Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Орус эксперттери «Манастын» жабылышы жөнүндө


«Манас» аба майданындагы АКШнын базасынын жабылышы кыргыз-америка мамилелерин кандай нукка бурушу мүмкүн? «Азаттык» орусиялык эки белгилүү экспертти кепке тартты.

Биз пикирин сурап кайрылган эки эксперт тең Кыргызстанда АКШнын жетекчилигиндеги коалициялык күчтөрдүн аба базасы жабыла турганы тууралуу кабарды «көптөн бери күтүлгөн маалымат» деп аташты.

Павел Фельгенгауер – орусиялык аскерий эксперт: «Биздин аскерий жааттагы адамдарга бул база көптөн бери эле жакпай келген. Ал Кытайга да жакчу эмес. Кытайдын өзөктүк полигондору базадан алыс эмес жерде жайгашкан. Андыктан Американын базасы Борбор Азиядан Ооганстанга жүк ташып гана тим болбостон, Орусияга жана Кытайга электрондук-чалгындоо иштерин да жасай алмак».

Фельгенгауердин айтымында, бул окуя кыргыз-америка эмес, орус-америка алакаларына зор сокку болчудай. Анткени базанын жабылышын мурдатан бери эле Москва талап кылып келди.

«Москва азыр АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын администрациясынын тышкы саясаттагы негизги аракеттерине каршылык көрсөтүп жатат десек болчудай, - дейт аналитик. - Анткени Ооганстандагы аракеттерди Обама өзүнүн негизги алгылыктуу багыты катары атаган. Ага карабай Москва, өз акчасын колдонуп, Бишкекти бул кадамга барууга мажбур кылды. Бул – орус жетекчилиги, атап айтканда, президент Д.Медведев менен өкмөт башчы В.Путиндин, Америкага жасаган ачык чакырыгы».

Бул – Орусиянын АКШга ачык чакырыгы!
Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, Москвадагы «Карнеги» корунун аналитиги Алексей Малашенко болсо АКШ мында кескин аракеттерге барбайт деп ишенет. «Президент Барак Обама өтө этият адам, - дейт эксперт. - Андыктан Борбор Азия менен кызматташуусун уланта бермекчи. Ал эми орус-кыргыз мамилелерин алганда АКШ базасынын жабылышы эки тарапка тең утушка турду».

«Менимче, бул окуя «Бакиев Батыш менен, же Америка менен тил табыша албады» дегенди билдирбейт. Вашингтондогулар Бакиевдин чечимин түшүнүү менен кабыл алышты деп ойлойм, анткени алар Кыргызстанды «багууну» каалашпайт. Бул жерде болсо Орусия Кыргызстанга чоң суммадагы кредит бере турганы айтылып жатат. Ошондуктан Кыргызстан менен Кошмо Штаттары ортосунда кызматташтык кадимкидей эле улана берет. Буга себеп көп. Бир жагынан, Ооганстан проблемасын алалы, экинчиден, Москва азыр Ташкен жана Душанбе менен деле өтө жылуу мамиледе эмес», - деди Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Алексей Малашенко.

Анын ишениминде, Орусия менен Өзбекстандын алакалары учурда анча деле жакшы нукта өнүкпөй келет. Кыргыз-өзбек тараптардын чек-ара, газ, суу, миграция жана башка маселелер боюнча пикир-келишпестиктерин эске алганда, Орусия азыр Кыргызстанга көбүрөөк жакын.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG