Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Өткөн жылдын жазынан бери Улуттук жазуучулар бирлигинде орун талаш, ким Кыргызстан калемгерлеринин башчысы болот суроосу курч коюлууда.

Мурда алты-жетиге бөлүнгөн жазуучулар уюму кайрадан бөлүнүп кетүү коркунучуна капталууда. Калемгерлердин талашына айланган маселе тууралу «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары Улуттук жазуучулар бирлигинин катчысы Сейит Алтымышев, адабиятчы Садык Алахан пикир бөлүшөт.

- Сейит мырза, мурда эле ичара ынтымагы жок Улуттук жазуучулар бирдиги 3-4 бөлүнүп араң бирикти эле, эми дагы бөлүнүп кетүү коркунучунда турат, деген сөздөр айтыла баштады. Сиз жазуучулар биримдигинин катчысы катары адабият менен жазуучулар союзундагы кырдаалды кандай деп баалайт элеңиз?

Сейит Алтымышев:
- Адабияттын коомдогу ролу дагыле бийик бойдон калууда. Мына жазуучулар биримдигинин 75 жылдык юбилейи алдында турабыз. Улуттук адабиятыбыз дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Ал эми жазуучулар союзундагы абалды болсо 3-4 эле киши күүлдөтүп жатат? Акын Омор Султанов агабыздын жанындагы адамдар бир топ бийликке келип алып ушундай жагдайды жаратып жатат, деп жатышат. Демократия шартында гезиттер аркылуу коомдук пикир түзүп салуу оңой эле экен. Кадырман аксакалдарыбызды «уча талашкандар» деп жазып жатышат. Мына буюрса курултай болот, ошондо кимдин ким экени көрүнөт. Былтыр 22-майда жаңы топ келбедиби. Азыр татынакай эле иштеп жатышат. Мурда 4-5 болуп бөлүнгөнүбүз чындык. Ал жагы тыйындын аркасында болгон экен. Ошону бөлүшө албай калышкан экен. Бирок кийин бириккенде Улуттук жазуучулар союзу түзүлүп, анын башында Жалил Садыков турду. Мен анда катчы болчумун. Татынакай иштеп келгенбиз. Менин айтайын дегеним 4-5 киши коомдук пикир түзүп алып иштеп атышкандагы максаты жазуучулар биримдигин жаманатты кылыш. Булар биримдиктин башына жолой да алышпайт. Экинчиден жанагы жигиттердин деңгээлин сөз берсеңиз кийин айтып берем.

- Мен сизге дагы сөз берем. Кепти Садык мырзага узатайын. Адабияттын коомдук баркынын түшүшүнө жазуучулар союзундагы кырдаалдын таасири тийген жокпу?

Садык Алахан:
- Адабияттын коомдук таасири таптакыр башка. Ал коомго таасир көрсөтүп, атүгүл башка нукка буруп жибериши деле мүмкүн. Социализм доорунда бийлик адабиятты идеологиялык максатта пайдаланды. Бирок ошол эле учурда жазуучулар союзунда мүчө сүрөткерлер турмушта болуп жаткан чындыкты көзгө сая айтып, мисалы, О.Мандельштам, А.Ахматова, бизде К.Жусубалиевдер коомдогу оң-терс көрүнүштөрдү жашырбай айтып, адабияттын озуйпасы жалаң эле мактоо айтуу эмес экенин көрсөтүп келишпедиби. Сейит ага жазуучулар уюмундагы абалды жакшы айтты. 75 жыл деп атпайбы. Ал адабияттын эмес, жазуучучулар уюмунун уюштурулушунун 75 жылдыгы. Ошол союз, пролетар жазуучулар уюшулганда А.Токомбаев, К.Тыныстанов сындуу сүрөткерлердин деле ичара пикир келишпестиктери болгон. Бирок а кезде большевиктик бийликтин камчысы катуу болгон. Же болбосо 1962-жылкы У.Абдукаимовдун «Майдан» романынын талкуусун алалы. Ошондо деле жазуучулар экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн болгон. А.Токомбаевди колдогондор бир тарап, У.Абдукаимовду колдогон Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматовдор бир тарап. Коммунисттик бийликтин катуулугунан унчукпай калышкан. 1991-жылкы эркиндиктен кийин Кудай бетин салбасын мурда 2 жакты, 7 жакты карап келген жазуучулар бөлүнүп, бирок коом турукташа баштаганда кайра биригүү зарылдыгын сезишип Опера жана балет театрында жыйын өткөрүшкөн. Ал жерде баарыбыз бир добуштан Жалил Садыковду шайлаганбыз. Анан Надырбек Алымбеков келди. Андан соң Анатай Өмүрканов келди. Артынан Омор Султанов келди. Абдырахман Алымбаев келди. Ушинтип кайра-кайра келишип болбой жатпайбы. Эми маселени курултай чечиши керек. Ансыз көрүнгөнү көрүнгөндү айта беришет. Курултай баарын чечет.

- Сейит мырза, жазуучулар төрагалыгына кызыгуунун себеби эмнеде? Биримдикке өкмөт машине, үй, материалдык колдоо көрсөтүп жатабы?

Сейит Алтымышев: - Бул иште президенттик аппараттын, өкмөттүн кемчилиги жок. Улуттук жазуучулар союзу түзүлгөндө А.Акаев бир кемчилик кетирген. Ойлонуп жасаганбы, ойлонбой жасаганбы же шарт ушундай болгонбу, билбейм. Анын буйругунда Улуттук жазуучулар биримдиги түзүлсүн, экинчи пунктунда мамлекеттик каржылоого алынсын, деген жазуусу бар эле. Ал элдин алдында жарыя кылынып, эртеси кагазга чыккандан ошол 2-пункту жок чыкпадыбы. Чынбы, Садык мырза? Илгертен мамлекеттик каржылоодо жүргөн кишилер. Бир калем акысы бир машине болчу. Азыр машине канча? Машинеси болбосо да моралдык жагы бар. Калем акысы үй тиричилигине кенен жетчү. А кезде ресторанда жазуучулар эле отурчу экен. Айрым аксакал жазуучулар мүшөктөп акча алчу элек деп мактанышчу. Чынында эле ошондой болчу. Анан бийликке баары эле кызыгат. Анын үстүнө президенттик катчылык курултайга деп 2 миллион сом акча бермек болгон. Булар алты ай болду кыйкырып жүрүшөт. 75 башкармалык мүчөсү бар. Ошолордун 69 калган. 46 киши катышканда кворум болду деп эсептелинет. Булар айтып жаткан 42 киши отургандар. 6 киши кирип отуруп, кат жазып кеткендер. Бизде кворум болгон. Садык мырза курултайда чечип коебуз, деп жатпайбы. Бул жанагы 4 кишинин эле ою. Курултайда чечилбейт.

- Садык мырза, чоң маселеге айланып жаткан мына ошол кворум маселесине тактык киргизе кетсеңиз.

Садык Алахан: - Сейит ага 4-5 эле киши деп жатпайбы. Мен эмнеге жанагы катка кол койдум? Жазуучулар союзунда мен дагы иштегем. Ал эми кворум маселесин мен да тактадым. Ошол 22-майдагы пленумда башкармалыктын калган 69 адамдын 46 жазуучу келиши керек эле. Катышкан эмесмин, кол койгон эмесмин, деген кагаздарды көрдүм.

Сейит Алтымышев: - Антип 4-5 киши кыйналбагыла. Мага келгиле. Адилет министрлиги бар. Ал жердегилер да текшерет. Анан отурган кишилердин ичинен бирөө каршы болбой, анан келбегендер сиздин оюңуз боюнча каршы экен да. Анан кол койгондор, М.Буларкиева кол койгон эмесмин. Кошунам, абдан жалдыраганынан буларга кол коюп койгонун айтат.

Садык Алахан: - Ал эми өзүнүн абийириндеги иш да.

Сейит Алтымышев: - Сиздин деле абийриңиз бар да.

- Эми суроого кыскача жооп берсеңиздер. Мына Сейит мырза, сиз президенттик катчылык 2 миллион сомду бөлүп атканын айттыңыз. Буга чейинки жазуучуларга бөлүнгөн акчалардын талашы эмдигиче айтылып, талаш чакырып келатат. 2 миллион сом да ошентип талашка түшүп кетпейт, деп айта аласызбы?

Сейит Алтымышев: - Айта алам. Анын сметасы тыйынына чейин эсептелген. Биз катчылыкка маселе койдук. Көркөм адабият элге жетпей жатат. Миң нускада китеп чыкса ал кимге жетет?

- Садык мырза, кеп сизде.

Садык Алахан: - Адамдык абийир, ар намыс болуш керек. Мына жазуучулар биримдигинин жаңы жетекчилигинин жообу гезитке чыкты. Ч.Айтматов таарынып кетип, деп жүрөт. Ч.Айтматов таарынып кетпей эле «Иностраннная литература» журналына башкы редактор болуп Москвага ишке которулуп кеткен.

Сейит Алтымышев: - Балдар редакциялап кетирип коюшкан го. Жазуучунун өңү анын жазган чыгармасында. А бул чыр жазуучуга пайда деле алып келбейт. Нааразы болгондор келгиле такташалы. Анан эмне үчүн берки гезитти, Омор Султановдун жазгандарын эмнеге албайсыңар? «Уча талашкандар» деп атпайбы. Өй, айланайын, калптын да жөнү болот.

Садык Алахан: - Өткөн чогулушта ал да айтылбадыбы.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG