Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшенбек Абдырасаков «Манас» эпосу менен бирге, кыргызды кыргыз кылып келген колдонгон буюмдарынан тартып, музыкалык аспаптарына, кийим кечелерине, улуттук тамактарына чейин кыргызга таандык кылып патент алып, ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.

Айрым эксперттер буларды патент алуу менен эле муундан муунга сактап кала албай турганын айтып, анын башкача формаларын кароо зарылдыгын белгилешүүдө.

Депутат Бейшенбек Абдырасаков парламент жыйынында көчмөн кыргыз элине тиешелүү бардык маданий, руханий байлыктарды энчилеп койбосо кыргыздар баарынан кол жууйт деген ойдо:

- “Манастан” баштап кыргыздын болгон руханий байлыгы, кылымдар бою келген нерселерди кийинки муунга мурас кылып калтырып, дүйнө элдери талашпас үчүн аларга патент алып коюшубуз керек. “Манасты” кытайлар “биздики” деп атса, эртең ак калпакты казактар “биздики” десе, бүрсүгүнү боз үйдү монголдор “биздики” десе, биздин болгон байлыгыбыз башка улуттардыкы болуп калат деген коркунуч бар.

Б.Абдырасаков “Азаттыкка” бир гана маданий мурастар эмес, ал тургай тарыхый жайларды патенттеп, тарыхтын өзүн сактап калууга аракет жасалышы керектигин айтты. “Болбосо башка улуттар кыргыздын оюндарын гана эмес, тарыхын да менчиктештирип жатат”, - дейт эл өкүлү.

- Казактар көчмөндөр жөнүндө кино тартып, калмактарды казактар кууган деп көрсөтүп койгон. 625-жылы Манап бий башында туруп калмакты кыргыздар кууп чыккан. Аны да булар менчиктештирип алышты. Ал тургай “Троя” деген тасмада кыргыздын боз үйлөрү тигилип турат, ал убакта монгол, казак улуттар жок болчу. Мына ушуларды тарыхый тасмалар, жазылган китептердин негизинде аныктап, тактап, патент алып коюшубуз керек. Кийин кеч болуп калат. Андан сырткары грек жаңгагы деп жатышпайбы? Ал грек эмес эле кыргыз жаңгагы. Гректер Кыргызстанга келип, анан дүйнө жүзүнө таркаткан. Муну да ЮНЕСКОдон өткөрүшүбүз керек.

Деген менен айрымдар кыргыздын маданий мурастарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү менен эле муундан муунга сактап калабыз дегенге кошулбайт. “Ак Шумкар-Кут” жаштардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирхамид Токтогул уулу кыргыздын тарыхын, улуттук оюнун, салт-санаасын сактоонун башка формасын караш керек деген пикирде.
“Троя” деген тасмада кыргыздын боз үйлөрү тигилип турат, ал убакта монгол, казак улуттар жок болчу. Мына ушуларды тарыхый тасмалар, жазылган китептердин негизинде аныктап, тактап, патент алып коюшубуз керек.


- Патент алганда эле маселе чечилип калаарына көзүм жетпейт. Анткени жалпы көчмөн дүйнөдө кымыз, ат чабыш, боз үй, тайганчылык ж.б. дегендер бар. Аны мурастап калган эл кайсы, маселе ошондо. Мурас калтыруунун бир эле формасы бар. Ал – такай жана дайыма улуттук оюндарды, салт санааларды колдонуу, керек болсо таңуулоо, ошол аркылуу тарбиялоо. Ал үчүн коомчулукту чакыруу, бул мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүүчү чоң саясат да.

Кыргызстан шериктеш өлкөлөрдүн ичинен “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган биринчи өлкө. Бул мыйзамга ылайык улуттук буюмдардын өзүн эмес, алардын жасалуу ыкмасын коргой алат. “Кыргызпатенттин” экспертиза жана салттуу билим секторунун жетекчиси Динара Оморбекова ошол эле боз үй, калпак, тогуз коргоол, ордо сыяктуу улуттук оюндардын башка өлколөрдөн айырмачылыгын эске алып каттоого алса боло турганын билдирди. “Ал эми ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү башка маселе”,- дейт Д.Оморбекова.

- Боз үй, калпак дегендердин бардыгы - салттуу билимдер. “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, улуттук буюмдардын өзүн эмес, алардын жасалуу ыкмасын коргой алат жана каттайт.

Буга чейин мындай маселелерди Кыргызстандагы ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссия тактап, карап келген. Бирок башкаруу системасын реформалоого байланыштуу бул комиссия жоюлуп, анын милдетин Маданият агенттиги аткара турган болгон. (Реформага байланыштуу Маданият министрлги жоюлуп, ал агенттик болгон). Аталган комиссияны жетектеп келген Жыпар Жекшеев агенттик ЮНЕСКОнун иштерин аткара албайт деген пикирде. Анын айтымында, улуттук комиссия жоюлгандыктан мындай иштерди кабыл алуу дагы кыйынга турат.

- Комиссия жоюлгандыктын көптөгөн долбоорлор ишке ашпай калышы толук ыктымал болуп калды. Ал эми мурастар маселеси боюнча, ЮНЕСКО биз каалаган нерселердин барын эле кабыл алып, тизмеге киргизе бербейт. Ар бир нерсени өзүнчө номинацияга даярдаш керек. Бул да абдан кыйын иш. Кайсы бир жоголуп бараткан коркунучу бар өнөрлөрдү, маданий мурастарды кабыл алат. Ал эми Кыргызстанда андай коркунуч азырынча жок го.


Депутат Б.Абдырасаков курамына окумуштуу, илимпоз, тарыхчы, археологдор кирген комиссия түзүлүп, бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши зарылдыгын белгилейт. Ал бул багытта өкмөткө протоколдук тапшырма да берген. Ал кандай өнүттө чечилет - аны убакыт көрсөтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG