Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:58

“Манас” транзиттик борборундагы америкалык аскерий учактарды күйүүчү май менен камсыздоого катыштыгы бар ишканалар жемсөөлүккө аралашкан деген азыркы кыргыз бийлигинин ырастоосу канчалык негиздүү?

“Вашингтон Посттун” кабарчысы Энди Хиггинстин изилдөөсү береги сөздү бышыктабайт. АКШ Конгрессинин атайын комиссиясы да транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоого тиешелүү келишимдерди жана башка документтерди изилдеген соң 3 млрд. доллардык келишимди аткарууда мыйзам бузуулар болбогонун аныктаган. Бул жөнүндө 29-октябрда Нью-Йорктун "Харриман" борборунда өткөн талкууда да айтылды. "Азаттыктын" кабарчысы талкуунун катышуучусу, ньюйорктук адвокат Скотт Нортонго айрым суроолорду узаткан.

- Нортон мырза, АКШ Конгресси жүргүзгөн иликтөө “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздаган "Mina Corp" жана "Red Star Enterprise" компаниялары эч кандай мыйзамсыз иштерди жасабаганын көрсөткөнүн “Вашингтон пост” кабарлады. Бул эки компаниядан шектенүүгө эмне негиз болду деп ойлойсуз?

Скотт Нортон: Кыргыз өкмөтү "Mina Corp" жана "Red Star Enterprise" компанияларын эч кандай так маалыматты көрсөтпөй айыптаган болчу. Кыргыз бийлиги мурдакы президент Бакиевдин үй-бүлөсү авиа келишимдерден түшкөн акчага туйтунуу үчүн алиги
Президент К. Бакиев АКШнын "Манастагы" авиабазасын жабуу үчүн добуш берүүдө. 19-февраль 2009
компанияларды көзөмөлгө алууга аракет кылган деп айыптап чыккан.

Ырас, өткөн жума күнү АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбор Азия боюнча Ак Үйдөгү директору Курт Донэлли өз билдирүүсүндө Бакиевдер пайда көргөн деген сөздө анча-мынча чындык болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок бизде "Mina Corp" жана "Red Star Enterprise" компаниялары Бакиевдерге коррупциялык төлөм жаатында байланышканын тастыктаган өзгөчө бир маалымат жок.

- Президент Роза Отунбаева сентябрда Нью-Йоркто АКШ лидери Барак Обама менен кездешкенден мурда “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоодо россиялык-америкалык орток ишкана түзүүнү сунуш кылган эле. Мындай ишкана түзүү борборду май камсыздоону жакшыртабы? Же эмне үчүн зарыл?

Скотт Нортон: Менимче, Роза Исаковнаны кыжаалатка салган эки чоң нерсе бар. Биринчиден, ал “Манас” транзиттик борборуна байланышкан келишимдерде ар кандай жемсөөлүккө жол бербөөнү каалайт. Экинчиден, президент Отунбаева АКШ жана Россия ортосунда борборго байланыштуу тирешүүлөрдүн болушун каалабайт. Бул өтө туура аракет. Ошентип Отунбаеванын сунушу “Манастагы” борборду күйүүчү май менен камсыздоодо россиялык компанияларды өнөктөш кылып алууну көздөп жасалды. Ал Россия буга макул болорунан күмөн санаган эмес.

Анткени келишимге тартылчу “Газпромнефттин” ээси өкмөт. Бул идеяны президент Отунбаева АКШ президентинин Евразия боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфолл Бишкекте болгон кезде аны менен да талкуулаган.
Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаева жана АКШ президенти Барак Обама, Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2010

Менимче, бул сунушту Макфол колдоого алган. Ошон үчүн кийин АКШ тараптын сунуштан артка качканы Кыргыз президенти үчүн күтүүсүз болду окшойт. Анын демилгечиси Ак Үй же президент Обама болбогону айкын. Буга Борбор Азиядагы логистикалык камсыздоолор үчүн жооптуу Борбордук командачылык (Cencom) каршы чыкты. Борбордук командачылык жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоодо россиялык компаниялар менен иштегенден көрө өз адамдары менен иштегенди оңдуу көргөнүн билдирди. Арийне, күйүүчү май Россиядан келгендиктен “Манастагы” учактарды күйүүчү май менен тейлөөгө россиялык ишканалар да катышып жатканы талашсыз. Ошон үчүн сунушту четке кагуу эч нерсеге таасир этпеди.

- Кыргызстандагы айрым москвачыл партиялар парламенттик шайлоо учурунда “Манас” транзиттик борборун жабуу керек дегени маалым. Сиздин баамдашыңызча, алар өкмөткө келсе, транзиттик борбор жабылабы?

Скотт Нортон: Мен эки жума мурда Бишкекте болгон кезде оппозициячыл партиялардын бир нече өкүлү менен баарлашып көрдүм. Алар шайлоо өнөктүгү учурунда жасаган билдирүүлөрү менен транзиттик борборду токтоосуз жабуу ортосундагы айырма бар экенин айтышты. Ырасында, Москва транзиттик борборду жабууга каршы деле эмес. Москва, менимче, Кыргызстанда америкалык аскерий базанын туруктуу болушуна каршы. Көпчүлүк кыргыздардын пикири да ушундай деп ойлойм. Анткен менен кыргыз оппозициясы АКШнын Ооганстандагы аскерий операциясын камсыздоодогу маанилүү транзиттик борборду келерки эки жылда жабарына ишенбейм.

- АКШ жыл сайын “Манас” транзиттик борбору үчүн 60 миллион доллар төлөйт. Нортон мырза, ошол акча кайда жумшалууда деп боолгойсуз?

Скотт Нортон: Маселе, мурда борбор үчүн төлөнгөн акчалар жөнүндө ачык маалыматтын жоктугунда. Мен билгенден Роза Отунбаева АКШ өкмөтүнү бардык төлөмдөрдү ачык-айкын жүргүзүүгө чакырган. Ак Үй болсо “Манастагы” борборго байланыштуу төлөмдөр Бишкектеги АКШ элчилигинин сайтына жарыяланат деп билдирген. Бирок ал маалыматтар элчиликтин Интернеттеги сайтына алигече чыга элек. Бул өтө маанилүү маселе. Себеби төлөмдөр боюнча маалыматтар ачыкка чыкса, акча кайдан келип, кайда кетип жатканын кыргыз коомчулугу да билип-көзөмөлдөп турат.

- Маегиңизге ырахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG