Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Учурунда Акаевдин оң колу катары эсептелип келген коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов эмне себептен 2005-жылы ошол бийликке каршы турганын “Азаттыкка” берген маегинде айтып берди. Дастан Сарыгулов Ыңкылаптан соң мамлекеттик катчы кызматын аркалаган. Ал ыңкылаптын башкы максат-талаптары аткарылбаса да Акаевдин бийликти таштап чыгып кеткенин ийгилик деп эсептейт.

“Азаттык”: - Дастан мырза, 2005-жылдын мартында Акаев бийлигине каршы турган адамдардын катарында болдунуз. Бирок Акаевдин учурунда да анын оң колу болуп жүргөнүңүз айтылып келет? Оппозицияга кирип, мурдагы бийликке каршы чыгууга эмне түрткү болду?

Дастан Сарыгулов: - Мен министр болгон жокмун, бийликтин аткаруу бутагынын биринде да иштеген жокмун. Чарба багытында, алтын кен тармагын жетектеп келдим жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайландым. 1997-жылдан баштап ЖКда тынбай калыс сөзүмү айтып, жерге жеке менчик киргизүүгө каршы, Акаев жүргүзгөн кадр саясаты элдин талабына жооп бербейт деп ачыктан-ачык айтып келдим.

Албетте мен куугунтукка учурадым. Бир жарым жыл тынбай текшерүү болуп, жыйынтыгында эч нерсе таппай коррпоративдүү башкаруу киргизилгенине ылайыктуу кызматыман бошотушту. Ак жеримен мага кылмыш иши козголду. 1999-жылдан бери мага козголгон кылмыш иш жабылбай келди.

Алты жыл саясий куугунтукта жүрдүм. Ошондо эле Акаевдин саясаты кыргыз элинин келечегине төп келбегенин, кыргыз элинин пайдасына шайкеш келбегенин ачык айтып келдим.

“Азаттык”: - 24-мартта окуя ушундай өзгөрөт, Ак үйгө кирип барабыз деп күттүңуз беле?

Дастан Сарыгулов: - Менимче жалаң эле мен эмес ошол окуяга катышкандардын бири дагы окуя ушундай болуп кетет деп ойлогон да, күткөн да эмес. Биздин негизги максат – ошол убактагы президент дагы бир мөөнөткө өзүнүн талапкерлигин койбойм деген убадасын алыш керек эле. Ошондо ак шапкечендер элге таш ыргытпаса, таяк менен уруп, сабабаса Ак үйдү алуу болбойт эле деп ойлойм. Кыргызстан тарыхында эл башындагы адам элин дагы, мекенин дагы таштап кеткен окуя эгерим болгон эмес. Кыргыздын узун тарыхында ушундай шермендечилик биринчи жолу болду. Бул Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине абийир алып келип бербейт.

“Азаттык”: - Сизди ошол кезде Таласта көтөрүлгөн элдин башында турган киши катары санап келишет? Чындыгында ошондой болду беле?

Дастан Сарыгулов: - Жалаң эле Талас элин эмес, жалпы кыргыз элин үндөп келдим. Март ыңкылабынын ийгилигинен кийин биз аэропортто жашыруун жиберилген Ак үйдүн катын алдык. Анда “Эгерде ушул тизмеде көрсөтүлгөн адамдардын бирөө келип силередн билет алам десе, күч органдарга кабарлагыла. Булар мамлекеттик төңкөрүштү жасоо максатында кылмыш ишке тиешеси бар деп биз тараптан камакка алынышы керек”, - деп жазылыптыр. Ошол тизмедеги алты адамдын бири менмин. Ал кат алигиче колумда.

“Азаттык”: - Ыңкылаптан соң мамлекеттик катчынын кызматын аркаладыңыз. Ошол кезде көптөрүнө ыңкылапка катыштыгы бар үчүн кызмат берилген деген кептер да жок эмес? Бул жаатта сиздин оюңуз?

Дастан Сарыгулов: - Акаев доорундагы бийликте жүргөн адамдардын көбү 24-мартта өздөрү кызматты таштап кетип калбадыбы? Анын үстүнө ал адамдардын 80% элдин кыжырын келтирип, элдин нааразылыгын туудурган жетекчилер облуп калды да. Албетте, аларды башка кызматчылар менен алмаштырууга туура келди. Себеби эл жаңыланууну талап кылды. Жаңылануу болсо жетекчилерден башталат. Бул өлкөдөгү кырдаалдын талабына ылайык келген чечимдер болуп калды.

“Азаттык”: - Акаевди бийликтен кетирүү үчүн күрөшкөн адамдардын көпчүлүгү ыңкылап максатына жеткен жок деп айтып атышат. Сиз кандай ойлойсуз?

Дастан Сарыгулов: - Чындык сөз дайымы ачуу болот. Эл күткөн, эл тилеген өзгөрүүлөр болбой калды. Муну ачык айтыш керек. Мисалы, Аксы окуясына күнөлүүлөр толук жоопко тартылган жок. Акаевдин үй-бүлөсү, жакындары, туугандары мыйзамсыз менчиктештирип алган мүлк элге кайтарылып берилбей калды. А түгүл Акаевдин доорунда болбогон элди жарыксыз калтыруу болгон эмес. Үзөңгү-Кууштан кийин мекенибизди кемитпейбиз деп ойлодук эле. Тилекке каршы, Каркыра берилип кетти. Мына ушундай терс көрүнүштөр орун алып калбадыбы? Ыңкылапта эл коомдо адилет го, Акаевдин терс көрүнүштөрүнө жол берилбейт го деп үмүт арткан. Бирок ошолордун ишке ашпай калгандыгы ачуу чындык.

“Азаттык”: – Мамлекеттик катчы болуп турган учуруңузда президент, башка бийлик өкүлдөрү менен ушул маселелерди, ыңкылаптын максат-талаптарынын аткарылышы туурасында сүйлөшүп, айтып, эскертип турчу белеңиз? Же мамлекеттик кызмат оруну деген гана аталыш болуп калдыбы?

Дастан Сарыгулов:
- Жок. Абдан көп учурларда биз ушул маселени күн тарбине улам кайталап коюп келдик. Инаугурациядагы, анын эртеси күнү 800 адам менен болгон жыйындагы президенттин сөзүндө улут, нарк, салт, ыйман, абийир деген сөздөр айтылган. Мына ошого менин түздөн түз тиешем бар, ошол сөздөрдү мен даярдагам.

Андан сырткары бир топ тил кербени, кыргыз маданий көчү, жүздөн ашуун маданий долбоордун демилгечиси мен болуп келгем. А түгүл ата-бабаларыбыз башынан түшүрбөгөн ак калпакты биз киели дегенге чейин бардым. Бирок Баш мыйзам боюнча мамлекеттик катчы эч бир укугу жок, колунан эч нерсе келбеген кызмат экен.

Баш мыйзамда “Мамлекеттик катчы жобонун негизинде иштейт” деп жазылып турат. А жобону президент бекитет. Каалайбы алып таштайт, каалайбы угат, каалабаса укпайт. Ошондуктан бара-бара мен көрүп, башындагы максат, берген убадаларынан бийлик улам алыстай баштаганда кызматты өткөрүп, кызматыман кетип калдым.

“Азаттык”:
- Ыңкылаптын максат талаптары аткарылбагандан кийин элди алдыга сүрөп, окуяга катышканыңызга өкүнбөйсүзбү?

Дастан Сарыгулов: - Андай өкүнүү жок. Себеби бул да тажырыйба. Ошондогу болгон окуя да кыргыз элинин көзүн ачып атат. Азыр кандай башкаруу керек экенин билип калышты. Элге элдик башкаруу керек. Өкүлчүлүк, депутат болуу, министрлерди бекитүү, деги эле президенттик түзүлүш өзүн актабай баратат.

Биз ата-бабадан калган элдик курултайды калыбына келтирип, ким болбосун президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жыл сайын курултайдын алдында жооп берип, канааттандырылбаса кетиш керек. Эч кимдин алдында жоопкерчилигин сезбеген бийлик сөзсүз кыска мөөнөттө чирийт.

Мен эч качан өкүнбөйм. Эң кур дегенде Акаевдин бийликтен кеткени бир ийгилик болду. Анктени ал чегинен кыйла ашып, өзүм билемдикке өтүп алган. Бирок Акаев кетсе, андан кутулсак эле турмуш оңолуп кетпейт экен да...

“Азаттык”: – Бириккен элдик кыймыл 27-мартта республика боюнча акция өткөрө турганын айтып жатат. Сиз ага катышасызбы?

Дастан Сарыгулов: - Акцияны уюштургандар менен менин бир жерде көз карашым дал келбей турат. Эмне үчүн саясаттан да жогору турган мекен, улут деген сөздү айтпайсыңар, оозуңарга албайсыңар, эмнеге кыргыздын тарых, рухий дөөлөт, салт деген сыяктуу улууктан сөз козгобойсуңар деп оздөрүнө да айтып жатам.

Ушул жагынан алганда мен алар менен пикирлеш эмесмин. Бирок адилетсиздик дагы деле орун алды, жетекчилерди дайындоодо дагы деле калыстык мамиле жок. Жарык маселеси, убада берилген менен дагы деле алтын кени иштетилбей жатат, салык кодекси... булар элдин кызыкчылыгына жооп бербейт. Албетте, булар бийликке аброй алып келбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG