 3 миллиард 700 миллион сомго тете продукция өндүргөн. 2010-жылдын алты айында эки жарым миллиард сом көлөмүндөгү товар чыгарылган.

Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Фатима Садамкулованын пикиринде, тигүү тармагы дүйнөлүк каржы каатчылыгынан кийин жаңы эле жанданып келе жаткан, бирок акыркы окуялар бул тармакты кыйла эле тушап койгон:

- Жылдын башында ойлоп жатканбыз, 100-150 пайызга өндүрүмдүүлүк жетет го деп. Анан жети айдыкына караганда 159 пайыз болду. Окуялардан улам баары бир белгилүүбир көлөмдө товар өндүрүлбөй калды. Себеби дегенде Казакстанга товарларды экспортоо кыйынчылык туудуруп жатты.

Ошентип, апрель жана июнь окуялары убагында Кыргызстанга келе турган инвесторлордун санын кыскарткан. Өлкөдөгү саясий абалдын туруксуз болушунан чет элдик инвесторлордун ишеними азайып, өлкөнүн экономикасынын активдүүлүгү төмөндөгөн. Бул жагдайга тигүү ишканалары да кабылган. Эми тигүүчүлөр жана бул тармактагы ишкерлердин өлкөдө тынчтык болушун гана каалап турган убагы.
XS
SM
MD
LG