Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөр сапаттуу тамактанбагандыктан, адамдарга витамин жетишпей, ар кандай ооруларга чалдыгып жатышат

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда тиричилик кылган Темиркул мырза менен Роза айымдын үч кыз, бир уулу бар. Биз барган кезде кожоюн үйүндө жок болуп чыкты. Кожойке бала-бакырасы менен түшкү чайга даярданып жаткан кези экен.

Алты кишиден турган бул үй-бүлө эртең менен, түштө дээрлик чай, нан менен азыктанат. Көбүнесе ысык тамак кечкисин дайындалат. Кесме азыктары жана картөшкө бул үй-бүлөнүн күнүмдүк тамак-ашынын негизги түрүнө кирет. Роза кожойкенин айтымында эт азыктарын сатып алууга дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт:

- Азыр эми тамак-аш кымбаттыгына байланыштуу эртең менен чай, нан. Түштө балдарыбыз сабактан келгенде деле нан менен чай ичебиз. Анан кечинде картөшкө кууруп жемей. Же кичине атабыз иштеп бирдеме алып келгенде тооктун этин алып суюк тамак жасап жемей.

Роза Кудуеванын айтымында өзү утурумдук иштебейт, Темиркул мырза болсо экинчи топтогу майып экен, өкмөттөн 2000 сом жөлөк пул алат. Ошентсе да мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча жумушта иштеп, үй-бүлөнүн кем-карчын толтурууга жан үрөйт. Улуу уулу менен андан кийинки кызы жаңыдан жумушка кирип жаткан кездери. Эки кызы болсо мектепте окушат. Алардын бири Нурзат үчүн кесме азыктары сүйүктүү тамактардан:

- Үйдөн вермишель кууруп жегенди жакшы көрөм. Алар ундан, ар кандай нерселерден жасалат. Картошканы тоголок кууруп жегенди жакшы көрөм. Кичине чийкирээк.

...Вермишель, унда каяктагы витамин болмок эле. Картошка менен эле жан сактап жатсак ...
Бул үй-бүлө жол кире, тамак-ашка күнүнө жүз сомдон ашык каражат чыгымдашат. Бир айда миң сомдун азык-түлүгүн алып коюшуп, үч айга чейин жеткирген учурлары болот. Кожойке аздыр-көптүр үйгө келген кирешени бардык кем-карчты толтурганга аракет кылып, колунан келишинче үнөмдөйт. Анткен менен толук кандуу тамактанбагандыктан бул үй-бүлөдөгү балдардын саламаттыгы канааттандырарлык эмес экенин дарыгерлер айтып жүрүшөт. Бул тууралуу Роза айым өзү айтып отурду:

- Балдарым кудайга шүгүр ден-соолуктары жакшы. Бирок баягы тамак-аш, витаминдерди көп жебегендиктенби, өгүнү врач иммунитети начар деди. Ушу витаминдерди көп жебейт, баягы бай адамдардай болуп күндө банан, алма, күндө жер-жемиш жей бербейбиз. Баягы вермишель, унда каяктагы витамин болмок эле. Картошка менен эле жан сактап жатсак. Ошо иммунитети начар дешти даарыгерлер. Бирок оорубай эле чоңоюшту.

Дарыгерлерди кабатырга салган бул өңдүү карапайым үй-бүлөлөр жаңы конуштарда көп. Витаминдүү тамак-аштын жетишсиздиги көп учурда аз кандуулукка алып барып жатканын айрым дарыгерлер белгилеп келишет. Бишкектеги 8-эмкананын дарыгери Алымбүбү Элтинова минтип кабатырланды:

Жаңы конуштардан бир көрүнүш
- Адамга С, D, A витаминдери керек. Анан кийин микроэлементтер деп коет, кальций керек. Сөзсүз түрдө жаш балдарга кальций керек. Кальцийди алуу үчүн дайыма сүт алып ичүү керек. А жанагы жетишпеген үй-бүлөлөр сүт да алып ичише албайт да. Жумушсуз үй-бүлөлөр бар айрым жаңы конуштарда. Алар кайдан? Алар чай менен нан менен отурушат.

Мындай ойго жаңы конуштардагы жакырчылыкты жоюу багытында иш алып барган “Арыш” коомдук бирикмесинин кызматкери Нургазы Мусаев да кошулуп, акыркы убактагы азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшү да жаңы конуштардагы үй-бүлөлөрдө тамак-аш жетишсиздигин ого бетер тереңдетип жатканын белгиледи:

- Үй-бүлөлөрдүн тамактанышы боюнча жетиштүү деп айтыш кыйын. Айрыкча мобу шайлоодон кийин тамак-аштын баасынын кымбатташы айрыкча жакыр үй-бүлөлөрдүн дасторконунун тар боло түшүшүнө таасирин тийгизди.

Баалардын көтөрүлүшү Роза Кудуеванын үй-бүлөсүнө да өз кедергисин тийгизген. Бир кап ун алуу үчүн учурда жок эле дегенде 1200 сомдон ашык акча кетип жатканын билдиришкен үй-бүлө мүчөлөрү, эми кышка камды ойлоп турган чактары.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG