Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Беларуста салык мыйзамына каршы демонстрация өттү


Витебсктеги нааразылык акциясы.
Витебсктеги нааразылык акциясы.

Беларусиянын Гомел шаарында жүздөгөн демонстранттар “коомдогу мителик” көрүнүшүн токтотот деп мүнөздөлгөн мыйзамга нааразылык билдирип көчөгө чыгышты. Бийликтен алдын ала уруксат алынбаса да 19-февралдагы акция тынч өттү. Ага бардык курактагы адамдар катышканы кабарланды.

Жылына 183 күндөн аз иштеген жарандарды 200 доллардай салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга каршы петицияга 60 миңдей адам кол койду. Президент Александр Лукашенко бул мыйзам “коомдогу мителик” көз карашты жок кылат деп айткан.

17-февралда баш калаа Минскте да эки миңдей киши нааразылык акциясын өткөрүп, алардын айрымдары президент Александр Лукашенкону сындаган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Расмий маалыматка ылайык, азырынча мыйзамды аткарышы керек болгон 430 миң беларус жаранынын 10 пайызы гана айтылган салыкты төлөштү.

XS
SM
MD
LG