Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Москвада мигранттардан акча талап кылган полициячы кызматтан кетти


Москва.
Москва.

Полиция кызматкери Евгений Ланщиков 13-февраль күнү аялы менен бара жаткан кыргызстандык мигрантты токтотуп, документтерин текшерген. Текшерүү учурунда “аялыңдын документи жайында эмес” деген жүйө менен жубайларды полиция бөлүмүнө алып келген. Ал жерден полиция кызматкери ишти “жөнөкөй жол менен чечүүнү” сунуштап, ал үчүн мигранттардан 1500 рубль сураган. Буга макул болбогон мигрант прокуратурага кайрылып, полиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, ал эми акча талап кылган полициячы кызматтан кеткенин Москва прокуратурасы маалымдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG