Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

"Манас" эпосу депутаттардын талкуусунда


13-январда Жогорку Кеңештин “Ак-Жол” фракциясы “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун оозеки рухий мурастар тизмесине Кытайдын атынан киргизилгендигин кайрадан карады. Депутаттар көлөмү жагынан дүйнөдө биринчи орунда турган бул оозеки чыгарманы кыргыздыкы болгонун далилдөө маселесин көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин “Ак-Жол” фракциясы “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү” боюнча мыйзам долбоорун карашты. Мында депутаттар бир катар маселелер менен бирге “Манас” эпосун сактап калуу жолдорун талкуулашты. Адистер бул маселе качан бардык бийлик структуралары бирдиктүү иштегенде гана чечилерин белгилеп келишет.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз элинин алп эпосу «Манас» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан эмес Кытай Эл Республикасынынын атынан кирген. Бул кыргыз коомчулугунун намысына тийип, бул катачылыкты оңдоп, мамлекеттик деңгээлде ЮНЕСКОго кайра сунуштоо керектигин билдирип чыгышкан. Аталган уюмга кат да жолдонгон.
"Манасты" баары талашкан. Казактар да, өзбектер да талашкан.


Депутат Нарынбек Молдалиев фракция жыйынында эртерээк эске келип, аракеттер көрүлбөсө чоң, руханий нерседен айрылып калышыбыз мүмкүн деген маселени кабыргасынан койду.

- "Манасты" баары талашкан. Казактар да, өзбектер да талашкан. 1956-жылы илимий-практикалык жыйында Мухтар Ауэзов “Манас” кыргыздыкы болсун, “Алпамыс” поэмасы казактыкы болсун деп чек коюлган. Мисалы, башкырлар кымыз биздики деп патент чыгарып коюшту. Кымызды кыргыздар элүү миң жылдан бери ичип келе жатабыз. Эмне кылсак дагы кылым карытып келаткан “Манас” эпосун сактап, биздики экенин далилдеп калбасак, анда биздин рухубуз чоң нерседен айрылып калат деп айтар элем.

Руханий мурастарды ким коргойт?


Ал эми Мамлекеттик патент кызматынын директору Улан Мелисбек уулу эпосторду интеллектуалдык менчик катары Кыргызпатент коргой албасын, эл аралык практика башкача экенин айтып өттү. Ал ошондой эле бул маселени Маданият агенттиги көтөрсө туура болот деген пикирин да билдирди. Бул жетекчи менен депутаттар ортосунда бир аз акыйнек айтышууга алып келди.

Улан Мелисбек уулу: ЮНЕСКОго Кытай мамлекети, Кытай өкмөтү берип жатат. Биз президентке караштуу кичинекей илимий-техникалык органбыз. Эгер бизге ошондой укук берсе, биз да кайрылалы. Кыргызстан ЮНЕСКОго кайрылышы керек.

Нарынбек Молдалиева: - Кыргызпатент Кыргызстандан тышкары, башка жерде жашайсыңарбы? Президентке баш ийесиңерби, өкмөткөбү, парламенткеби - кеп анда эмес. Башкысы - бирдикте иштеп, кыргыздын кызыкчылыгын коргогула. Мисалы, ЮНЕСКОго каттоо үчүн кытайлыктар берди да, силер эмес. Силер бербейсиңерби, уктап жатпай. Аныкы эмес, мунуку эмес дебей, бирдикте иштегиле деген эле сөз.

Депутат Бегалы Наргозуев Кыргызстанда “Манас” эпосунун бир нече варианты бар экенин, ар бир манасчы өзүнүн айтуусу боюнча автор катары эсептелерин айтып, “манасчылардын автордук укугу катталабы”,- деген суроо узатты. Кыргызпатент жетекчиси болсо “Манас” эпосуна автордук укук берилбей тургандыгын айтты:

- Эгерде автор дүйнөдөн өтсө, мураскерлерине алардын укуктары өтүшү керек. Бирок биз аларга укукту таңуулай албайбыз. Бул - жалпы кыргыз элинин эпосу. Ошон үчүн бул маселенин автордук укук мыйзамына эч кандай тиешеси жок.

Садык Шер-Нияз
Сөздөн ишке өтүү мезгили

Ал эми кыргыздын төкмө акындык жана дастанчылык өнөрдү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө салым кошкон, “Манас” эпосун кайра сунуштоо демилгесин көтөргөн коомдук ишмер Садык Шер-Нияз кайым айтышып отуруудан майнап чыкпай турганын белгилеп келет.
Эгерде автор дүйнөдөн өтсө, мураскерлерине алардын укуктары өтүшү керек. Бирок биз аларга укукту таңуулай албайбыз.


- Иштешибиз керек. Биз минтип чогула бергенде, бири-бирибизге күнөө айта бергенде мындан эч кандай майнап чыкпайт. Ишти бирдиктүү, конструктивдүү алып барыш керек. Бирок ал иштер да болбой жатат, себеп дегенде ЮНЕСКОнун башкы катчысы болобу, же өкмөт болобу, чоң берүү уюштуруп, ошол жерге жоопкерчиликтүү кишилер келип, элдин астына так айтышы керек. Эл мына бул датада киргизебиз деген так жооп уга албай жатат.

Кыргызстан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү үчүн өзүнүн билдирүүсүн 2000-жылдары эле берген. Бирок анда ЮНЕСКОнун катчылыгы «Манас» дүйнөлүк коомчулукка жакшы эле таанымал экендигин белгилеп, буга жакыныраак башка демилгени көтөрүүнү сунуштаган. Ушундан кийин кыргыздын төкмө акындык жана дастанчылык өнөрү 2003-жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Депутаттар 2010-жыл Мурас жылы деп жарыяланганын белгилешип, ушундан пайдаланып “Манасты” ЮНЕСКОго кыргыздын атынан кайрадан сунуштоо демилгесин көтөрүп жатышат.

"Ыңгайсыз суроолор": "Манас" жана кыргыз. 1-б
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
XS
SM
MD
LG