Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Маевка айылындагы 19-апрелдеги тополоң жана бүгүнкү кырдаал тууралуу аталган айылдын өкмөт башчысы Азиз Сейталиев “Азаттыкка” маек курду.

- 19-апрелдеги тополоңдун кесепеттери боюнча эң соңку маалыматтар кандай? Анын жыйынтыгы толук чыктыбы? Канча адам майып болду, канча турак үй зыян тартты?

Азиз Сейталиев: Кечээки тополоңдун жыйынтыгы боюнча биз атайын комиссия түзүп, 17 үйдү текшерип чыктык. Ошол 17 үйдүн 3 үйү толук күйүп кеткен. Калган үйлөрдүн айнектери, эшиктери сынып, бир үйдө чөп толугу менен күйүп кеткен. Калган үйлөр таланган-тонолгон, эшик, терезелери сынган. Бир үйдүн үч букасын алып кетиптир.

- Жабыр тарткандардын улуттук курамы кандай? Баары Кыргызстандын түрк улутундагы жарандарбы, жа башка улуттун жарандары да барбы?

Азиз Сейталиев: Жабыр тарткандардын баары түрктөр. Анын ичинен бирөө түндө кайтыш болду.

- Сиз жергиликтүү тургундарды айтып атасыз, ал эми митингчилерден да жабыр тарткандар барбы?

Азиз Сейталиев: Митингчилерден да жабыр тарткандар бар. Азыр биз алардын кайсы ооруканага барганын тактап атабыз. Ал боюнча азыр менде так маалымат жок. Бирок менин билишимче тогуз адамды кечээ кечинде тез жардам менен шаардык ооруканаларга алып кетишкен, биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер 50дөй адамдын жеңил жаракаттарын таңып, амбулатордук жардамын көрсөтүшкөн.

- Айылыңыздарда түрк улутундагы канча тургун бар?

Азиз Сейталиев: Биздин айыл көп улуттуу. Бул жерде 400-500дөй түрк жашайт. 3 миңдин тегерегинде орустар жана 1200дүн тегерегинде ар кандай калктар: булар казак, өзбек, дунгандар. Анан 1 жарым миңдей кыргыз жашайт.

- Биз билгенден чатак турак жай үчүн жер алуу мүдөөсү менен чыккандар айдоо аянттарды ээлөө аракетин жасагандан улам болду. Түрк улутундагы мекендештерибиз ошол жерлерди качантан бери иштетип келип, кандай жагдайда алышкан?

Азиз Сейталиев: Маевка айылында илгертен эле орустар менен түрктөр отурукташып, колхоз, совхоздордо иштешкен. Анан колхоз тарагандан кийин ошолорго жер үлүшүнө бөлүнүп берилген. Алардын бардыгынын документтери бар. Анан кийин басып алуучулар келип, жер үлүштөрүн басып алышты.

“Биздин 7 сотиктен жерибиз жок, булардыкы 1-2 гектардан жери бар экен, ушул жерден бизге жеке үй курууга мүмкүнчүлүк бергиле” деген шарттарды коюшкан. Бул боюнча
азыркы убактылуу өкмөттүн комиссиясы түзүлгөн, курамында 19 адам бар. Ошол комиссиялар бир айдын ичинде баарын карап чыгып, элге жообун беребиз деген. Бирок алар ал шартка макул болбой, “чечпесеңер кум, таш түшүрөбүз” деп өздөрүнүн шартын коюшкан. Жыйынтыгын 19-апрелде өзүңүздөр көргөндөй, акыры ушундай болуп кетти.

- Демек бул жерде талаш ижарага эмес, менчикке берилген жер үлүшкө жасалган кол салуудан чыгып жатабы?

Азиз Сейталиев: Ошондон болуп жатат. Анан улуттук кагылышуунун болуп кетиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып атат. Бизде толук маалыматыбыз болбогондон кийин андай-мындай деп айта албайбыз.

- Сиз өзүңүз, менимче, толук аралашып жүрдүңүз болуш керек. Жер алуу мүдөсү менен чыккандардын жүрүм-турумунан, кебете-кешпиринен эмнени байкадыныз, атайын уюшулган топ эмес бекен?

Азиз Сейталиев: Бул өзү 9-апрелде башталган. Кечээ күнгө чейин мен өзүм кошо аралашып, күндө аппарат мүчөлөрү, депутаттар, район, облустан келген өкүлдөр менен кошо барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “бул жер үлүшкө берилген, муну алууга болбойт, биз комиссия түзүп атабыз, мыйзам чегинде карайлы, силерге бөлөк жактан берилиши мүмкүн” деп бардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Бирок булар тарабынан эч кандай катуу сөздөр айтылган жок, эмоция болгон жок. Бирок биз “талаанын чекесине тургула, аралабай, тебелебей, ал жерде күздүк буудайлар бар, беделер, арпалар бар” деп суранып аттык. Бирок ага карабай кээ бир жерлери тебеленип кетти. Бирок эл тарабынан анчалык нерсе байкалган жок.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG