Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев добуштарды сатып алууга жумшалган ири суммалар, Москвага чапкылаган партия лидерлери жөнүндө.

"Ата Мекен" партиясына каршы уюштурулган массалык кара пиар

“Азаттык”: Өмүрбек мырза парламенттик шайлоонун жыйынтыгы соңуна чыгайын деген учурда турабыз. “Ата Мекен” партиясы өзүн жеңилдим деп эсептейби же жеңдим деп эсептейби?

Ө.Текебаев: Эски системада жеңгендин жеңилгенден бетер саясый чөйрөдө шору болгон. Ал саясый чөйрөдөн гана сүрүлбөстөн, аны биротоло жок кылып, көзүн тазалаганга чейин бийлик аракет кылчы эле. Ал эми биз түзгөн жаңы системада бир топ партиялар катышып, беш партия беш проценттик босогодон өттү. Алардын баары абсолюттук утуучу эмес. Ошондуктан эл алдында, сүйлөшүү жолу менен программаларын, жеке пикирлерин айкалыштыруу жолу менен курама өкмөт түзүүгө аракет жасап жатышат. Илгерки системада ким губернатор, ким өкмөт мүчөсү болуп келгенде, кантип келгенин билбей элдин башы катчу. “Бул бажасы аркылуу келиптир десе, бул иниси аркылуу келиптир, бул мынча акча берип министр болуптур” дейт эле. Мына бүгүн бул сүйлөшүүлөр ачык жүрүп жатат. Бул жерде абсолюттук утуучу жок.

“Азаттык”: Кандай болгондо да “Ата Мекен” партиясы жогорку чекти алат деген ишенимиңиздер бар эле да. Жүргүзүлгөн иликтөө да “Ата Мекен” партиясын жеңүүчү кылган эле. Мынчалык артка сүрүлүп калганга эмнелер себеп болду?

Ө.Текебаев: Чындыгында биз жүргүзгөн сурамжылоодо, анын ичинде чет элдик иликтөөлөр боюнча “Ата Мекен” партиясы биринчи орунду ээлеген. 35 пайыздан жогору добуш алабыз дегенбиз. Бул 45-50дөн кем эмес парламенттеги орун дегенди билдирген. Бирок, тилекке каршы, шайлоого жакын калганда массалык кара пиар болду. Болгондо да шайлоого жакындаганда чыкты, актанганга үлгүрбөсүн деп. Экинчиден регионализм, Текебаев түндүккө сатылып кетти деген сөз түштүктө кеңири жайылды.

Үчүнчүдөн, Текебаев өзбектерге сатылып кетиптир деген жана экстремисттик национализм болду, өзбектер арасында болсо Текебаев ашынган улутчул дешсе, “Ата Журт” партиясынын тарапкерлери Текебаев жөнүндө терс пикирлерди жайылтты.

Кадыржан Батыровго окшогондор Бекназаров, Текебаев, Исаков, Отунбаевалардын үстүнөн чет жакта туруп алып, интернет аркылуу бомбалап жатышты.

Ал сын-пикирлер, албетте, негизсиз деп ойлойм. Буга Россиянын таасирдүү маалымат каражаттары ОРТ, РТР, НТВ кошул-ташыл болду. Алар шайлоого бир күн калганда, шайлоо күнү дагы “Текебаев исламист, ал хизбут-тахрирлерге таянып бийликке келген атат” деди. Бул орус шайлоочуларды коркутуунун амалы болду.

Албетте, мындай жалаалар Текебаевди Кыргызстандагы орус тилдүү жана башка тилдүү калкка жаман көргөзүүнүн аракетинен добуш топтоого таасири болду деп эсептейм.

Дагы жалпы партиялардын добуштарына таасирин тийгизген бул добуш сатып алуулар болду. Биздин эсебибиз менен өткөн биринчи он партия 70 миллион долларга жакын каражат жумшашты. Добуш сатып алууга 20 миллион сомдон кем эмес акча кетиришти.

Бул эбегейсиз көп акча. Мындай айтканда бир миллиард сомдон ашык акча кетирди дегенди билдирет. Добуштун баасы Бишкекте 150 долларга чейин чыкты кээ бир партиялар үчүн. Региондордо 500 сомдон 2000 сомго чейин добуштар сатып алынды.

Адатта бул технология - белгилүү технология. Украинада колдонулган. Кийин бул технологияны “Ак Жол” партиясы 2007-жылы колдонгон. Бюджеттин жарымынан көбү участкалык шайлоо комиссияларын жана атаандаштардын штаб жетекчилерин жана агитаторлорун сатып алууга жумшалган.

Ал эми биздин кээ бир штаб жетекчилерибиз, байкоочуларыбыз, кээ бир үгүтчүлөрүбүз бизге каршы иштешиптир. Мына бүгүн такталып отурат.

Элдин добуш сатып алууга сырттан ири суммадагы акча жумшалды

“Азаттык:” Өмүрбек мырза бул жолу элдин добушун сатып алууга кеткен ири суммадагы акчалар кайдан келди? Убактылуу өкмөт таза шайлоо өткөрдүк, таза шайлоого жол ачтык” деп жатпайсыздарбы?

Ө. Текебаев: Албетте, анча чоң акча сырттан келди. Мурдакы шайлоого салыштырмалуу бул жолку шайлоо таза өттү дегеним мындай. Бийлик, күч органдары бир партия үчүн чуркап иштеген жок. Бийлик күчкө салып, добуш бергиле деген зордуктаган үгүттөө болгон жок. Бул планда биз бул жолку шайлоону демократиялык деп атадык.

“Азаттык”: Эми Өмүрбек добуш сатып алуулардын болгонун, ага канча акча жумшалганын ачыктап жатасыз. Булардын тизгинин тартып, жоопкерчиликке тартуу үчүн таасир берүүчү жерлерге неге кайрылган жоксуз?

Ө. Текебаев: Мындай суроого жооп берүүдө мен ынгайсыз абалга калып жатам. Анткени, биз тарыхый кырдаалдын барымтасындабыз. Башкача сөз айталбайбыз. Шайлоону дайындаган өзүбүз. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын аныктаган өзүбүз. Анын тартибин, мөөнөтүн аныктаган өзүбүз. Эгерде бир криминал биздин балдарды уруп-сабап атат десек, оппонент айтат: “бийлик өзүңөрдөн, прокурор өзүңөрдөн, милиция өзүңөрдөн, губернатор өзүңөрдөн” деп айтат.

Добуш сатылып жатат десек дагы эле ошо, губернатор өзүңөрдөн, кармабайсыңарбы деп айтат. Президентке чейин өзүңөрдөн, силер эмне үчүн бир иш-чара көрбөй жатасыңар деп өзүбүздү ыңгайсыз абалга коюп койот.

Демек, добуш сатуу деген бул коррупция. Бүгүнкү элдин моюн сунган аргасыз философиясы. Эгер адам өзү каршылык кылбаса, аны коркуткан адамды мамлекет кармай албайт экен. Эгер акча алып аткан адам өзү айтып, кылмышты ачканга жардам аракеттенбесе, аны колдон кармап алуу мүмкүн эмес экен.

Анын үстүнө бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн дарамети, шайы да чектелүү. Эптеп тынччылык болуп, шайлоо бүтсө экен деп турат.

Ошондуктан биз болгон кемчиликтер менен бирге шайлоонун жыйынтыгын тааныдык.

Биз утулдук деп эсептебейбиз. Биринчи жолу Кыргызстанда шайлоо жолу менен бийлик оппозициячыл партияларга өткөрүлүп берилип жатат. Революциячыл убактылуу өкмөттөн жаңы өкмөткө шайлоо жолу менен тынч өтүп жатат. Бул биздин максатыбыз болгон. Максатыбызды аткардык.

Эмдиги жылы президенттик шайлоо болот. Анда дагы Кыргызстанда биринчи жолу президент өз ыктыяры менен, шайлоо жолу менен бийликти кийинки президентке өткөрүп берет. Ошентип биз жаңы салт, жаңы саясый кадам таштаган болобуз. Кыргызстанда бийликти өткөрүүнүн жаңы салты пайда болот. Ошондуктан биз уттук деп эсептейбиз.

Анткени биз түзгөн система иштеп баштады. Мисалы бир гезит Ташиевди уткандыгы менен куттуктаптыр Текебаев деп жазыптыр.

Туура, мен куттуктадым. Мен саясый жүрүм-турумду калыптандыруунун демилгечилеринин биримин.

Мындай айтканда парламенттик шайлоодо өткөн партиялардын лидерлерин өлкөнүн президенти да куттуктайт. Роза эже да эки күндөн бери уткан партиялардын лидерлерин чакырып, куттуктайын деп даярданып жүрөт.

Бирок алар Москванын чакырыгын артык көрүп, биринин-артынан бири учуп кеткендигине байланыштуу, Роза эже алар менен жолугуп, куттуктай албай жүрөт. Мен дагы аксакал партиянын жетекчиси катары 5 пайыздан өткөн партиянын өкүлдөрүнүн баарын куттуктадым.




Ал эмес өтө албай турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров менен дагы жолугуп, ал-акыбалын сурадым. Мен эле эмес, Мадумаров менен Отунбаева да жолукту.

Качан президент өзүнө каршы иштеген саясатчы, партиялар менен жолугуп, абалын укчу эле? Мынакей жаңы салт, жаңы саясый жүрүм-турум деген көз алдыбызда калыптанып жатат.

Москвага жарыша чапкылаган партия лидерлери жөнүндө

“Азаттык”: Уттум деген партия лидерлеринин, утушту алып берген жалпы журттун шайлоого болгон мамилесин, Москвага шашып кетишкен партиялардын коалиция түзүү аракеттерин кандай бааласа болот?

Ө. Текебаев: Жарандар мамлекеттин тагдырын чечүүдөн четтеп өтүп, добуштарын акчага сатты. Биздин кээ бир саясый партиялар, кыргыз элинин көз карандысыздыгын сатты. Биздин өкмөттүн курамын, парламенттеги структураларды Москва менен кеңешмейин кабыл ала албай тургандыгыбыздын далили болду. Эгер алар сүйлөшкөн болсо да, кеңеше турган милдеттенмелери болсо да, ачыктан-ачык бири-бири менен жарышып, Москваны көздөй чуу койбошу керек эле.

Анткени Отунбаева аларды чакырып, тегерек үстөлгө отургузуп, кеңшме өткөрүп: “ынтымакка келгиле, бир коалиция түзгөнгө аракет кылгыла” деп айтайын деп даярданып жүрөт. Алар болсо бөтөн элдин президенти эмес, кичинекей чиновнигинин чакырыгы менен ошол жакты көздөй кетиши өтө кейиштүү болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG