Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АКШ базасын жабуу - тактикалык утуш, стратегиялык утулушпу?


Кыргыз парламенти “Манас” аба базасын жабыш керек деген чечимди колдоду. Бүгүнкү добуш берүүдө 2 гана депутат базанын чыгарылышына каршы экенин билдиришти.

Жогорку Кеңештин жыйынында авиабазанын айынан Кыргызстан жапа тарткан зыяндар тууралуу кеңири сөз болду. Мисалы, Кыргызстандын бюджетине каражат ырааттуу түшпөй жатканы, кыргыз жараны Ивановдун өлүмү боюнча иликтөө иштери токтоп калганы, базанын офицери эки кыргыз кызын машина менен уруп кеткени, базанын экологияга келтирген зыяны туурасында айтышты.

Акыры базаны Кыргызстандан кетириш керек деген чечимди 78 депутат колдоду. Жогорку Кеңештин чечимине саресеп салып турган коомчулукта азыр ар кандай пикирлер жарала баштады.

“Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев бул чечим Орусиянын кысымы менен ишке ашты, - деп эсептейт:

-Тилекке каршы ошол кысымдын алдында биздин атка минерлер Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албастан, азыркы абалга жараша эле чечим кабыл алып коюшту. Менимче, ГЭС боюнча 2 миллиарддык келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук көздөбөйт. Биз бул жерден уткан жокпуз. Балким убактылуу тактикада уткандырбыз. Бирок стратегиялык маселеде уткан жокпуз.

Авиабаза маселеси каралышы керек деген талап менен чыгып жүргөн “Ашар козголушу” коомдук кыймылдын өкүлү Мирзат Ажиев Жогорку Кеңеш чечимин “жогору жактан болгон көрсөтмөнүн негизинде гана кабыл алгандыгы өкүнүчтүү” деди. Ошондой эле ал чечим натуура мезгилде, Орусиядан каражат ала турган учурда, шашылыш кабыл алынгандыктан коомчулукта түрдүү пикирлердин пайда кылды дейт:

-"Ак жол" партиясы мурун өз алдынча элдин үнүн угуп, чечим кабыл ала алчу эмес. Партиянын жетекчиси өлкө башчысы болгондон кийин, чечим байланма чечим болуп калды. Бул абдан өкүнүчтүү.Чечим эрте же башка мезгилде чыкса болмок. Азыр Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы акча маселеси козголгон учурда чечим чыгып калды. Ал жагынан алганда, “мына Орусиянын ошондой шартына көнүп жатабыз. Демек базаны чыгарыш керек” деген көз караш жаралып калды да.

Жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев болсо "Манас" аба базасынын чыгырылышы айдан ачык нерсе болуп калгандыгын жана буга ал таң калбай турганын айтат. Анын оюнда, эми Кыргызстан тышкы саясатта субъект эмес, объект катары каралып калышы мүмкүн. Ага кошумча Кыргызстандын экономикасына бул чечим оор залакасын тийзет:

-Базанын Кыргызстанда тургандыгы чет элдик инвесторлорго кандайдыр бир деңгээлде гарант болуп тургандай сезилчү. Азыр болсо, базанын кетип жаткандыгы аларды да кооптонтуп коюшу мүмкүн. Бул биздин экономикалык абалыбызга терс таасирин тийгизет.

“Ак шумкар Кут” жаштар уюмунун лидери Мирхамид Токтогул уулу бул чечимдин эки жагын белгилейт. Анын айтуусунда, бизге донор болуп келген уюмдар түздөн-түз Америкага көз каранды. Ошондуктан бул жагынан Кыргызстан алардын кысымына кабылышы мүмкүн. Экинчи жагынан Кыргызстан мындай чечими аркылуу Орусия менен түздөн түз кызматташкан өлкө катары багытын аныктады деп эсептейт:

-Эми жаманбы-жакшыбы Орусия менен мурдатан бери алакабыз болуп келген. Керек болсо алар 180 миллион долларды кечип койду. Бирок Орусия Американы бул чөлкөмдөн чыгаруу үчүн болгон аракетин жасайт эле, айткандай эле жасады. Анын бири бул 2 миллиард инвестиция. Аны жөн эле берген жок. Биз Камбаратанын жарымын, "Дастандын" акцияларын берип жибердик. Бул кызматташуу эмес эле көмүскө саясий экспанция болуп калды десек да болот.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев “Манас” авиабазасы жабылаары тууралуу 3-февралда Москвада билдирген. “Итар–Тасс” маалымат агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берген президент, бул кадамын экономикалык мүнөздөгү маселелер жана АКШнын аскердик базасы жергиликтүү коомчулукта терс мамилени жаратканы менен байланыштырган.

Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев базаны чыгаруу чечими мурунтан эле бышып жетилип, 2-февралда өкмөттүн жыйынында кабыл алынгандыгын билдирди.

Эми парламент өзүнүн чечимин мамлекет башчысына жиберет. Президент 10 күндүн ичинде аталган документке кол койгондон кийин, база Кыргызстандан жарым жылдын ичинде чыгарылышы керек.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG