Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Августтун акциялары жана каармандары


Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда камалган 14 адамдын туугандары президент К. Бакиевден акыйкат чечим күтүп жатышат.

Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда камалган 14 адамдын туугандары президент К. Бакиевден акыйкат чечим күтүп жатышат.

Абактардагы ачкачылык, Бишкекте шайлоодон кийин камалгандардын бошоп чыгышы, А. Жекшенкуловдун үй камагына которулушу, Балыкчыда камалгандардын туугандарынын Бакиевге кайрылуусу жана Искра айылындагы кыргыз-дунган чыры бул жуманын негизги окуялары болуп калды.

Топчубек Тургуналиевди кармап-камап коркута албайсың

Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп Бишкекте каршылык акциясына чыгып 15 суткага камалгандар 13-августта бошоп чыкты. 29-июлда Бишкекте көчө акциясына катышуу үчүн келаткан ондогон адамдарды айтылуу укук коргоочу Топчубек Тургуналиевди баш кылып, милиция кармап кетип камап салышкан болчу. Топчубек Тургуналиев камактан чыккандан кийин «Азаттыкка» берген интервьюсунда бийликтин кармап-камоолору анын көздөгөн максатына умтулган аракеттерин эч кандай токтото албай турганын билдирди:

-Мындан кийин да кыргыздын камагына, сотуна карабастан туруп чыгабыз. Себеби деген биз өзүбүздүн конституциялык укуктарыбызды коргоо үчүн сактап калуу үчүн күрөшөбүз да.

Жарандык коом коррупцияга каршы" укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, 29-июлда Бишкекте көчө акцияларына чыккан адамдарды кармап-камоолор башына аягына чейин укуктарды тебелеп-тепсөө менен өткөн. Карапайым адамдарды милициянын кепкап кийген, атайын даярдыктагы күчтөрү кармап, күч колдонуп сабап, 22 адамды атайын комендатурага, 45 адамды Бишкектеги кабыл алып-бөлүштүрүүчү борборго алып барып тыгышты. Алардын үстүнөн сот жабык өткөн, күбөлөр суралган эмес, түшүндүрмөлөр жазылган эмес. Аялдарды жылаңачтап тинтүүгө алып, манжаларынын изин алышкан.

Төлөйкан Исмаилованын жүйөөсүндө, үч суткадан 17 суткага чейин камалгандар камакта мыйзамсыз отурушту. Анткени, мыйзам боюнча камоо жөнүндө сот чечими он күндөн кийин гана күчүнө кирет, ал убакыттын ичинде айыпкердин сот чечимин талашып күрөшкөнгө мүмкүнчүлүгү болуш керек. Укук коргоочу ошондой эле адамдарды кармоо учурунда уруп-сабоого ички иштер министринин орун басары өзү баш болуп катышканын белгилейт:

- Элдин баары көрүптүр, Курманалиев (ички иштер министринин биринчи орун басары) атайын чыгып, айылдык кеңештин депутатын сабап, бөйрөгүнө тепкен ошол болуптур.

Дагы бир укук коргоочу Сартбай Жайчибековдун айтымында, Бишкекте оппозициянын чакырыгы боюнча келатып кармалгандардын баары мыйзамсыз камалган. Анткени сот милициянын оперативдүү протоколу боюнча эле ишти карап чечим чыгарды. Бул жерде административдик иш козгоо жөнүндө прокурордун чечими да, катышы да болгон жок.

ИИМдин тараткан маалыматы боюнча, бир күн мурда шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп каршылык акциясына кошулуу үчүн Бишкектин жака белинен шаарга кирген 66 адам кармалып, анын ичинен алтоо мас абалында болгон. Аларга тартип сакчыларына баш ийбей, көчө жыйындарын өткөрүү тартибин бузду деген негизде административдик күнөө коюлуп, 34 адам үч суткадан 17 суткага чейин камакка алынып, калгандары акчалай айыпка жыгылып, бошотулуп жиберилген.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов укук коргоочулардын милиция күчтөрүнө коюп жаткан дооматтарынын баары суу кечпейт деп билдирди:

- Кимдир бирөөлөр сабады, дагы бири ооруканада жатат деген текшерилбеген маалымат. Ал эми биздин ички иштер министрибиздин орун басары аларды сабап, кол көтөрдү деген маалыматтарды мен чечкиндүү төгүндөйм, себеби андай болушу мүмкүн эмес.

Укук коргоочулар Кыргызстанда адамдарды мыйзамсыз кармап-камоолор, басмырлоолор күчөгөн, чектен чыккан деңгээлге баратканына тычсызданышууда. Алардын пикиринде мунун акыры чоң чыр-чатакка алып келет же Кыргызстанда туташ укуксуз адамдардын үстүнөн өкүмзор бийликтин биротоло орношуна алпарат.

Аликбек Жекшенкулов үй камагына которулду

14-августта «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов тергөө абагында саламаттыгы начарлап кеткендиктен, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй түрмөсүнө которулду.

Аликбек Жекшенкулов ушул жылдын 9-мартында кармалып камакка алынган. Тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин оппозицияга оогон бул саясатчыга аталган министрликтин имаратын оңдоого ашыкча каражат сарптаган жана түркиялык ишкердин өлүмүнө катышы бар деген айып коюлууда. Иши тергелип, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун кароосуна өткөн. Айыпталгандардын жактоочулары толук болбой жаткандыктан сот бул ишти кароону улам которууда.

Сотто Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо кеткен каражаттар жөнүндө иш менен түрк ишкерин өлүмү боюнча козголгон иш да чогуу каралууда. А. Жекшенкулов менен бирге “Дипсервис” мамлекеттик ишканасынын дагы алты кызматкери, ошондой эле түрк ишкеринин өлүмү боюнча Илияс Абыдкадыров аттуу жаран сот алдында жооп берип жатышат.

Мындан эки жыл мурда Шанхай уюмунун саммити болор алдында Тышкы иштер министрлигин имараты Кытай берген 15 миллион юанга, кыргыз акчасына которгондо 73 миллион сомго оңдолуп жаңыртылган. Эми Башкы прокуратура ошол акча туура эмес сарпталган деген күнөө коюуда. Бирок бул иш боюнча Жекшенкуловдун мамлекет алдында эч кандай күнөөсү жок, дейт анын жактоочусу Нина Зотова.

- “Дипсервис” боюнча козголгон ишти алсак, Жекшенкулов мунун баарын өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасаткан. Иштин материалдары боюнча мамлекетке келген зыян далилденген жок. Зыянды аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлгөн жок. Аны тергөөчүлөр өздөрү ойлоп таап жатышат.

Жекшенкулов айыпталып жаткан экинчи иш түрк ишкеринин өлүмү боюнча болуп жатат. Күч органдары түрк ишкерин өлтүрүүгө колдонулган курал Жекшенкуловго таандык деген экспертизалык бүтүм чыгарышкан. Нина Зотова бул жерде дагы Жекшенкуловдун такыр тиешеси жок, анткени ишене тургандай экспертиза жасалган эмес дейт.

Жекшенкулов өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып, бийлик тарабынан саясий куугунтуктун курмандыгы болуп жатканын айтып келатат. Бийлик тарап өз кезегинде бул жерде саясий куугунтук жок деген жоопту беришкен. Бийлик менен оппозициянын жыл башында болгон сүйлөшүүлөрүндө Жекшенкуловдун камалган фактысы да козголуп, ички иштер министри аталган саясий ишмердин тапанчасы кылмышка аралашканын экспертиза далилдегенин, экспертизага ишенбегендер аны каалаган өлкөдөн текшертип алышса болот деген жоопту айткан.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун пикиринде, А.Жекшенкуловдун камалышы - бул толук түрдө саясий чечим болгон:

- Муну саясий куугунтук деп гана эсептеш керек. Ошол эле. Ал деген беш айдан бери күнөөсүз камакта отурат. Андай күнөөсүз адамдарды кармап, ушундай абалга жеткирген адамдар жооп бериши керек.

Балыкчыда камалгандар Бакиевден акыйкат чечим күтүшөт

Балыкчы окуясы боюнча камалган 14 киши 12-августта Караколдон Балыкчы шаарына которулду. “Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Райымбек Мамажановдун болжолдуу маалыматына караганда ИИМдин облустук бөлүмү ишти тергөөнү кайра Балыкчы шаардык кызматынын карамагына берди.

23-июлда өткөн президенттик шайлоо маалындагы оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциясын Балыкчы шаардык милициясы күч менен басып, 14 кишини кармап, Караколдогу тергөө абагына жеткирген болчу. Аларга азыр Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, баш аламандык уюштурууга аракет кылды жана шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылууда. Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу камактагылардын апелляциялык арыздарын шаардык, облустук соттор канааттандырган жок.

Балыкчыда кармалгандардын туугандары жана адвокаттары ишти калыс карап берүү жана окуяга тиешеси жок адамдарды бошотуу тууралуу ачык катты мамлекет башчы К.Бакиевге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жолдошкону жөнүндө коомчулукка 13-августта билдирүү жасашты. Камалгандардын туугандары бул иш боюнча соттун чечимин угуп, эгерде алар бошотулбаса, анда митинг жана ачкачылык акцияларын уюштурушаарын эскертишти.

“Ата-Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча төрагасы Райымбек Мамалжанов Балыкчыда камакта жаткандардын төртөөнөн башкасы 21-25 курактагы жаштар экенин белгилеп, аларды "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп камоо акылга сыйбаган иш" дейт.

Жактоочусу Асан Молдогелдиевдин айтымында, Балыкчыдагы окуя сотто келечеги болбойт, анткени кармалгандарга негизсиз оор кылмыштарды илип жатышат :

- Кылмыш жана жаза кодексинин 139, 233, 297-беренелери менен айыптар коюлуп атат. Мындайча айтканда оор кылмыш жасаган дегенге өтүп кеткен. Ар бир берененин мөөнөттөрүн алып көргүлө, он жылдан ашып кетип атат. Менин оюмча, негизи бул коюлган үч берене сотко барганда ордун таппайт. Анткени аларга далилдер керек да.

Камактагы Бакыт Асанакуновдун агасы балыкчылык Сакен Осмонкулов турмушка жаңы аттанган жаштарды мамлекеттик төнкөрүш жасоону көздөгөн деген айыптоо аша чапкандык экенин, алардын азыркы бийлик башында тургандардай болуп, мамлекеттик имаратты талкалап же бирөөгө кол көтөрүшпөгөнүн айтат:

- Ай ушул балдарды неге ушинтишет. Же алар террорчу болбосо, же ошол жердеги терезелерди талкалап, сындырып, же бирөөлөрдү уруп-согуп, сабаса камашса болмок, мамлекеттик төңкөрүш кылган жатышат деп. Мына жанагы ак үйдү деле төрт-беш жыл мурда талкалап, Акаевди, бүт барын кубалап жибергендер президент болуп отурушпайбы. Эми бул балдар бирөөнү урдубу, соктубу, талкаладыбы..?

Абактагылар төрт күн ачка отурушту


Өлкөнүн абак жайларында жазасын өтөп жаткандардын ачкачылык акциясы төрт күнгө созулду. Абактагылардын бул жолку ачкачылык акциясы өткөн айда Чүйдүн Вознесеновка айылындагы түрмөдө отургандарга каршы көрулгөн тартип чараларына карата жооп иретинде болгону айтылууда.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы алгач абактарда ачкачылык акциясы болуп жатканын ырастаган жок, бирок кийинчирээк түрмөлөрдө, колонияларда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын баары бир моюндарына алышты.

Ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыбы же башка себептер болдубу, айтор төртүнчү күнү түштөн кийин абактардагы ачкачылык акциясы токтоду.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, абак жайлардагы каршылык акцияларын алып келе турган толтура себептер бар, анткени бул жакта абал мурдагыдай эле кейиштүү бойдон калууда.

- Башканы айтпаганда, 2005-жылкы болгон окуя түрмөлөрдө, ГУИН системасында чоң кризис бар экенин көрсөтпөдүбү. Биз баарыбыз таң калдык түрмөлөрдө кайдан жүрүп курал-жарак, наркотиктер болуп жатканына. Түрмөгө баргандардын башкача жазылбаган мыйзамдар менен жашап калганын түрмөлөргө кирип-чыкканда көрүп атпайбызбы.

Түрмө эмес, убактылуу кармоочу жайларына да кирсек, ар бир камеранын өзүлөрүнүн кандайдыр бир жазылбаган мыйзамдары бар. Биздин Кыргызстандын мыйзамдары таптакыр иштебейт. Бул эмнени көрсөтөт, бул бизде чынында эле мыйзам иштебейт.

Экинчиден, мыйзамдарды туура иштете турган кадрлар жок МВД, ГУИН системаларында. Мен айтылып келаткан нерселерге кошулат элем, түрмө, ГУИН системасы айрыкча чоң реформага муктаж болуп атат.

Искрада кыргыздар менен дунгандар кайрадан араздашууда

12-августта Чүй районунун Искра айылында кыргыздар менен дунгандардын ич ара араздашууларын териштирген жыйын болуп өттү. Соңку учурларда бул айылда кайрадан эки улут ортосунда чыр-чатак чыгып, улут аралык мам
иле курчуй баштаганы айтылууда.

Кыргыздар дунгандарды ээнбаштыгы чектен чыкты, келиндерди басмырлап, кыздарды сабоого чейин барып жатышат деп айыпташууда.

- 29-майда кызым Бекиба деген дунгандын талаасына жалданып чыккан. Сен пиязды тебеледиң деп небере кызымдын колун чыгара ыргытып, экинчи кызымды аялы экөөлөп сабап, бети-башынын баары көк ала болуптур. Эмне дейт болду экен деп үйүнө барсам “билген жериңе бар” деп кууп чыгышты. Андан бери кайрылбаган жерим калган жок. Эми абал мындан да курчушу мүмкүн. Бул дунгандардын биринчи кылыгы эмес. Мындан төрт жыл мурун мындан жаман абал болгон. Бул жерде таяк жегендер баш болуп баарыбыз турабыз,-деп кыргыз аял келгендерге арызданып жатты.

Эки улут ортосунда чыр-чатактын себептерин териштирүүгө атайы Бишкектен “Асаба” партиясынан, “Ак-Шумкар Кут” “Ашар” уюмдарынын активисттери келди. Ошол эле учурда Искра айыл өкмөтүнүн жетекчиси, райондук укук коргоо кызматкерлери дунгандарга коюлуп жаткан айыптоолорду жокко чыгарып, маселени ырбатпоону өтүнүштү.

Дунгандардын өздөрүнүн айтымында, ортодо талаша турган маселе жок, аларга жөнү жок эле күнөө артып жатышат. Алар чыр чыгууга себеп болгон жаңжалдуу окуяны укук коргоо органдары, аксакалдар соту иликтегенин, мыйзамдуу чаралар көрүлүп жатканын, эки улутту кагыштырбай, керек болсо күбөлөрдү чакыртып, иштин ак-карасын дыкат териштирүү зарылдыгын айтышты.

- Айлананы карасаңар, бизде баары жакшы. Бул жерде бир нече гана адамдын кызыкчылыгы болуп жатат. Алар эмнени каалап жатканы бизге түшүнүксүз,-деди дунгандардын өкүлү.

Искрадагы улут аралык араздашуулардын ак-карасын териштирүү уланууда. Чырга себеп болгон окуяны укук коргоо органдары кайрадан иликтөөгө ала турганын билдиришти. Өз кезегинде айылдык, райондук жетекчилик, аксакалдар дагы улут аралык мамилени курчутпай, тынчтык нукка буруу аракетин көрүп жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG