Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Москва картасын ачтыбы?


Президент Дмитрий Медведев жана “Ар-Намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов

Президент Дмитрий Медведев жана “Ар-Намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого чукул убакыт калган бул жума Кремль өлкөдөгү саясий жана аскердик таасирин күчөтүүгө аракет жасаган окуялар менен коштолду. Кыргызстанда күчтүү президенттик бийликти калыбына келтирүүнү убада кылган кээ бир партияларды өзүнө тартып, айрымдарына карата маалымат чабуулун колдонушу Орусиядан калыстыкты күтүп жатышкан көпчүлүк саясий күчтөрдү иренжитип койду деп белгилешет саясат таануучулар.

Президент Дмитрий Медведевдин жуманын башында “Ар-Намыс” партиясынын жетекчисин жекече кабыл алышы Орусиянын борбордук телеканалдары аркылуу тынбай чагылдырылды. Андан көп узабай эле “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин беделине шек келтирген материалды орусиялык НТВ телеканалы көрсөттү.

Кремль ачык оюнун баштадыбы?

Муну талдоочулар Москванын нускамасынан баш тартып, Кыргызстанда парламенттик башкарууну демилге кылган саясатчыны жазалоо катары баалашты. Анткени президент Д. Медведев буга чейин Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн жактырбаган турумун эки ирет билдирген болчу.

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов расмий Москванын саясий күчтөргө карата мындай бир жактуу мамилеси Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдөн чочулоодон улам болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Өздөрүнө ийкемдүү деп эсептеген биздеги партия жетекчилерин алар Кремлге чейин алып барышып, сыналгыдан ачык эле мактатып жатышат. Муну менен москвадагылар геосаясий кызыкчылыгы өтө чоң экендигин билгизип алышты. Кремль биринчи кезекте жанагы парламенттик башкаруу болбой калса экен деп аябай жанталашып жатат. Анан ошону болтурбайбыз, баш мыйзамды кайра өзгөртүп беребиз деген биздин айрым партияларды колдоп жатышат. Ошондуктан парламенттик башкаруу башка коңшуларга да өтүп кетеби деп коркушууда. Анткени анын таасири бүтүн КМШ мамлекеттерине жана анын ичинде Россиянын өзүнө да кандайдыр бир таасирин тийгизе тургандыгын сезип турушат. Ошондуктан кыргыздар мамлекеттүүлүгүн жоготкону калды деп улам эле биздин үстүбүздөн тон бычып жатышкандыктарынын себеби ушундай.

“Ойт берме” саясат обочолонтпойбу?

Кыргызстандагы шайлоо алдында түздөн-түз кремлчил саясий партиялар менен өз алдынча көп жактуу тышкы саясатты колдойбуз деген партиялар күч сынашып жатышкандай. Ошентсе да Орусиянын таасири күч Кыргызстанда батышка ыктагандар болгону менен Москванын кол баласы болууга ачык каршылык көрсөткөн күчтөр чыга элек. Мурдагы Украинадагыдай же азыркы Грузиядагыдай расмий Москвага ачык каш кайтарган саясий күчтөр Кыргызстанда дээрлик жокко эсе. Алардын көпчүлүгүнүн шайлоо алдындагы программаларында Орусия негизги өнөктөш катары каралган. Бирок ага карабастан талдоочулардын баамында Кремлдин бир партияга басым жасап, ачык колдоого алышы калган саясий күчтөрдү иренжитиши мүмкүн.

Осмонакун Ибраимовдун айтымында, расмий Москва саясий каалоосун таңуулап жатышы анын кызыкчылыктары үчүн кайра тескери жыйынтыктарды бериши күтүлөт:

- Менин байкашыма караганда алардан каржылык жактан да колдоо болуп жаткандай. Бул эми кайра тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени Россия күчкө салып эле бирөө жарым партияга басым жасап, ошолорду түртө берсе, кыргыз улутунун арасында ага карата каршы сезимдерди өздөрү жаратышы ыктымал. Менимче ошондой жараян башталып жатат. Мисалы, гезиттерди карасаңыз Орусиянын акыркы аракеттерине карата нааразылык маанай күчөдү. Россия Кыргызстандагы саясатка карата өтө эле копол жана орой иштеп жатат. Мүмкүн ал жакка барган биздин саясатчылар катуу убада беришип, Кыргызстанды конфедерация кылабыз же туура эле алдыңызга басып беребиз деген сыяктуу сөздөрүн айтып ишендирип салышкандай.

Кандай гана Кыргызстанга байланыштуу эл аралык маселе болсо Россия жетекчилиги ал эгемен өлкөнүн өзүнүн чечими деп, анын өз алдынчалуулугун урматтаган түр көрсөтүп келет. Бирок иш жүзүндө бул маселе теңирден тескери экендиги байкалат. Эл аралык протоколго ылайык бир мамлекет экинчи бир эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө акысы жок. Ошол эле учурда шайлоо маалында кайсы бир саясий партияны ачык колдоп, айрымдарын кол бала маалымат каражаттары аркылуу тепкиге алуусу эл аралык укуктун негиздерин одоно бузуу катары каралат.

“Кыргыз парламенттарийлери коррупцияга каршы” бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев Орусия жетекчилигинин кыргызстандыктардын парламенттик башкаруу тандоосунан күмөн санаган билдирүүлөрүн элдин эркин мазактагандык катары баалады:
- Орусиянын президентинин жанагинтип бир-эки жолу Кыргызстан тууралуу сүйлөгөнү, жумшак айтканда дипломатиялык иш болбой калды. Силерге парламенттик система жарашпайт деп атпайбы ал. Жаманбы-жакшыбы биз өзүбүз жазып Баш мыйзамды, биздин эл өзү кабыл алгандан кийин башка өлкөнүн президенти терс пикирин айтканы дегеле туура болбойт, эл аралык дипломатияда жок андай. Мына президенттин ушундай сөздөрү алардын түрдүү технологияларды колдонуусуна себепчи болууда

Кыргызстандагы орусиячыл күчтөрдү бириктирүү аракети барбы?

“Ар-Намыс” партиясынын тышкары шайлоого катышып жатышкан бир катар саясий партиялар да, парламенттик башкаруу багытын караган баш мыйзамды жокко чыгарып, күчтүү президенттик бийликти кайра калыбына келтирүүгө аракеттенишерин жарыялашкан. Мындан сырткары тышкы саясатта орусиячыл багытты туу тутушаарын бекемдеп келишет.

Мына ошондуктан талдоочу Улан Турдалиев шайлоого чейин же андан кийин москвачыл саясий партиялардын ынтымакка келишип, бул багытта биргеликте аракеттениши мүмкүн экендигин четке какпайт:

- Шайлоого чейинки учурда москвачыл, ошол жактын айткандары менен болобуз деген саясий партиялар бири-бирине бут тоспоо, өз ара ынтымакташуу сыяктуу иш аракеттерди жасашы мүмкүн. Ал эми шайлоодон кийин кандайдыр бир добуштарга ээ болуп чыгыша турган болсо, көбүрөк болсо коалицияга же азырак болуп калса кандайдыр бир фракцияга биригишип, күчтүү президенттикти кайрадан калыбына келтирүү аракеттерин улантышы толук мүмкүн. Булардын кырдаалга жараша өз мерчемдери бар экендиги алардын кыймыл аракеттеринен жана күчөп бара жаткан үгүт иштеринен көрүнүп турат.

Кремлге тең ата өнөктөштөр эмес, улуттук кызыкчылыкты уруп ойнобогондор керекпи?

Анткен менен күчтүү президенттик бийлик жана орусиячыл турум боюнча санаалаш болушканы менен ал партиялардын багыттары жана саясий көз караштары ар түрдүү экендиги байкалат.

Мына ошондой партиялардын биринин төрагасы Адахан Мадумаров “Ар-Намыс” партиясынын лидеринин шайлоонун алдында Москвадан колдоо издеп барганын жактырган жери жок:

- Бул эми ар бир саясатчынын деңгээлине жана улуттук кызыкчылыктарга карата көз караштарына байланыштуу иш. Мени тигил мамлекет колдоп жатат, бул мамлекет колдоп жатат деп коңгуроо каккандары ошондон. Эң негизгиси жараткандын колдоосунан калбаш керек. Анан карапайым кыргыз калкынын колдоосунан калбаш керек. Ошондуктан Кыргызстандын тагдыры четтеги кандайдыр бир күчтөрдө эмес, кыргыз элинин өзүнүн колунда. Ошондуктан ошол тагдырды чече турган эл менен жолугушуш керек болчу.

Ошол эле учурда Москванын бир партияга таяныч катары басым жасап жаткандыгы өздөрүн орусиячыл турумдабыз деп жарыялашкан башка саясий күчтөрдү иренжиткендиги байкалат. Бирок аны Москванын жекече чакыруусу катары эмес, кабыл алууда болгон партия лидеринин жүгүнүүчүлүгү катары карашат.

Күчтүү президенттик бийликти калыбына келтирүү идеясынын демилгечиси катары чыккан дагы бир партиянын теңтөрагасы Садыр Жапаров муну тышкы күчтөргө көзкарандылык түзө турган жагдай катары баалады:

- Биз болсок аларга окшоп жагалданып, алардан колдоо көрүп алып, анан шайлоодон кийин тышкы колдоочуларга милдеткер, карыз болгонду каалабайбыз. Мындай аракетти өз элинен колдоо таба албай, ошого көзү жеткенден кийин, чоң мамлекеттердин жетекчилери менен эптеп жолугушуп, мына бизди бул колдоп жатат, тигил колдоп жатат дегендери ошолордун алсыздыгы.

Москва менен Астананын батасы жарым жеңиш болуп калганбы?

Шайлоону утурлай бир катар ири саясий партиялардын лидерлери Москвага каттап калышкан. Айта кетсек, ай башында Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев Москвада Владимир Путин менен жолугушса, “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Орусиянын президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин менен жолугуп кайтты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев да жакында эле Н.Назарбаев менен көрүштү. “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов болсо Орусия президенти Дмитрий Медведевге жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге да жолукканга үлгүрдү.

Аталган партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жолугушуу Кремлден колдоо издөө максаттында болгон эмес деп эсептейт:

- Ал жерден биздин лидер Россиянын президентинен өзүнө колдоо издеген жери жок. Ал киши ошол мамлекеттен элибизге жардам сурап жатат. Ошон үчүн биздин “Ар-Намыс” партиясы Россиянын “Бирдиктүү Россия” партиясы менен келишим түзүп, кызматташуу тууралуу макулдаштык. Бул жерде эч кандай жеке максаттарга жетишүүгө аракет жок. Муну бурмалабаш керек.

Элдин көзүн боёмологонго болбойт

Бирок бир катар талдоочулар саясий лидерлердин өлкөнүн сырттына чыгып, ири мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушууларын өздөрүн беделдүү саясат катары көргөзүүгө жасаган жандалбасы катары баалашат.

Серепчи Асанбек Сарыбаев сырттан алган колдоо өз элинде кадыр-барк болуп бериши кыйын экендигине токтолду:

- Бул өзү PR технологияга кирет. Анткени шайлоого чукул калганда жолугушуу белгиленип, ал телекөрсөтүүлөрдөн берилип жатат. Бирок эл В. Путин менен, Д. Медведев же Н. Назарбаев менен жолуккандыктары үчүн эмес, ким бүгүн жүктү көтөрүп кете алат, ким улуттук кызыкчылыкты жогору койо алат ошол адамдарга жана ошондой күчтүү идеясы бар партияларга добуштарын беришет. Себеби биздин шайлоочулардын көзү ачылып калды.

Москва аскердик таасирин арттырууга да ашыгып атабы?

Мындан сырткары бул жумада Россиянын Чүй облусунда жайгашкан федералдык чек ара кызматтынын ыкчам тобунун бир бөлүгү Ошко көчүрүлдү. Муну айрым талдоочулар Орусиялык аскер күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүндө аскердик таасирин жайылтууга жасаган аракети катары баалашууда.

Бирок Кыргызстанда болуп кайткан Орусиянын чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев чек ара кеңешчилерин Ошко жөнөтүүнү маңзат аткезчилиги жана мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлүп жаткан чара катары мүнөздөгөн:

- Кыргызстанда гана эмес, аймактагы кырдаал бир топ оор. Эң башкысы чектеш аймактардагы кылмыш топтору күчтөнө башташканы тынчсыздандырат. Бул деген баңгизаттарды ташуу, мыйзамсыз миграция, адам сатуу, мунун баары бир борбордон башкарылып турган бирдиктүү агым. Аймактагы кырдаалдын туруксуздугу мына ушундай кылмышкерлерге, террордук күчтөргө өздөрүнүн терс максаттарын ишке ашыруусуна жакшы шарт түзүп берет. Ошондуктан улуттар аралык же дагы кандайдыр бир башка чыр-чатактарды уюштуруу менен террордук күчтөр аймакта кырдаалды туруксуздаштырууну көздөшөт. Көрүп атабыз, алар кантип чагымчылык кылып, ортого от жагууга аракет кылып жатканы байкалып турат.

Мындан мурда Кыргызстанга Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация келип, аскердик кызматташуу боюнча бир катар келишимдердин долбоорлору түзүлгөн. Анда Орусия Кыргызстандагы аскерий жайларын бир түйүнгө бириктирүүнү көздөп жатканы анык болгон. Федералдык чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев менен биргеликте Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун Кыргызстанга келери күтүлүп, бирок ал белгисиз себептер менен артка жылдырылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG